Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:11

Сахилл: Бирмадан келди деген сүрөттөрдүн 80% жасалма


Чеченстанда Бирмадагы окуяларга карата нааразылык акциясынан бир көрүнүш

Бирмадагы соңку кырдаал боюнча ооган журналисти Памир Сахилл "Азаттык" үналгысынын суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Памир мырза, Бирмада кандуу жаңжал уланып, кризисти жөнгө салуу аракетинен майнап чыга элек. Маалыматтар да ар кыл болууда. Сиздерде кандай маалымат бар?

Памир Сахилл: Бирманын Ракхайн штатында жашаган рохинжа мусулмандарынын көйгөйү бүгүн эле пайда болгон жок, анын тарыхы ондогон жылдарга барып такалат. Мунун бир нече себептери бар. Рохинжа мусулмандары мурдатан бери ошол аймакта такай отурукташкан эмес. 18-кылымдын башынан бери эле алар ал аймакка келип-кетип турушкан. Ага карабастан алар Ракхайн штатын илгертеден бери өз жери катары эсептеп келишет. Бул штатта рохинжалар көбүрөөк болгону менен буддисттер басымдуулук кылган Бирмада алар азчылык болуп саналат.

Одноклассники, Вконтакте, Фейсбук, Твиттер сыяктуу социалдык сайттарда жайылган сүрөттөрдүн 80% жалган материалдар экенин тапканбыз.

Соңку кармаш рохинжа козголоңчулары полициянын базаларына кол салгандан кийин чыккан. Өлкө бийлиги айткандай терроризмге каршы кеңири масштабдагы аскерий операция башталды. Августтун соңку аптасынан бери эле кеминде 400 киши өлтүрүлдү. Көптөгөн кыштактар тыптыйпыл болуп өрттөлдү.

Бул жаңжалдын активдүү катышуучуларынын бири ошол эле рохинжа мусулмандарынан чыккан козголоңчул топтор экенин айтпай кетсек болбойт. Алар буддисттер менен мусулмандарга бирдей кол салышат. Андыктан зордук-зомбулук менен коштолгон кармаш уланып эле келаткан. Улуттар Уюму буга чейин билдиргендей өкмөттүк күчтөрдүн рохинжаларды массалык өлтүрүүсү жана аялдарын зордуктоосу уланууда.

"Азаттык": Бирманын өкмөтү эмне үчүн бул козголоңчул топтун мизин кайтара албайт? Же алар эл аралык террористтик уюмдардан жардам алып турабы?

Памир Сахилл: Бул топтун тамыры терең. “Пакистан кыймылынын” тушунда эле рохинжа козголоңчулары дагы бар болчу. 1940-жылдары Индиядагы мусулмандар өз алдынча мамлекет болобуз деген маалда рохинжалар Пакистандын чыгышында (азыркы Бангладеш) чогуу болуу ниетин билдирген. Рохинжалардын козголоңчулары жикчил кыймыл болуп ошол маалда түптөлгөн.

Бирманын соңку тарыхына назар салсак, бул өлкө коммунисттик, анан аскерий диктатуранын чеңгээлинде калган. Бул козголоңчул топ көбүрөөк укукка жана өзүнчө эркин болууга умтулган. Рохинжалардын эң башкы көйгөйү - алардын атуулдугу жоктугунда. Аларда Бирманын да, Бангладештин да жарандыгы жок. Бангладеш аларды качкын деп таанып, кабыл алуудан баш тартып келет.

Рохинжалардын эң башкы көйгөйү - алардын атуулдугу жоктугунда. Аларда Бирманын да, Бангладештин да жарандыгы жок.

Алардан чыккан козголоңчулар болсо кармашты улантууда. Рохинжалардын козголоңчул тобун кимдер колдоп жатканы так белгисиз. Эң башкысы адистерге, журналисттерге Ракхайнга кирип, жеринде эмне болуп жатканын өз көздөрү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ал аймакка эч ким кире албайт.

Соңку расмий маалыматтарга таянсак 200 миңден ашуун рохинжа Ракхайн штатында жашайт, куралдуу кармаш башталгандан бери алардын 90 миңдейи Бангладешке качып өткөнү айтылып жатат.

"Азаттык": Демек бул жаңжалдын түпкүрүнө үңүлсөк диний араздашуу эмес экен да. Бул жерде саясий, укуктук маселелер бар экен да..

Памир Сахилл: Жок-жок, бул диний жаңжал же исламчыл топтун террористтик согушу эмес. Жаңжалдашкан эки тарап тең өз укуктары үчүн кармашып келет. Ракхайндан чыгып кетүүгө мажбур болгон буддисттер алардын жакындары рахинжа козголоңчулардын колунан өлгөнүн айтышат.

Биз муну аймакта ондогон жылдар бою чечилбей келаткан этнос аралык каршылыктар деп баалаганыбыз туура болот. Мусулмандар же буддисттер көбүрөөк жабыркаган диний каршылык деп атоо туура эмес. Мен жогоруда айткандай, рохинжа мусулмандары көбүрөөк укук, өзүнчө автономия алууну көздөйт. Андыктан бул диний эмес, көбүрөөк саясий араздашуу деп айтаар элем.

"Азаттык": Интернетте, социалдык медиада азап чегип жаткан рохинжа мусулмандары делген адамдын үрөйүн учурган сүрөттөрү жайнап чыкты. Боордош мусулмандар жардамга муктаж деген чакырыктар тарап атат. Ошол маалыматтардын канчасы чын, канчасы жалган?

Памир Сахилл: Жакшы суроо бердиңиз. Эки жыл мурун дагы Бирмада ушундай эле кандуу окуялар болгон. Анда дагы адамды нес кылган сүрөттөр тараган. Биз атайын иликтөө жүргүзүп, алардын чын-бышыгын аныктаганбыз. Одноклассники, В контакте, Фейсбук, Твиттер сыяктуу социалдык сайттарда жайылган сүрөттөрдүн 80% жалган материалдар экенин тапканбыз. Мисалы, эки жыл мурунку жаңжалда каз катар тизилген адамдын сөөктөрүнүн сүрөтү чыккан эле.

Рохинжа мусулмандары көбүрөөк укук, өзүнчө автономия алууну көздөйт. Бул диний эмес, саясий араздашуу деп айтаар элем.

Социалдык медиада болсо булар Бирманын армиясы өлтүргөн рохинжалар деп айтылган. Биз аны иликтегенибизде сүрөт Кытайдын бир шаарындагы катуу зилзалада өлгөндөрдүн сөөктөрү болуп чыккан. Кытай бийликтери кырсыктын курмандыктарынын сөөктөрүн бир жерге жыйнап, аларды өрттөгөнгө даярдап жатканда тартылган экен. Интернетте тараган сүрөттөрдүн 80% жасалма экенин кайталап айтайын.

Эмнеси чын, эмнеси жалган экенин кантип билебиз? Бир материалдын түп нускасын аныктоо үчүн ар кыл булактардан текшерүү абзел. Рейтерс, Франс Пресс, Ассошиейтед пресс сыяктуу эл аралык агенттиктер бар. Сүрөттү болсо Google Images (гугл имэйжс) аркылуу эле чын же жасалма экенин билип койсо болот.

Ракханда эмне болуп жатканын билүүгө дагы бир чоң тоскоолдук бул – эл аралык таанылган агенттиктердин журналисттери бул аймакка кире албай жатканы. Алар жеринде эмне болуп жатканын өздөрү көрүп, баалай албай жатканында. Андыктан рохинжаларга байланыштуу бардык материалдар текшерилип, чын-төгүнү бышыкталышы зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG