Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Орусия: кош жарандуулук мыйзамы кооптонуу жаратты


Кош жарандыгы бар орусиялыктар эми сөссүз түрдө аны ачыктоосу керек.
Кош жарандыгы бар орусиялыктар эми сөссүз түрдө аны ачыктоосу керек.

Кош жарандыгы бар орусиялыктар эми сөзсүз түрдө аны ачыктоосу керек. Жаңы мыйзамга ылайык экинчи жарандыгын ачыктап, мамлекеттин атайын тизмесине кирбеген орусиялык жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Президент Владимир Путин 4-июнда кол койгон мыйзам боюнча Орусиянын аймагында жашаган орусиялыктар экинчи жарандыгы же чет өлкөдө туруктуу жашоого уруксаты болсо, аны расмий түрдө каттатуусу керек. Ошол эле маалда бул мыйзам “чет өлкөдө туруктуу жашаган орусиялыктарга” тиешелүү эмес деп кагазда жазылган.

Ошондой эле 18 жашка чыга элек орусиялык дагы экинчи жарандык алып калса, сөзсүз миграция кызматына каттоого турушу абзел.

Мыйзамга ылайык эми жүз миңдеген чет жердеги орусиялыктар өзүлөрүнүн экинчи жарандыгын ачыктап же болбосо орус жарандыгынан баш тартуулары керек болот. Эксперттердин айтымында, мекенине келгенде ар кандай бюрократиялык убаракерчилик тартпаш үчүн баары эле мындай кадамга барууну каалабайт.

Мыйзамды бузгандарга айып пул салынат же болбосо коомдук иштерге тартылат дегенди уккан чет жердеги орусиялыктар дароо Орусиянын консулдуктарынан, ар кандай интернет сайттардан кеңири маалымат издей башташты.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы 5-августтан тарта күчүнө кире турган бул мыйзам боюнча азырынча кеңири түшүндүрмө бере элек. Болгону мыйзам күчүнө кирген күндөн тарта орусиялыктар экинчи жарандыгын 60 күндүн ичинде ачыкташы абзел деген шарт белгилүү.

“Азыр ар кандай суроолор жаралып атат, бирок эч кандай ызы-чуу жок.” - дейт Вашингтондогу орус тилдүү мигранттар коомунун президенти Елена Старосельская.

Ал “Азаттык” радиосуна мыйзам тууралуу бир топ орус жарандары ар кандай суроолор менен кайрылып жатышканын, Орусиянын Вашингтондогу элчилиги азыр “Москвадан так түшүндүрмө ала электигин” айтып, жаңы мыйзам боюнча маалыматты кийинчерээк бере тургандыгын кошумчалады.

Мыйзам Орусия Крымды аннексиялап алган соң Батыш менен мамилеси бузулган чакта кабыл алынды.

Мыйзамдын автору, Мамлекеттик Думанын депутаты Алексей Луговой “Албетте, экинчи жарандык орус жарандыгынын маанилүүлүгүн жоготот, өз мекенине болгон мамилесин өзгөртөт” дейт.

Кош жарандуулук боюнча жаңы мыйзамдын автору, Мамлекеттик Думанын депутаты Алексей Луговой
Кош жарандуулук боюнча жаңы мыйзамдын автору, Мамлекеттик Думанын депутаты Алексей Луговой

Улуу Британияда Орусиянын атайын кызматынын мурдагы офицери Александр Литвиненкону 2006-жылы уулантып өлтүргөн деген айып менен издөөдө жүргөн Луговойдун көз карашында “Бул өзгөчө акыркы геосаясий окуялардын алкагында аябай маанилүү, анткени Орусияга Батыш дагы эле агрессиялык басым жасап келет”.

Чикагадо жашаган москвалык Ксениянын “Азаттыкка” айтымында, ал экинчи жарандыгын ачыктоодон качпайт, болгону бул мыйзам оппозиция активисттерине жана Орусияда жашаган бизнесмендерге карата кабыл алынган болсо керек деп эсептейт. Ал эми Ксениянын пикиринде, ал үчүн бул мыйзам жөн эле “кагаз түйшүгү” болуп калышы мүмкүн.

Айрымдарды бул мыйзам өтө камтама кылууда. АКШ да туруктуу жашоого уруксаты бар, Москвадагы Evans Property Services кыймылсыз мүлк агенттигинин менеджери Аня Левитовдун айтымында, кеп “маалыматты ачыктоодо” эмес, анткени экинчи жарандыгы бар орусиялыктарды оңой эле аныктаса болот. Анын айтымында, буга чейин деле чет жерге чыгуучу паспорт алаарда ар бир орусиялык өзүнүн экинчи жарандыгы болсо сөзсүз белгилеп келген. Ошондой эле чек ара кызматкерлери деле визасыз кирип-чыккандардын башка жарандыгы, туруктуу жашоого уруксат бар экендигин билсе болот.

“Бул тизме болочок чыккынчыларды аныктоо үчүн түзүлүп жаткандай, болбосо бардык экинчи жарандыгы барлар ошондой көрүнүп жаткан го” – дейт Аня Левитов “Азаттыкка”

Жаңы мыйзамдын салык боюнча дагы кесепеттери болушу мүмкүн. Бир жылда 183 күндөн ашык Орусиядан сырткары жашаган жарандар өлкө ичинде тапкан кирешесинен 30 пайыз салык төлөйт. Ошол эле маалда өлкө ичинен чыкпагандар 13 пайыз эле төлөшөт.

Орусиянын мыйзам чыгаруучуларынын 2010-жылкы маалыматы боюнча 1 жарым миллиондон ашык орус жарандары чет өлкөдө туруктуу жашайт, алардын басымдуу бөлүгү Европада, Израилде жана АКШда турат.

АКШнын Ички иштер депаратментинин маалыматына ылайык, 2003-2012 жылдары 80 миңдей орус жарандары америкалык паспорт алган, ошол эле жылдары 200 миңге жакын орусиялыктар АКШда туруктуу жашоого уруксат берген “жашыл карта” – грин-кардды алышкан. Алардын көбү орус жарандыгынан чыккан эмес жана кагаз жүзүндө Орусияда жашаган мекендештеринен эч айырмаланышпайт.

XS
SM
MD
LG