Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Малала рохинжаларга каршы зомбулукту айыптоого чакырды


Нобелдин Тынчтык премиясынын лауреаттары Малала Юсуфзай жана Аун Сан Су Чжи.
Нобелдин Тынчтык премиясынын лауреаттары Малала Юсуфзай жана Аун Сан Су Чжи.

Нобелдин Тынчтык премиясынын лауреаты, пакистандык Малала Юсуфзай 4-сентябрда жасаган билдирүүсүндө дагы бир Нобел сыйлыгынан лауреаты Аун Сан Су Чжиге кайрылды:

- Мен бул окуяны бир нече ирет айыптагам. Эми ушул күнгө чейин менин кесиптешим, Нобел сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи качан айыптайт деп күтүп жатам,-деди Малала Твиттердеги баракчасына жазган билдирүүсүндө.

Бир канча жыл үй камагында өткөргөн Су Чжи учурда Бирма мамлекетинин жарандык лидери саналат, ал расмий түрдө өлкөнүн тышкы иштер министринин кызматын аркалайт.

Су Чжини Бирмадагы окуялар боюнча үн катпай жатканы укук коргоо уюмдары жана мусулман мамлекеттери тарабынан сынга алынууда. Ал эми Су Чжини жактоочулары ал аскерлерди жөндөөгө укугу чектелүү экенин айтып чыгышты.

Он миңдеген рохинжаларды качууга аргасыз кылган азыркы тополоң 25-августта башталган. Мьянма бийликтери бул үчүн рохинжалар арасынан чыккан козголоңчуларды айыптап, алар 25-августта ондогон полиция бекеттерине жана армия базасына координацияланган кол салуу жасаганын билдирүүдө. Андагы кагылыштардан жана армиянын контрчабуулунан өмүрү кыйылгандардын саны кеминде 400 адамга жетип калды. Бангладешке үй-жайын таштап качууга аргасыз болгондорун саны 90 миң чамалуу экени айтылууда.

Буддисттер басымдуулук кылган Мьянмадагы диний азчылык - рохинжа мусулмандарынын жалпы саны 1,1-1,3 миллиондун тегерегинде.

XS
SM
MD
LG