Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Жогорку Соттогу кадрдык калпыстыктар


Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Сот департаментинин директорлугуна Чүй облусунун прокурорунун орун басары Рыскул Бактыбаевдин талапкерлигин көрсөтүп, Соттор кеңешинен өтпөй калган.

Бирок Жогорку Соттун төрайымы департаменттин директорунун милдетин аткаруучу Урмат Кожомбердиевге көпчүлүк добуштун негизинде макулдук берүү боюнча Соттор кеңешинин чечимин четке каккан.

Жаш жана жигердүү жетекчиге бут тоскон мындай адилетсиз мамилеге даттанган эмгек жамааты мамлекет башчысына кайрылууга аргасыз болду. Эмгек жамаатынын кайрылуусунда "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын талабы эске алынбаганы эскертилген.

Эске алынбаган кызыкчылык

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева сот департаментинин директорлук кызмат ордуна Рыскул Бактыбаевдин талапкерлигине макулдук берүү боюнча Соттор кеңешине өтүнүч келтирген. Аны менен катар эле буга чейин аталган департамент жетекчисинин милдетин аткарып келген Урмат Кожомбердиев өзүнүн талапкерлигин сунуштаган.

Соттор кеңеши эки адамдын талапкерлигин альтернативдик негизде добушка койгон. Анын жыйынтыгы боюнча Жогорку Соттун төрайымы сунуштаган талапкер өтпөй калып, Урмат Кожомбердиев утуп чыккан. Буга байланыштуу Соттор кеңеши Урмат Кожомбердиевдин талапкерлигине макулдук берүү боюнча чечимди Жогорку Соттун төрайымынын дарегине жөнөткөн. Бирок Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Соттор кеңешинин чечимин четке кагып, тескерисинче, Урмат Кожомбердиевди департаменттин директорунун милдетин аткаруудан бошотуп салган.

Сот департаментинин өкүлү Жылдызбек Кудаяров мында эмгек жамааты менен Соттор кеңешинин саясий эрки басмырланып, көпчүлүктүн чечими негизсиз четке кагылды деп эсептейт:

- Жогорку Соттун төрайымы сот тармагында иштебеген адамды сунуштаган экен. Анын талапкерлиги каралыптыр. Ал киши өмүр бою прокуратура тармагында иштептир, азыр деле ошол жакта эмгектенет экен. Бирок анын талапкерлигин бул жакка сунуштоого кандай себеп болгонун айта албайбыз. Буга чейин жамаат менен жакшы иштешип, эки жылда өзүн көрсөткөн жаш жетекчи Урмат Кожомбердиев талапкерлигин сунуштап, аны Соттор кеңеши колдогон болчу. Ал буга чейин директордун милдетин аткаруучу болуп иштеп турган. Аны жетекчинин милдетин аткаруудан бошоткон буйрук чыгып отурат.

Феруза Жамашева.
Феруза Жамашева.

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Чүй облусунун прокурорунун орун басары Рыскул Бактыбаевдин талапкерлигин мурда да бир ирет көрсөтүп, бирок Соттор кеңеши айрым бир талаптарга байланыштуу аны кароодон баш тарткан.

Быйыл 6-ноябрда Рыскул Бактыбаевдин талапкерлиги экинчи ирет көрсөтүлгөн. Бирок "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамдын талабы боюнча ага альтернатива катары Жогорку Соттун төрайымы Жамашева сот департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Урмат Кожомбердиевдин талапкерлигин көрсөткөн эмес. Бирок ошол эле кезде "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамда анын талапкерлигин кароону чектеген да укуктук ченем жок.

Мыйзамда талапкерди төрайым сунуштайт, ага Соттор кеңеши макулдук берет деп турат. Төрайым Кожомбердиевди сунуштаган эмес.

Ошондуктан Соттор кеңеши өзүн-өзү көрсөткөн Урмат Кожомбердиевдин талапкерлигин Рыскул Бактыбаев менен бирге добушка койгон. Мына ушуга байланыштуу бул маселеде укуктук чалкештик келип чыкканын Соттор кеңешинин төрагасы Жакып Абдрахманов моюнга алды:

- Биз Кожомбердиевдин талапкерлигине макулдук бергенбиз. Ал буга чейин департаменттин директорлук милдетин убактылуу аткарып келген болчу. Бул кызматка Жогорку Соттун төрайымы дайындайт. Анан ал өзүнүн буйругу менен кайра аны милдетти аткаруудан бошотуп койду. Буга анын укугу бар. Мыйзам боюнча бизде мына ошол кызматка дайындоого макулдук берүү укугу бар. Ал эми Жогорку Соттун төрайымы мына ошол макулдуктун негизинде дайындайт. Бул жерде Кожомбердиев милдет аткаруучу болуп тургандыктан төрайым аны бошотуу укугунан пайдаланды.

Курсташың болсо “танкасың”

Ошол эле кезде Сот департаментинин эмгек жамааты өз кайрылуусунда талапкерлерди көрсөтүүдө аларга карата бирдей мамиле болбогонун жүйө келтирген. Анткени мында Чүй облусунун прокурорунун орун басары Рыскул Бактыбаев Жогорку Соттун төрайымынын курсташы болгон тааныштык фактор үстөмдүк кылганы байкалат.

Рыскул Бактыбаев.
Рыскул Бактыбаев.

Бул кызмат ордуна талапкерлиги расмий көрсөтүлгөн Чүй облусунун прокурорунун орун басары Рыскул Бактыбаев Жогорку Соттун төрайымы анын курсташы экенин тастыктаган менен, бул маселеде аталган тааныштык фактордун таасири болду деген дооматты четке какты:

- Соттор кеңеши башында менин талапкерлигимди карабай койгон эмес. Соттор кеңеши бир эле жолу караган. Болгону ошол. Бул жерде башка жагдай жок. Андай маалыматты билбейм. Менин талапкерлигим коюлуп, бирок ал жерде альтернатива болуп, анан ага мен катышкан эмесмин.

- Жогорку Соттун төрайымы сиздин курсташыңыз болобу?

- Ооба.

Соттор кеңешинин жалпы курамы он үч адамдан турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сот департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Урмат Кожомбердиев Соттор кеңешинин мына ошол жалпы курамынын он мүчөсүнүн колдоосуна ээ болгон.

Ошол эле кезде Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева көрсөткөн талапкер Бактыбаев болгону үч гана добуш алган. Ошентип, макулдук берүү чечими төрайым сунуштаган талапкердин пайдасына чыкпай калган. Бул тууралуу Соттор кеңешинин толук курамы кол койгон, 2014-жылдын 6-ноябрында чыккан чечиминде көрсөтүлгөн.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Соттун төрайымы тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисин Соттор кеңешинин макулдугу менен кызматка дайындайт же бошотот деп көрсөтүлгөн. Ошол эле кезде "Соттук өз алдынча башкаруу органы жөнүндө" мыйзамда Соттор кеңешинин чечимдери милдеттүү түрдө аткарууга жатат деп көрсөтүлгөн.

Соттор кеңешинин мүчөсү Дастанбай Айжигитов бул маселе боюнча мына буларга токтолду:

- Соттор кеңешинин жыйынында болгон добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча биз макулдукту департаменттин директорунун милдетин аткаруучу Кожомбердиевге бергенбиз. Мыйзамда талапкерди төрайым сунуштайт, ага Соттор кеңеши макулдук берет деп турат. Төрайым Кожомбердиевди сунуштаган эмес. Ал өзүнүн талапкерлигин өзү көрсөтүп чыккан. Добуш берүүдө альтернатива болсун деген негизде экөөнүн талапкерлигин коюп, Кожомбердиев өтүп кетти. Рыскул Бактыбаевдин талапкерлиги мурда сунушталганда караган эмеспиз. Анткени анын бир документтери жетишпей, ошону толуктап келүү жагы айтылган. Кийин экөөнүн талапкерлигин карап, анан ал аз добуш алып калды.

Ыйгарым укуктун ыңгайлуу жактары

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева өзү көрсөткөн талапкерге макулдук берилбей калган соң, Урмат Кожомбердиевди Сот департаментинин директорунун милдетинен бошотуп, бул кызматты бош орун катары жарыялаган. Убактылуу милдет аткаруу жагы департаменттин статс-катчысы Сталбек Калмаковго жүктөлгөн.

Соттор кеңеши ал сунуштаган талапкерге макулдук берүүгө гана укугу бар. Ал эми бул жагдайда төрайым Кожомбердиевдин талапкерлигин сунуштаган эмес.

Соттор кеңешинин Кожомбердиевди колдогон чечими менен Жогорку Соттун төрайымынын талапкер көргөзүү боюнча сунуштамасынын ортосундагы карама-каршылык учурда кайсыл укуктук ченем менен жана кандайча жөнгө салынары белгисиз. Бул боюнча Сот департаментинин эмгек жамаатынын президентке кайрылуусуна азырынча жооп келе элек.

Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев Сот департаментинин эмгек жамаатынын кайрылуусун аппараттын тиешелүү бөлүмү иликтеп жатканын белгиледи.

Президенттик аппараттын соттук-укуктук маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева бул маселе сот тармагынын өзүндө чечилүүгө тийиш деп эсептейт:

Индира Жолдубаева.
Индира Жолдубаева.

- Биз буга кирише албайбыз. Соттордун иш-аракетине байланыштуу бул маселеге кийлигишүүгө укугубуз жок. Анткени сот тармагы өзүнчө көз карандысыз бийлик бутагы. Мына ошого байланыштуу бул маселени карап чыгып, өзүбүздүн сунуштар менен аны Соттор кеңешине кайра жөнөтөбүз. Бирок азыр бул боюнча бизде чечим кабыл алына элек. Мына ошол кайрылуу катты жазган адамдар мыйзамды ийне-жибине чейин окуп чыгышса болмок. Департаменттин директорлук орду тандоо менен жүргүзүлбөйт. Аны дайындоо Жогорку Соттун төрайымынын ыйгарым укугу. Соттор кеңеши ал сунуштаган талапкерге макулдук берүүгө гана укугу бар. Ал эми бул жагдайда төрайым Кожомбердиевдин талапкерлигин сунуштаган эмес.

Эки талапкер эмнеси менен айырмаланат?

Сот департаментинин эмгек жамаатынын мамлекет башчысына кайрылуусунда эки жылдан бери жетекчилик милдетти аткарып келген 36 жаштагы Урмат Кожомбердиевдин ишмердигин жогору баалап, ага бир катар фактылар мисалга алынган. Алардын негизгилери катары өткөн эки жыл аралыгында соттук чечимдерди аткаруу 24 пайыздан 42 пайызга жогорулаганы жана сот аткаруу жыйымдарын чогултуу 3 миллион сомдон 18 миллион сомго көбөйгөнү көрсөтүлгөн.

Ал эми эч качан сот тармагында иштебеген Чүй облусунун прокурорунун орун басары Рыскул Бактыбаевдин талапкерлиги кандай критерийлер менен Соттор кеңешине көрсөтүлгөн деген суроо кайрылууда кабыргасынан коюлган. Рыскул Бактыбаев мурдагы бийлик режимдеринин тушунда Ош шаарынын прокурору, башкы прокурордун орун басары кызматтарында иштеген.

Адвокат Икрамидин Айткулов соттолуучу Акмат Бакиевдин жаза чарасын жумшартууга жана анын жатак абактан качуусуна Бактыбаевдин катыштыгы болгон деп парламентте билдирүү жасаган болчу. Мына ошондон соң ал Башкы прокуратурадан кызматтан кетип, Чүй облусунун прокурорунун орун басарлыгына дайындалган.

Жогорку Соттун маалымат кызматы Сот департаментинин жетекчисин дайындоо маселеси боюнча төрайым Феруза Жамашеванын кеңири жообу жакында жарыялана турганын билдирүү менен гана чектелди.

XS
SM
MD
LG