Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

АКШ мамкатчысы Мянмарга 50 жылдан бери биринчи жолу барды


АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон Мянмардын жетекчилигин реформаны тереңдетүүгө чакырды. Клинтон айым Түштүк Чыгыш Азиядагы Мянмарга акыркы жарым кылымда барган АКШнын биринчи мамлекеттик катчысы. Ал Мянмардын президенти менен кездешкенден кийин жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттар Мянмар менен байланышты жакшыртууга даяр экенин, экономикалык санкцияны жеңилдетүү бийликке өлкөнү демократиялаштырууга бекем негиз болгонун белгиледи:

- Мянмар өкмөтү жасачу ар бир кадам кылдат талданат жана ишке ашырылат деп айтаар элем. Анткени биз саясий жана экономикалык реформа жүзөгө ашырылышын каалайбыз. Мен жетекчилерге биз санкцияны жеңилдетип, азайтарыбызды жана бул ишти эриш-аркак жүргүзөрүбүздү айттым.

Клинтон айым Мянмарда Түндүк Корея менен аскерий-техникалык жана ядролук кызматташууну токтотууга да үндөдү. БУУ Түндүк Кореяга ядролук программасына байланыштуу санкция жарыялаган.

АКШ мамкатчысы билдирүүнү Мянмар оппозициясынын лидери, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аунг Сан Сю Кю айым менен кездешер алдында жасады.

XS
SM
MD
LG