Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:34

Региондогу эксперттер социалдык медиадагы Мьянма боюнча талкууларды “кылдат” анализдөөнү эскертишет.

Калкынын басымдуусу мусулмандар саналган Борбор Азиянын беш өлкөсүндө Мьянмадагы рохинжа мусулмандары кабылган зордук-зомубулукту айыптап, социалдык медиада ар кандай чакырыктар пайда болду. Жергиликтүү эксперттер болсо элдин эмоционалдуу маанайын кайсы бир карасанатайлар башка нукка буруп кетиши мүмкүн экенин эскертишет.

Мьянмада он миңдеген рохинжа мусулмандары кабылган кризистин таасири Борбор Азияда да сезилет. Кыргыз бийликтери 5-сентябрда Бишкекте пландалган Кыргызстан менен Мьянманын футболдук командаларынын беттешүүсүн токтотту. Жаңы дайындалган премьер-министрдин өкмөтү “теракт коркунучу чоң” жана диний кастыкты козуткан чыр-чатак болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуудан улам чукул чечим кабыл алды.

Бангладешке качкан рохинжа мусулмандары
Бангладешке качкан рохинжа мусулмандары

Ал ортодо жергиликтүү адистер рохинжа мусулмандары кабылган кризисти кылдат талдап, социалдык медиада тараган маалыматтардын чын-бышыгына, колдонуучулардын реакциясына көңүл бурууга үндөшөт. Мындай кырдаалда кайсы бир карасантай топтор карапайым мусулмандарды өз кызыкчылыгына жараша пайдаланып кетиши мүмкүн деп эскертишет.

Бишкектик жарандык активист Анара Асанова интернет айдыңындагы өз байкоолору менен бөлүштү. “Интернетте үрөй учурган сүрөттөр, видеолор пайда болду. Кыжырданып ачуулангандар аларды бөлүшө башташты. Мурда Мьянма кайда экенин билбегендер элди ал жакка барып согушууга үндөп жатышат”.

Анаранын баамында, дүйнөлүк маалымат желесинде жакшы ойлонулган маалыматтык согуш жүрдү. “Мындай маалымат согушун уюштургандар интернет колдонуучулар менен кантип ойношту билишет. Алар массаны кайсы бир тарапка буруп кетүүнүн психологиясын жакшы өздөштүрүшкөн” – деген Анара интернетке чыккан бир сүрөт же бир мүнөттүк видео ой-пикир түзүүгө жетиштүү экенин белгилейт. Инстаграм менен Твиттер маалымат алмашуунун өтө тез жана жеңил каражаттары.

Душанбеден эксперт Фаридун Кадирзода “эгер биз бул маселени кылдат карабасак, кырдаалды диний радикалдык маанайдагылар колдонуп кетиши мүмкүн” деп эскертет.

Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча эки апта ичинде 160 миң киши Мьянманын Ракхайн штатынан качып чыкты. Алар өкмөттүк күчтөр менен рохинжа козголоңчуларынын аёосуз зомбулугуна кабылган, үй-жайлары талкаланган карапайым тургундар. Мьянма өкмөтү болсо терроризмге каршы операциялар жүрүп жатканын билдирет.

Социалдык медиадагы бурулуш

Өзбек, тажик, түркмөн бийликтери Мьянмадагы кризис жөнүндө азырынча унчуга элек болсо, Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер мекемелери билдирүү жасашты. Казак тышкы иштер министри Кайрат Абдурахмановдун билдирүүсүндө анын өлкөсү Мьянмадагы мусулман коомчулугу кабылган жагдайга “терең тынчсызданып” турганы айтылат.

Москва менен Грозныйдан айырмаланып Борбор Азия чөлкөмүндө нааразылык акциялары өткөн жок. Анын ордуна социалдык медиа басып, коомдогу таанымал инсандар, саясатчылардын ой-пикирлери жарыяланган аянтчага айланды.

Казак парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Касым-Жоомарт Токаев Твиттер аркылуу Улуттар Уюмун “Мьянмардагы кооптуу окуялар боюнча өз позициясын билдирүүгө” чакырды. “Көптөгөн бейкүнөө адамдар аёосуз репрессиянын курмандыгы болууда” деп жазды Токаев.

Таанымал теле алып баручу Нурлан Коянбаев жана актер Таукел Муслим Инстаграмда рохинжаларды колдоп жазышты.

Интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү рохинжа мусулмандарына тилектештик билдирип, зордук-зомбулукту токтотууга чакырып жатышат.

“Алар жаш балдардан бери өлтүрүп жатышса жек көрүү пайда болот да. Алар адам эмес” – дейт ташкенттик Камила Камиловна деген интернет колдонуучу.

“Тынчтыкты орнотуучу Элбашы кайда? Ал эмне унчукпайт?” деп суроо койот Русс деген колдонуучу Казакстандан.

“Бир туугандарыбыз, көптөгөн балдар, кош бойлуу аялдар ... өлтүрүлдү. Бирок дүйнөдөгү мусулмандар адаттагыдай унчукпай отурушат... Мусулман боордошторубуз мындай апааттан тезирээк арылсын, тынчтык орноп, бактылуу өмүр сүрүшсүн деп тилек кылалы” – деп жазат Өзбекстандан Кабылжон Салимов.

26 жаштагы Бишкектин тургуну Дамир болсо Мьянмадагы окуяларды “мусулмандарга каршы геноцид экени талашасыз” деп мүнөздөп, кыргызстандыктарды жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө чакырат. “Кайрымдуулук акцияларды өткөрүп, миңдеген үй-жайсыз калгандарга жардам берели” деген Дамир элдин баарын сабырдуулукка үндөйт.

Кооптуу коңгуроо

Интернет айдыңында азап чегип жаткан бейкүнөө рохинжалардын аманчылыгын тилейли деген комментарийлер менен катар эле кооптуу чакырыктарды, жоболоңдуу жолдорду сунуштагандар да кездешет.

“Бирөөлөрдүн "Мьянмага барып согушалы” деген сыяктуу комментарийлерин окудум” – дейт Душанбеде турган эксперт Фаридин Кадирзода.

Бишкектик жарандык активист Анара Асанова кыргызстандык интернет колдонуучулардын агрессивдүү реакциясы коомго коңгуроо каккан белги экенин баса белгилейт. “Өтө күчтүү агрессия деп айтаар элем. Башкаларды өлтүрөлү, алар дагы мусулмандарды өлтүрүп жатышат деп чакырык жасагандар болду. Кимди ким өлтүрүп жатканы, деги эле ал жакта эмне болуп жатканы тууралуу так кабары жок эле ушинтип чакырык салгандар болду” – дейт активист.

Борбор Азиянын секулярдык өлкөлөрү чөлкөмдөгү диний экстремизм коркунучуна каршы туруу аракетин көрүп келет. Чөлкөмдүн мамлекеттеринин миңдеген жарандары Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга аралашып жүргөнү белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG