Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Жарандыгы жоктор мамлекет үчүн өгөй


Адистер башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болгон сириялыктар арасында жарандыгы жоктор саны дагы көбөйөрүн эскертишүүдө. Сириялык качкындар лагери. 2014-жыл.
Адистер башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болгон сириялыктар арасында жарандыгы жоктор саны дагы көбөйөрүн эскертишүүдө. Сириялык качкындар лагери. 2014-жыл.

Улуттар уюму дүйнөдөгү жарандыгы жоктор көйгөйүн он жылда чечүүнү максат кылган өнөктүк жарыялады.

БУУнун эсебине караганда, дүйнөдө азыр бери дегенде 10 миллион кишинин жарандыгы жок. Мындай көрүнүштөн Кыргызстан да куру эмес. “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө жарандыгы жок болуунун себептери жана БУУ өнөктүгүнүн ийгилиги эмнеге көз каранды болору талкууланды.

Улуттар уюмунун он жылдык өнөктүгү жарандыгы жок адамдардын макамы боюнча алгачкы эл аралык конвенция кабыл алынганынын 60 жылдыгына тушташ жарыяланды.

Жарандыгы жоктордун көйгөйүн чечүү аракеттери алтымыш жыл мурда башталса да БУУнун эсептерине караганда, ар бир он мүнөт сайын дүйнөдө бирден бала жарандыгы жок болуп төрөлүп жатат.

Доктор Лаура ван Ваас (Laura van Waas) - Нидерланддагы Тилбург университетинин укук мектебинин алдында ачылган Жарандыгы жоктор программасынын башчысы, бул маселе боюнча бир катар изилдөөлөрдүн автору.

Доктор Лаура ван Ваас.
Доктор Лаура ван Ваас.

Ал “Азаттык” менен маегинде атуул менен мамлекет ортосунда юридикалык байланыш үзүлгөн учур жарансыздыкка алып барарын белгилеп, мунун себептери ар түрдүү экенине, бирок дүйнөдөгү бүгүнкү көрүнүш бул көпчүлүк учурларда бийликтердин дискриминациялык саясатынын натыйжасынан улам чыгып жатканына токтолду:

- Дискриминация бул маселенин эң чоң бөлүгү. Көп жерлерде калктын басымдуу бөлүгүнөн дини же улутту боюнча айырмаланган азчылык топтордун жарандыгы жок болуп калган же ага жетүү үчүн абдан татаал жолду басып өтүшөт. Көп өлкөлөрдө, маселен, аялдар өз жарандыгын балдарына бере алышпайт. Дискриминациядан тышкары ири саясий өзгөрүүлөрдөн улам жарандыгын жоготкондор да бар.

БУУнун жаңы жарыяланган он жылдык өнөктүккө жооптуу мекемеси - Качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты жарансыздыкты 21-кылымдын баалуулуктарына шайкеш келбеген көрүнүш катары баалоодо.

Уюмдун Женевадагы кеңсесинин өкүлү Бабар Балоч (Babar Baloch) “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, учурда комиссариаттын дүйнө өлкөлөрүндөгү бөлүмдөрү жергиликтүү өкмөттөр менен жарандыгы жок адамдарды аныктап-табуу ишин жүргүзүп жатат:

- Эсептөөлөр боюнча жарандыгы жоктордун саны он миллионго чукул. Азыркыга чейин биз алардын үч жарым миллионун тактадык. Жаңы жарыяланган өнөктүктүн дагы бир максаты - жарандыгы жок адамдар көп деп болжолдогон өлкөлөрдө аларды аныктап, табуу. Биз жарандыгы жок адамдарды аныктоо үчүн бардык континенттердеги, бардык аймактардагы өкмөттөр менен иштешебиз. Мындан сырткары дүйнө мамлекеттери БУУнун жарансыздык маселесине тиешелүү эки конвенциясына кол коюшун көздөйбүз. Демек биз биринчи баскычта жарандыгы жок адамдарды таап, аныкташыбыз, андан кийин бул көйгөйдү жоюуга мүмкүнчүлүк алышыбыз керек.

БУУнун Качкындар комиссариаты буга чейин тактоо жүргүзгөн 77 өлкө арасынан жарандыгы жок адамдардын саны боюнча эң биринчи сапта Азиядагы мурдагы Бирма, азыркы Мьянма мамлекети турат.

53 миллион калкы бар Бирмада жарансыздар саны 800 миңден ашуун.

please wait

No media source currently available

0:00 0:09:51 0:00
Түз линк

Бир нече жыл аскерий хунта башкарып, бирок жакындан тарта дүйнөгө ачыла баштаган бул өлкөдө эмне үчүн мындай жагдай жаралганын БУУ комиссариатынын өкүлү Бабор Балоч төмөнкүчө чечмеледи:

- Биздин оюбузча Мьянмада азыр жарандыгы жоктордун саны бир миллионго чейин жетет. Алар теги боюнча Бангладештен чыккан рохингалар. Мьянма өкмөтү жарандыкты мына ушул себептен улам бербей келет. Рохингалар Мьянманын жарандыгына ээ болушу үчүн өлкөдө жарандык боюнча 1982-жылы кабыл алынган мыйзамды реформалоо зарыл. Буга чейин Мьянманын өкмөтү менен бир катар сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды өткөрдүк. Жарандыгы жок адамдар боюнча чоң көйгөй бардыгын алар да моюнга алат. Жакында пилоттук долбоордун негизинде рохингалардын кээ бирлерине жарандык ыйгарышты. Биздин көздөгөнбүз - Мьянмада реформалардын артында жарандыкты алардын баарынын алышы.

Мьянмадагы качкындар лагериндеги мусулмандар. 30-октябрь, 2012-жыл
Мьянмадагы качкындар лагериндеги мусулмандар. 30-октябрь, 2012-жыл

​Жарандыгы жоктордун такталган саны жагынан дүйнөдө биринчи орунда турган Мьянмада калктын басымдуу бөлүгүн дини боюнча буддисттер түзөт.

Ал эми өкмөт жарандык берүүдөн баш тартып келген рохингалар теги боюнча Түштүк Азиядан чыккан мусулмандар.

Жарандыкты атадан гана алгандар

Кээ бир мамлекеттерде адамдар жарандыкты диний жана улуттук жүйөдөн улам ала албаса, БУУга мүчө өлкөлөрдүн 10% ашуунyндагы төмөнкү жагдай да балдардын жарандыгы жок төрөлүшүнө жол ачууда.

Качкындар комиссариатынын өкүлү Бабор Балоч мындай деди:

Бабар Балоч.
Бабар Балоч.

- Азыр дүйнөнүн 27 өлкөсү баланын энеси өз жарандыгын балдарына берүүсүнө тигиндей же мындай формада тыюу салат. Мындай жагдай жарандык боюнча улуттук мыйзамдардагы боштуктан улам келип чыгып жатат. Башкача айтканда, ал өлкөлөр жарандык балага атадан гана өтүшүн тааныйт. Балким бул диний жүйө менен байланыштагы маселе. Эгер картаны карасаңыз андай өлкөлөр Жакынкы Чыгышта, Латын Америкада, Африкада, Чыгыш Азияда, башка аймактарда жайгашкан. Башталган өнөктүктө биз жарансыздыкты жараткан ушул жагдайга да көңүл бурабыз. Биз өкмөттөрдүн ымыркай жарык дүйнөгө келгенде ата-энесинин биринин жарандыгын, эгер андай болбосо туулган өлкөнүн жарандыгын алгыдай жагдай жаратуусун суранып жатабыз. Биздин оюбузча кандай гана шарт же жагдай болбосун 21-кылымда ымыркай жарык дүйнөгө жарандыгы жок төрөлүшү мүмкүн эмес.

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн жарандыгы жоктор эң көп согуш жүрүп жаткан Сирия менен мунайга бай Сауд Арабияда. БУУ Сирияда 160 миң кишини, Сауд Арабияда 78 миң кишини каттаган. Бул эки өлкөдө тең мыйзам жарандык балага атадан гана өтүшүн кепилдейт.

Качкындар комиссариатынын өкүлү Бабор Балочтун айтымында, миллиондогон киши коңшу өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болгон сириялыктар арасында жарандыгы жоктор саны дагы көбөйөрүн эскертишүүдө.

БУУ дүйнөнүн Кытай, Индия, АКШ өңдүү калктуу үч өлкөсүнүн жарандыгы жок жашоочулары тууралуу эч кандай маалымат жыйнаган эмес. Ал эми Еврошаркетке мүчө өлкөлөр арасынан жарандыгы жоктордун саны боюнча Латвия менен Эстония эң алдыңкы сапта турат. Латвияда жарандыгы жок 267 миң, Эстониядагы 91 миң кишинин көпчүлүгү этникалык орустар.

БУУнун Качкындар комиссариатынын эсебинде, бүткүл Европада жарандыгы жок 600 миңдей киши бар. Эски совет аймагынан Орусияда жарандыгы жоктордун такталган саны 180 миңге, Украинада 34 миңге, Беларуста жети миңге жакын.

Борбор Азиядан Кыргызстан көч башында

БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариаты азыркыга дейре тактай алган маалыматтарга караганда, Өзбекстанды кошпогондо Борбор Азиянын төрт өлкөсүндө жарандыгы жок 30 миңдей киши бар. Такталган цифралар боюнча эң көп көрсөткүч Кыргызстандыкы. Өлкөдө жарандыгы жоктордун саны 11 жарым миңге жакын, бирок тактоо иштеринин улантылышы менен бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн.

Жарандыгы жоктордун эң чоң бөлүгү же беш жарым миңдейи мурдагы советтик паспортту учурунда алмаштырбагандар. Кыргызстандагы жарандыгы жоктордун дагы бир жоон тобун коӊшу өлкөдөн келин болуп келип, өз убагында документтерин каттоого койбой, паспортунун мөөнөтү өтүп, эки өлкөнүн жарандыгынан тең айрылгандар түзөт. Алардын көбү Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен айылдарында жашашат.

"58 жашымда биринчи жолу паспорт алдым"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Жарандыгы жоктордун такталган саны боюнча Борбор Азиядан Кыргызстандан кийинки орунда Түркмөнстан экен.

БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын Алматыдагы кеңсесинин эксперти Жейсон Такер (Jason Tucker) “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Түркмөнстанда жарандыгы жоктордун этникалык курамы ар кандай. Мурдагы СССРдин чачырашы менен бул өлкөдө этникалык орустар эле эмес, армяндар, түркмөндөрдүн өздөрү да жарандыгы жок калышкан. Түркмөнстан боюнча 8320 адам дегенибиз абдан так сан. Биз каттоону өкмөт жана коомдук уюм өкүлдөрү менен бирдикте бүткүл өлкө боюнча жүргүздүк. Өлкө боюнча 12 миң адам катталып, алардын 8 миңдейинин жарандыгы жок болуп чыкты. Азыр аларга жарандыкты ыйгаруу жараяны жүрүп жатат. Өзбекстанды кошпогондо биз Борбор Азиядагы жарандыгы жоктордун санын 30 миңдей деп эсептеп жатабыз.

Качкындар комиссариатын Алматы кеңсесинин өкүлү Өзбекстан боюнча маалыматтын жоктугун алардын Ташкенттеги өкүлчүлүгү 2006-жылы жабылууга мажбур болгону менен түшүндүрдү.

Бирок Жейсон Таккер белгилегендөй, калк саны калгандардан кыйла көп. Өзбекстанда жарандыгы жоктордун проблемасы башка коңшуларыныкына караганда кыйла оор болушу мүмкүн.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:22 0:00
Түз линк

Түркмөнстан адам укуктарынын корголушу жагынан эң артта турганы менен БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын Алматыдагы эксперти Жейсон Таккердин айтымында, ал Борбор Азияда жарандык боюнча мыйзамын реформалоо жагынан көч башында бара жатат:

- Биз укуктук чөйрөгө абдан деталдуу анализ жүргүздүк. Аймактан жарандык мыйзам эл аралык стандартка шайкеш келген өлкө – Түркмөнстан. Ал мыйзамын 2013-жылы реформаларды жана анда биз көргүбүз келген жана адамдар жарандыгы жок калбашын кепилдеген жоболор камтылды. Кыргызстан “Жарандык жөнүндөгү” мыйзамын 2007-жылы өзгөрткөн. Тажикстандын жаңы мыйзамы парламенттин кароосунда жатат. Өзбекстандын бийликтери менен бул маселеде келечекте иштеше алабыз деген үмүтүбүз бар. Казакстандын бийликтери менен мыйзам реформасы боюнча учурда иштешип жатабыз. БУУнун жарандык маселесин тескеген эки конвенциясына Борбор Азиядан азырынча Түркмөнстан гана кошулду. Эми калган өлкөлөр да ошол конвенцияга кол коет деп күтөбүз. Ал конвенцияларга кошулган мамлекеттер жарандыгы жок адамдардын маселесин чечүү гана эмес, жарансыздыкты азайтууга жана келечекте болтурбоого милдеттенме алган.

БУУнун Качкындар комиссариатынын эсебинде, акыркы он жылда мыйзамдарды өзгөртүүнүн натыйжасында дүйнөдө төрт миллиондой киши жарансыздыктан кутулду. Эксперттер БУУ он жылдык мөөнөт менен жарыялаган өнөктүктүн натыйжасы да эки негизги нерсеге көз каранды болорун айтышууда. Жарандык маселеси саясий жактан талаштуу өлкөлөрдө бийликтегилердин саясий эркин талап кылат, ал эми кээ бир өлкөлөрдө бул проблема мыйзамдагы эки-үч жобону өзгөртүү менен эле чечилет.

XS
SM
MD
LG