Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Сот реформасы ара жолдо


2011-жылы жарыяланган сот реформасы өзүн актабаганын эксперттер айтууда.
2011-жылы жарыяланган сот реформасы өзүн актабаганын эксперттер айтууда.

Президент Алмазбек Атамбаев төрт судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту. Эксперттер үч жыл мурда жарыяланган сот реформасы өзүн актабаганын айтышат.

Буга чейин пара алууга шектелген үч судья иштен четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген. Соттордун кызматтан кол жуусуна прокуратуранын арызы себеп болгон. Ал ортодо Сотторду тандоо кеңешинин мөөнөтү бүтүп, жаңы курам үчүн талапкерлер сунушталууда.

Ишенем дегендер аз

Кыргызстанда адамдар сотторго ишенбей турганы таңкалычтуу деле эмес. Ал парламенттик, өкмөттүк жана президенттик деңгээлде да айтылып келе жатканы белгилүү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгына ылайык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Калтарбек Кадыров, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Камчыбек Илиязов, ошондой эле Ош шаардык сотунун судьялары Закир Максутов менен Талант Жулдашев мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду. Алардын үстүнөн Башкы прокуратура арызданып, жоопкерчиликке тартууга Соттор кеңеши макулдугун берген. Ага чейин Соттор кеңеши Бишкектин Ленин райондук судьясы Марат Жээналиевди жана Оштун Кара-Кулжа райондук сотунун судьясы Абдижалил Эргешовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдук берген.

“Бирок бул аракеттер соттордогу терең тамырланган коррупцияны жоё албайт” дейт, Жарандык коом тарабынан түзүлгөн Сотторду көзөмөлдөө кеңешинин төрайымы Рита Карасартова:

- Балким кандайдыр бир иштер жасалып жаткандыр. Бирок сот системасын жакшы нукка бура турган системдүү, карапайым эл “ушул чечим соттун туура, калыс чечими болду” деп айта тургандай, реформа жүргөн жок. Миңдеген адамдар айрым соттордун чечимдерин акылы менен да, жүрөгү менен да түшүнө албай, “ушундай да чечим болобу” деп таң калып жүрүшөт.


Иши көрүнбөгөн Сотторду тандоо кеңеши

Ал ортодо 2011-жылы түзүлгөн Сотторду тандоо кеңеши өз мөөнөтүн аяктоодо. Бул кеңеш сынак аркылуу жергиликтүү жана Жогорку Соттун судьяларын иргеп алып, талапкерлерди президент менен парламентке сунуштоо милдетин аркалайт. Бирок анын судьяларды тандап алуу ишине президент ичи чыкпаганын билдиргенден кийин бул кеңеш жергиликтүү судьяларга сынак жарыялоону токтоткон жана бир жылдан бери тандоо жүргүзбөй турат. Рита Карасартова жаңы шайлана турган курамдын кесипкөйлүгүнөн да күмөн санайт.

- Аны ким кандай тандайт, белгисиз. Баягыдай эле саясий добуш менен тандалганы турат. Мейли саясий добуш беришсе да жакшы адамдарды алып келишсин. Бирок алар кандай ыкма менен иштешет? Эгер мурдагы курамдын судьяларды тандоо ыкмалары президентке жакпаса, анда азыркы курам кандай жол менен тандайт, бул да белгисиз. Ошон үчүн эки-үч жылдан бери ооз көптүрүп, реформа жасап жатабыз дегени өкүнүчтүү.

Жогорку Кеңештеги Сот, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Токтогул Тумановдун айтымында, судьяларды тандап алуу боюнча бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Сотторду тандоо кеңешинин тандоо жүргүзбөй турганы ошого байланыштуу.

- Токтоп калганы мыйзамдарды өзгөртүүгө байланыштуу болду. Жаңы курам шайланып бүткүчө мыйзам да кабыл алынып бүтөт. Азыр мыйзам долбоорлору экинчи окууда турат. Жаңы курам жаңы мыйзамдар менен иштеп баштайт.


Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевдин айтымында, алардын мөөнөтү 8-июнда аяктайт. Ага чейин жаңы курамды парламент шайлашы керек. Сотторду тандоо кеңешинин 24 мүчөсү бар. Алардын сегизин Соттор кеңеши, сегизин парламенттеги көпчүлүк, калганын парламенттеги оппозиция сунуштайт. Ал эми Кыргызстанда эки жыл ичинде жалпысы он чакты судья кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

XS
SM
MD
LG