Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Сот реформасы: президент талапкерлерди бекиткен жок


Президент Алмазбек Атамбаев Сотторду тандоо кеңеши райондор аралык сотторго сунуштаган судьяларды бекитпей, баарын артка кайтарды.

Буга аларды тандап алуудагы күмөн жараткан жагдайлар себеп болгон. Эки жыл мурда сот реформасын жарыялаган Кыргызстан аны Сотторду тандоо кеңешин түзүү менен баштаган болчу. Бирок ал кайрадан эле коррупциялык жол менен татыксыз сотторду тандай баштады деген дооматтар күчөдү.

Сотторду тандоо кеңеши райондор аралык соттун судьялыгына иргеп алып, сунуштаган 26 талапкерди президент Алмазбек Атамбаев кайра артка кайтарып берди. Ага Сотторду тандоо кеңешинин иргеп алуу ишине карата элдин, жарандык коомдун нааразылыгы жана айрым депутаттардын тандоону жүргүзүү боюнча эрежелерди жакшыртуу сунуштары себеп болгон.

“Сотторду тандоо кеңеши жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылган депутаттардын бири - Социал-демократтар фракциясынын өкүлү Токтогул Туманов. Жогорку Кеңештеги сот, укук маселелери жана мыйзамдуулук комитетин жетектеген Тумановдун пикиринде, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү коррупциялык аракеттерге жол берип жатканы боюнча маалыматтар бар.

- Фактылар жана маалыматтар бар. Бирок колунан кармап албагандан кийин күнөөлөш кыйын. Бирок муну Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн добуш бергендеринен байкаса болот. Анткени аз упай алган талапкерди негизсиз эле көп добуш берип өткөрүп коюп жатышат.

Мындан тышкары президенттин талапкерлерди артка кайтаруусуна алардын жеке жана кызматтык маалыматтары, мамлекеттик органдардын, аны менен катар чет элдик инвесторлордун билдирүүлөрү да түрткү болгон. Бирок президенттин талапкерлерди артка кайтаруусу жана иргеп алуу шарттарын жакшыртуу зарыл деген пикири Сотторду тандоо кеңешинин ишин туңгуюкка кептеп койду.

Аталган кеңештин төрагасы Шамарал Майчиев президенттин каршы пикирин кеңештин мүчөлөрү талкуулай электигин, бирок өзү жаңы эреже киргенче тандоо иштерин жүргүзбөй турат окшойбуз деген пикирин айтты. Президенттин тандоону жакшыртуу боюнча чечимин негизинен оң баалай турганын билдирген Шамарал Майчиев Сотторду тандоо кеңешинде коррупция бар дегенди четке какты.

- Судьяларды тандоо ачык эле өтүп жатат. Ар бир журналист жана жарандык коомдун өкүлү келип, катышып, баа берип, өз көзү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андайга эч бир тоскоолдук жок.

Ал депутат Токтогул Туманов Жогорку Кеңеш эс алуудан келер замат мыйзамга өзгөртүү киргизип, Сотторду тандоо кеңеши ишин жаңы эрежелер менен баштайт деген ишенимде.

- Биз мыйзам долбоору боюнча, сынактын үчүнчү турун алып салалы деп жатабыз. Анткени биринчи айлампада талапкердин кынтыксыз же кемчилиги бар экенин карап добуш берет. Экинчи айлампада болсо, жазуу түрүндөгү сынак алат. Коюлган упайлардын негизинде ушундан кийин эле талапкерлердин тизмеси президентке жөнөтүлүшү керек. Анткени добуш берүүгө келгенде баасы төмөн экендигине карабай эле өткөрүп коюп жатышат. Ушул жерде коррупция болуп жатат.

Бирок президенттин райондук соттордун судьяларын артка кайтарышы жарандык коомдо эки ача пикир жаратты. Президенттин кадамы таза сотторду тандоого өбөлгө болот деп колдоого алгандар да бар. Бирок сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартованын пикиринде, президент дүңүнөн эмес, ар бир талапкер боюнча маалымат бериши керек болчу.

- 26 талапкердин жеке ар бирине токтолуп, кеңири маалымат бериши керек болчу. Жалпы сөз менен эле коомчулукка жаккан жок дегени такыр туура эмес. Ар бирине, маселен, “Асанов сот болуп туруп мындай туура эмес иштерди жасаганы боюнча маалыматтар бар. Үсөновго мындай терс маалыматтар келген” деп, ар бирин негиздеш керек эле. Анткени алардын 60 пайызы биринчи жолу сот болуп жаткан кыз-жигиттер болчу. Алардын талапкерлиги эмне себептен ыргып кеткенин мен түшүнбөй турам.

Сотторду тандоо кеңеши мындан эки жыл илгери сот реформасынын алкагында түзүлгөн. Алар буга чейин Жогорку Соттун, шаардык соттордун жана Конституциялык палатанын судьяларын тандашкан.

XS
SM
MD
LG