Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Мьянма өкмөтү менен эрегишчилер элдеше баштады


Безгек менен ооруган баланы бейтапканага алып бараткан Мьянманын жашоочулары.
Безгек менен ооруган баланы бейтапканага алып бараткан Мьянманын жашоочулары.

31-мартта Мьянма өкмөтү жана козголоңчул топтордун өкүлдөрү ондогон жылдардан берки жаңжалды токтотуу жөнүндө келишимдин долбооруна кол коюшту.

Ок атышууларды токтотуу жөнүндө Мьянма өкмөтү менен козголоңчу топтор ортосундагы келишимге кол коюу өлкөнүн реформачыл президенти Тейн Сейндин айтымында, “саясий диалогго жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жол ачат”.

Жалпы өлкөлүк ок атышууларды координациялоо командасынын төрага орун басары Най Гонг Са 31-мартта маалымат жыйынында өкмөт жана куралдуу топтор арасындагы жаңжалдын башаты саясий маселелерге байланышканына токтолду:

- Куралдуу этностук топтор менен өкмөт арасындагы аскердик чатактын негизи саясий маселеде. Бул саясий суроолорду саясий жол менен чечүү үчүн биз биринчи аскерий кагылыштарды токтотушубуз шарт. Уруш жүрүп жатса, саясий диалогдо ийгиликке жетүү жеңил болбойт.

Жалпы өлкөлүк ок атышууларды координациялоо командасы сүйлөшүүгө козголоңчу топтордун атынан катышты.

Документке негизги 16 этностук козголоңчу топтун, ошондой эле Кокан боштондук армиясынын өкүлдөрү Мьянманын мурдагы борбору Янгондо шейшемби күнү кол коюшту.

Этностордун өкүлдөрү эми келишим долбоорун козголоңчу топтордун лидерлерине алып барышат. Эки жак кортунду келишимди апрелдин аягына чейин иштеп чыгабыз деген үмүттө. Ага чейин анын мазмуну коомчулукка жарыяланбайт.

Бириккен улуттар уюму жаңы кол коюлган документти чоң саясий сүйлөшүүлөргө карай ташталган маанилүү кадам деп атады.

Келишим - мурдагы душмандар бири-бирине ишенүүсү жаңы деңгээлге чыкканын, алардын кызматташуусу мүмкүн экенин тастыктайт, деп көрсөтүлөт БУУнун Мьянмадагы атайын кеңешчисинин (Vijay Nambiar) билдирүүсүндө.

АКШнын Мьянмадагы элчилиги келишимди Мянмада тынчтык орнотуу жана улуттук элдешүүнү көздөй жасалган тарыхый кадам деп мүнөздөдү.

Буга чейин 52 миллион элдүү Мьянма (мурдагы Бирма) жетекчилигинин түрдүү элдердин кызыкчылыгын коргогон козголоңчу топтор менен элдешүү аракети натыйжасыз бүтүп жатты.

Февралда Кокан автоном облусунда аскерлер менен жергиликтүү кытай эрегишчилери арасында уруш күчөгөндөн кийин чөлкөмдө үч айга чукул кырдаал абалын жарыялаган.

Мьянма өкмөтүнүн баш өкүлү Аунг Миндин билдиришинче, бийлик оболу сүйлөшүүгө катышып жаткан 16 топ менен тынчтык келишимин түзүп алып, анан калгандар менен мунаса тапканга аракет кылат.

Соңку күндөрү аскерлер менен Аракан этносунун армиясы ортосунда Бангладешке чек аралаш аймакта да айыгышкан салгылашуулар жүрүүдө.

Тейн Сейн 2011-жылы 30-мартта президенттикке келгенден кийин жарым кылым аскердик диктатура башкарган Мьянманы демократияны көздөй бурганга бел байлады. 1949-жылдан бери борбордук өкмөткө баш ийбей жүргөн козголоңчу топтор менен элдешүү аракетин баштады. Чейрек кылым бышпай жаткан тышкы инвестиция жөнүндө мыйзам кабыл алынып, чет өлкөлүктөр Мьянма жарандары менен жарнакташпай эле бизнес жүргүзүүгө мүмкүндүк алышты. Береги реформалардан улам Вашингтон 2005-жылы Мьянмага каршы киргизген экономикалык санкцияны токтотту.

Тейн Сейн президент болгонго чейин өлкөнү 49 жыл чеңгелинде кармаган аскерий хунта убада кылган реформалар “туулбай туна чөккөн”.

XS
SM
MD
LG