Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Сот акыйкаттыгына зар болгон сот


Гүлайым Эркебаева Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө даттанып Бишкек шаардык сотуна арыз берди.
Гүлайым Эркебаева Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө даттанып Бишкек шаардык сотуна арыз берди.

Октябрь райондук сотунун мурдагы төрайымы Гүлайым Эркебаева эки жылдык сыноо мөөнөтү менен беш жылга шарттуу соттолду.

Анын адвокаты Таалайбек Саатов алдамчылык боюнча коюлган айыптоого эч кандай далил болбогонуна карабастан сот мыйзамды одоно бузуу менен бир жактуу өкүм чыгарганын белгиледи.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Архарова ал өкүмдү мыйзамдуу деп атап, кенен комментарий берүүдөн баш тартты.

Соттолуучу экс-судья Эркебаева ага козголгон кылмыш иши анын төрайымдыгына байланыштуу болгонун айтып, мунун артында ага өчөшүп калган жогорку даражалуу кызмат адамы турганын билдирди. Бирок ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна байланыштуу кылмыш ишин ачтыруунун артындагы таасирдүү аткаминердин ысымын атаган жок.

Кылмыш иши жалаага негизделгенби?

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Октябрь райондук сотунун мурдагы төрайымынын милдетин аткаруучу Гүлайым Эркебаевага айыптоо өкүмүн угузду. Ал алдамчылык жана пара алууга ортомчулук кылуу беренеси менен айыпталып, ага карата беш жылдык шарттуу жаза мөөнөтү чегерилди. Анын эки жылы сыноо мөөнөтү катары дайындалды.

Буга чейин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Эркебаева 2013-жылы 2-апрелде 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды” деп маалымат тараткан болчу. Бирок тергөөдө анын өз колу менен пара менен кармалбаганы аныкталган.

Эркебаеванын адвокаты Таалайбек Саатов сотто пара алуу же ага ортомчулук кылуу боюнча бир дагы далил тастыкталбаганына карабастан айыптоо өкүмү чыкканын айтты:

- Аны акча алып жаткан жеринен кармалды деп башында эле бир жактуу каралап, жалган маалымат жарыялашкан. Тергөөдө Эркебаева акчаны колуна албаганы далилденип отурат. Иштин материалында кимден акча алынганы жазылып турат. Анан ага карата жабырлануучу деген адамды “менден кылмыш ишти туура жагына чечип берүү үчүн акча талап кылды” деп жаздырышкан. Бирок ошол ишти караган адам акча талап кыла алат да. Ал иш болсо шаардык соттун кароосунда турган болсо, анан кантип арыз жазган адам Эркебаеванын кыймыл-аракетинен көз каранды болушу мүмкүн. Бул мыйзамга эле эмес, логикага сыйбаган нерсе. Ошол жагдайлар көз көрүнө турганына карабастан аны айыптоо өкүмү чыгып отурат. Бул жерде бир катар одоно мыйзам бузуулар болду.

Адвокаттын айтымында, ишти караган судья Кымбат Архарова сотто ал келтирген жүйөлөрдүн бирин да эске алган эмес. Анын айтымында, райондук соттун төрайымына кылмыш ишин козгоо укугу Башкы прокуратурада болгону менен аны Бишкек шаардык прокуратурасы мыйзамсыз козгогон. Мунун Баш мыйзамга каршы келери боюнча Конституциялык палатанын чечими соттун көңүл сыртында калган.

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова өзүнүн өкүмүнүн негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун түшүндүрүп берүүдөн баш тартты:

- Мен бул иш боюнча эч кандай комментарий бере албайм. Ошентип айтып, коргоп-жактоо бул адвокаттын укугу. Жактоочу деген жактоочу да. Ал өзүнүн ишин аткарып жатат. Айыптоого негиз болгон үчүн мен мыйзамдын алкагында ошондой өкүм чыгардым. Башка комментарий бере албайм.

Фигуралардын таймашы

Гүлайым Эркебаевага козголгон кылмыш ишин иликтөө эки жылга созулду. Ага башында пара алуу беренеси менен иш козголуп, кийин ал алдамчылык жана пара алууга ортомчулук деген айыптоо менен алмаштырылган.

Бул иштин түпкү себебин экс-судья Эркебаева кызматтык кызыкчылыктардын кагылышынан көрөт. Анткени Эркебаева эмгек жамаатынын кайрылуусунун негизинде Жогорку Соттун төрайымынын буйругу менен дайындалган. Бирок анын айтымында, бул чечим ал орунду башка бирөөгө дайындаган бийликтеги таасирдүү бир жетекчиге жаккан эмес.

Гүлайым Эркебаева атын атагандан чочуган таасирдүү адам сот тармагында эмес:

- Ал адам мен төрайым болуп дайындалган күнү эле “биз сенин бул жерди жетектегениңе каршыбыз, бул кызмат орунга сен отурбашың керек болчу” деген бир топ ачуу сөздөрдү уккам. Өзүнө жараша жообун бергем. Анан минтип төрайымдын милдетин аткаруучу болуп дайындалгандан кийин эле ушул окуя болуп жатат. Анан эми менин ошол ордума отурат элем деп, бирок ал ою ишке ашпай калган менин атаандашым - райондук соттун ошол судьясынын колунан бул иш келмек эмес. Иш козголгондон кийин 5-6 айлап, артымдан аңдуу коюп, балдарым ойноп жүргөн жерге чейин машине менен келип басым көрсөтүүнү уюштурган тарап андан жогору жакта. Мен бул тууралуу президентке жана парламентке кайрылып, бул ишке бийликтин чоң эшелонундагы бир адам аралашып калганын, менин укугумду мыйзам чегинде коргоого мүмкүнчүлүк берүүмдү суранган элем. Бирок ал жактардан эч кандай жооп келген жок.

Гүлайым Эркебаева Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө даттанып Бишкек шаардык сотуна арыз берди. Ал белгилүү коомдук жана саясий ишмер, учурда Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин кызы.

XS
SM
MD
LG