Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:53

Мьянмада апта ичинде 400 рохинжа мусулмандары өлтүрүлдү. Чатактын чоо-жайын айтып беребиз.

Мьянманын (Бирманын) батышында аскерлер менен полициянын, рохинжа этникалык азчылыкты түзгөн, негизинен ислам динин тутунган өкүлдөрдүн кагылышынан соңку аптада 400гө жакын адам жок кылынды. 40 миңге жакын рохинжалыктар кара башын калкалап коңшу мусулман өлкө Бангладешке же Бенгал булуңунун адам жашабас аралдарына, ошондой эле эки өлкө ортосундагы “ортолук жерлерге” - тропикалык дарыялардын бойлоруна качып чыгышты. Эмнеликтен дүйнө рохинжалардын тагдырына эми гана чындап көңүл буруп калды, аларды өлкөсү өз алдынчалыкка жетишкен 1948-жылдан бери куугунтуктап келатканы жалганбы?

Калкынын көбүн буддисттер түзгөн Мьянма жакында эле 1962-жылдан бери башкарып келаткан аскердик өкүмзор бийликтен кутулду. Ондогон жылдардан бери өлкө ар кыл улут аралык, саясий, криминалдык жана диний чыр-чатактардан айласы куруп келатат. Сырт көзгө анча билинбеген бул чалкеш талаш-тартыштарга бир топ тараптар тартылган, партизандык жана жашыруун кыймылдар, аскердик-саясий күчтөр Кытай, Индия, Тайланддын таасири алдында чалмакейди чалышып, улуттук азчылыктардын жикчил кыймылдары менен кылмышкер топтор апийим өстүрүп, аны сатуу жагын бекем көзөмөлгө алып, андан чыккан маңзаттар Мьянманын кыйла жерин каптап, өлкөнүн бир топ жери айтылуу “Алтын үч бурчтуктун” ичине кирип калган.

Мьянма Союзу Республикасы деген расмий аталышка ээ болгон өлкө жети провинциядан турат, калкы бирмалыктар, “бама”, ошондой эле кошумча жети улуттук штатка бөлүнгөн. Алардын бири да борбордук өкмөттүн бийлигин тааныган эмес. Жер-жерлерде жашаган калктар менен аркыл жергиликтүү саясий жана криминалдык бирикмелер борбор калаа менен ич ара келише албай жарандык согушту жүргүзүп келишкен, кийинки кездери штаттар ортосунда ок атышпоо тууралуу формалдуу келишимге жетишкен.

Бангладештеги рохинжа качкындары. 31-август
Бангладештеги рохинжа качкындары. 31-август

ХХ кылымдын 40-жылдарында Бирманы таштап кетип баратып Британиянын колониялык бийлиги ал жердеги бардык улуттук аймактарга көз карандысыздыкка ээ болорун убада кылышкан. Айтылып бирок аткарылбай калган мына ушул убаданын айынан кагылыштар чыгып, уруштар ушул кезге чейин токтолбой келе жатат. Ошондой өз алдынча боло албай калган мамлекеттердин катарында Аракан улуттук штаты же Ракхайн да бар. Ал Бирмага тийиштүү Бенгал кысыгынын жээгинде, Бангладеш менен чектешкен жердеги кууш тилке. Мына ушул Ракхайн рохинжанын бир жарым миллион мусулман калкынын мекени, рохинжалыктар бул жерди Мекенибиз деп эсептешет. Мьянма бийликтери антип эсептешпейт, алар рохинжалыктарды “мыйзмасыз иммигранттар” дешет, “ислам жоокерлери” катары көрүшөт, аларды эл аралык террорчул уюмдар менен “Перс булуңундагы айрым мусулман монархтары” колдойт дешет.

Рохинжалыктар менен болгон куралдуу кагылыш 2016-жылдын 9-октябрында күчөп кетти. Уруштар быйыл 25-августта кайра курчуп, “Аракан рохинжаны сактоо аскерлери” деген аз сандуу куралдуу топтун жоокерлери, чынында эле исламчыл ураандарды көтөрүп чыккан топ, 30 аскердик объектилерге жана полиция участокторуна капыс кол салып, мекендештеринин сары изине түшүп алгандардан “өч алыш” амалында 15 адамды өлтүрүшкөн.

Ага жооп кылып бийлик аскердик “жазалоо акцияларын” баштады, аны эл аралык укук коргоо уюмдары Аракан (Ракхайн) штатындагы мусулман калкын жок кылуу аракети катары баалады, айтса, мусулман динин рохинжалыктардан башкалар деле тутунушат. “Террорчулукка” шектелип жүздөгөн адамдар камакка алынды, алардын арасында 82 жаштагы аккүп кары менен 13 жашар тестиер бала да бар. Расмий бийлик өкүлдөрү 1-сентябрга карата “козголоңчулардын” 400дөй адамы жок кылынганын жарыялап, анын ичинде жайкын тургундар арасынан 17 адам “капыс окко” кабылганын ырастады.

А бирок кара башын калкалап түнт токой, дарыяларды кечип Бангладешке, башка кошуна өлкөлөргө качып келген карапайым рохинжалыктар аскерлер менен полиция кызматкерлери миңдеген жөн-жай адамдарды жок кылышканын, кыштактарын тыптыйпыл өрттөшкөнүн, карапайым калкка адам чыдагыс азап-тозокторду салганын, кыйноолор менен кыз-келиндерди массалык зордуктоолорун айтып беришкен. Ушул тапта “бейтарап аймак” деп аталган жерде чек ара бойлой аккан Наф дарыясынын жанында кара башын калкалап качып чыккан 20 миңге жакын рохинжалыктар турушат.

Бангладештеги качкындар лагеринде, аркыл маалыматтарга караганда, 300 миңден 400 миңге чейинки рохинжалыктар турат, алардын 90 миңге жакыны кийинки айларда бул жерге келишкендер. Качкындар лагеринде суу, тамак-аш жана дары жетишсиз. 1-сентябрда эртең менен бангладештик чек арачылар дарыянын боюнан бир жерден сууга чөгүп каза болгон 15 сөөктү табышкан. Алар суудан өтүп баратып чөгүп кеткен качкындар, өлгөндөрдүн 11и жаш балдар.

Бангладештеги дарыя боюнда 1-сентябрда суудан өтүп баратып чөгүп өлгөн рохинжалык качкындардын сөөктөрүн чогулган эл кароодо.
Бангладештеги дарыя боюнда 1-сентябрда суудан өтүп баратып чөгүп өлгөн рохинжалык качкындардын сөөктөрүн чогулган эл кароодо.

Бангладеш бийликтери рохинжа качкындарын кабыл алууга көңүлсүнбөй жатканы үчүн эл аралык уюмдардын кысымына кабылууда. Жакында Бангладеш аткаминерлери качанкы бир эски идеяны кайра алдыга жайышты – алар качкындарды эч ким жашабаган, иш жүзүндө көзөмөлсүз калган Тенгар Чар аралына жайгаштырууну сунушташты. Бул арал деңиз каракчылары менен аткезчилердин утурумдук жайы, адам жашоого ылайыкташпаган жаманатты болгон жер. Күзгү нөшөрлүү жамгыр маалында арал толук суу алдында калып, жашоо мүмкүн эмес. Бангладештик аткаминерлердин кезектеги амалы укук коргоочулар менен бир катар дүйнөлүк саясатчылардын нааразылыгын жаратты.

Ошол эле мезгилде интернет менен дүйнөлүк маалымдоо каражаттарында чындык сыягы бар Ракхайн (Аракан) штатында жашаган буддистердин айткандары чыга баштады. Алар рохинжа жоокерлери менен мусулман кошуналарынын буддисттерге тирукмуш азаптарды көрсөтүп, толгон-токой кылмыштарды жасаганын айтып чыгышты. Мьянманын батышында ушул тапта эмне болуп жатканынан сырт дүйнө дээрлик кабарсыз, штатка аскердик абал киргизилген, ал жерге журналисттер, укук коргоо менен гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү бара алышпайт.

Өткөн аптада Улуу Британия Мьянмадагы рохинжа калкынын абалын БУУнун Коопсуздук кеңешинде кароону талап кылды, бирок бул сунушту Кытай четке какты. Мьянма өкмөтүнүн дарегине АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли сын айтты.

​Баарынан кызыгы, 2016-жылдын жазынан бери иш жүзүндө Мьянманы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, аскердик хунтага каршы кыйла жылдар каршылык көрсөтүп келген, демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшүп аты чыккан, Батыштын бир топ белгилүү лидерлеринин досу Аун Сан Су Чжи башкарып келатат. Анын кызматы өзгөчө статуска ээ, иши “Мьянманын мамлекеттик кеңешчиси”. Бирок да ал чет жерлердеги иш сапарларында сүйлөгөн сөздөрүндө, берген маектеринде рохинжа калкын куугунтуктоо темасын буйтап өтүп, эч козгобой келатат, бир ирет гана журналисттер менен укук коргоочулардын суроосунан тажагандай (Сингапурдагы иш сапарында): “Мага деле адам укугу бузулбаган бир өлкөнү көрсөтүп бергилечи” дегени бар.

Этникалык тазалоодон кара башын калкалап чыккан рохинжанын башына түшкөн мүшкүл тууралуу коңшу өлкөлөрдүн баарында соңку айда саясатчылар, диний ишмерлер, дүйнөлүк белгилүү маданий ишмерлер ачык айта башташты, бирок да алардын сөзүнөн боор ачыгандык белгисин табыш кыйын. Маселен, Малайзиянын мусулман бийлиги рохинжадан келген качкындардын текши баарына виза берүүдөн баш тартышты. Алардын айтуусунда, эгер виза берилчү болсо Малайзияга Мьянмадагы мусулмандар жапырт көчүп келип алышы мүмкүн, мындайга жетекчилик “жол бербейт”. Анткен менен Малайзияда ушул тапта 120 миңден кем эмес рохинжа качкындары бар.

Индия бийлиги 40 миң рохинжалыкты өлкөдөн чыгарып ийүүнү көздөөдө, мындайга БУУнун алардын бир тобун качкындар катары таанышы деле тоскоол боло албайт шекилдүү. Индия өкмөтүнүн өкүлү жакында бардык рохинжалыктар бул өлкөдө мыйзамсыз жүрүшкөнүн билдирди. БУУнун ырасташынча, качкындын өмүрүнө коркунуч келтирген өлкөгө кайтарып берүүгө эл аралык укук тыюу салат. А бирок Индия өкмөтү качкындардын статусу тууралуу конвенцияга кол койбогонун белгилеп, бул жердеги мыйзамсыз иммигранттардын текши баары өлкөдөн чыгарыларын айтууда.

Аун Сан Су Чжи АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен.
Аун Сан Су Чжи АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен.

2012-жылкы диний жана этникалык кандуу кагылышуулардан кийинки беш жылдан бери Мьянма бийликтери рохинжаларды өлкөдөн сүрүп чыгууга көжөлүп киришип, аны туруктуу ишке ашырууга өттү, рохинжалыктардын көбүнүн паспорттору да жок. Кандуу кагылыштар учурда негизинен Сауд Аравиясынын катышуусу жана каражатына делген “Аракандык рохинжаларды коргоо аскерлери” партизандык тобу түзүлгөн.

Мьянмада рохинжалардын пайда болушун ар кыл өңүттө түшүндүргөн тарыхый теориялар бар. Бул элдин өкүлдөрү Аракан (Ракхайн) штатынын түпкүлүктүү калкыбыз, орто кылымдарда Инди океанынын кылаасын колониялаштырган арабдардан калган тукумдарыбыз деп эсептешет. Рохинжанын тилинде санскрит, араб, перс, атүгүл португал тилинен оошкон сөздөр арбын кезигет.

Анткен менен, жергиликтүү буддисттер менен мурунку жана кийинки Мьянма бийликтери башка тарыхый фактыларга таянып, рохинжалыктар чын-чынына келгенде этникалык бенгалдык-мусулмандар, Британия колониясы тушунда азыркы Бангладештен арзан жумушчу күчү катары британиялык бийлик тарабынан чыгышка көчүрүлгөн, ошондой эле Бангладештин Пакистандан бөлүнүп өз алдынчалык үчүн жүргүзгөн согушунда 1971-жылдары качып келгендер деп эсептейт.

Рохинжа качкыны балдары менен Мьянма менен Бангладеш ортосундагы дарыя жээгинде. 1- сентябрь.
Рохинжа качкыны балдары менен Мьянма менен Бангладеш ортосундагы дарыя жээгинде. 1- сентябрь.

Айрым окумуштуулардын ырасташынча, Мьянманын ушул жердеги буддисттер менен мусулмандардын ич ара жек көрүүсү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин курчуп кеткен. Британиянын кол алдындагы Бирманы Жапония басып алган. Рохинжа мусулмандары британиялыктар тарабында туруп, партизандык урушту башташкан. Аракан (Ракхайн) штатындагы жергиликтүү буддисттер жапон баскынчыларын колдошкон, себеп дегенде алар Бирмага толук көз карандысыздык берилерин убада кылышкан. Жергиликтүү буддисттер жапырт “Бирма улуттук армиясынын” катарына кошулуп, Токио тарабында уруш жүргүзүшкөн. Бул армиянын башында генерал Аун Сан турган, генерал Бирма коммунисттик партиясын негиздөөчүлөрдүн бири, ушул тапта өлкөнү башкарып аткан Аун Сан Су Чжинин атасы болгон.

Александр Гостев

Кыргызчалаган Бекташ Шамшиев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG