Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Грозныйда рохинжа мусулмандарын колдогон акция өтүүдө


Грозныйдагы акция
Грозныйдагы акция

Чеченстандын борбору Грозныйда миңдеген адамдар Мьянмадагы (Бирма) рохинжа мусулмандарына колдоо көрсөтүү максатында акцияга чыгышты. Грозныйдагы башкы мечиттин алдындагы демонстрацияга чечен лидери Рамзан Кадыров, жергиликтүү парламенттин спикери Магомед Даудов жана башка расмийлер, диний кызматкерлер да катышты.

Теле аркылуу түз алып көрсөтүлгөн бул акциянын катышуучулары Курандын аяттарын окушуп, мусулмандарды биримдикке чакырышты. Демонстранттар "Аллаху акбар" деп кыйкырып, рохинжа азчылыктарынын өкүлдөрү делген интернеттен алынган сүрөттөрдү көтөрүп турушту.

3-сентябрда жүздөгөн адамдар буга окшош нааразылык акциясын Мьянманын Москвадагы элчилигинин алдында жана Дагестандын борбору Махачкалада да өткөрүшкөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Мьянмада 25-августта башталган карама-каршылыктан кийин 90 миңге чукул рохинжа качкындары коңшу Бангладешке жер которушту. Алар Мьянманын коопсуздук күчтөрү жана жергиликтүү буддисттер тобу айылдарына от койгонун айтышууда. Мьянманын өкмөтү коопсуздук күчтөрү өткөн айда полиция бекетине кол салган рохинжа козголоңчуларына жооп кайтарып жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG