Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Сот реформасы: Ак үйдү камаган митингчилер


15-августта да нааразылык акциясы өтүп, анын катышуучулары парламентке кирип бараткандардын жолун торошкон.
15-августта да нааразылык акциясы өтүп, анын катышуучулары парламентке кирип бараткандардын жолун торошкон.

Сот реформасынын жүрүшүнө нааразычылык күчөп, Сотторду тандоо кеңешинин ишмердүүлүгүнө ичи чыкпагандар көчөгө чыкты.

6-октябрда “Сотторду тандоо” кыймылы парламенттин алдында митинг уюштуруп, жүргүзүлүп жаткан сот реформасына макул эместигин билдирди.

Ушундай эле нааразычылык акциясын Cотторду тандоо кеңешинин отуруму жүрүп жаткан имараттын алдында “Мекен шейиттери” кыймылы дагы өткөрдү.

Тааныш жүздөр

Парламент алдына митингге чыккан “Сотторду тандоо” кыймылынын өкүлү Каныбек Сарымсаковдун айтымында, реформа деп айтылганы менен кыргыз соттору эч өзгөрүүсүз калууда.

- Акаев менен Бакиевдин учурунда иштеген сотторду жана прокурорлорду, коррупцияга малынган адамдарды Сотторду тандоо кеңеши кайра эле судьялыкка талапкер кылып жатат.

Бишкек, 10-ноябрь, 2010-жыл
Бишкек, 10-ноябрь, 2010-жыл
“Сотторду тандоо” кыймылы Жогорку Кеңештин сот жана укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаровго, Сотторду тандоо кеңешине жана Жогорку Сотко талапкер болгон судьяларга ишеним көрсөтпөй тургандыгын белгилешүүдө.

Мындан тышкары өткөн жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен кызматынан четтетилген сотторду айрым депутаттар кайра калыбына келтиргени жатканы дагы сындалууда.

Жогорку Кеңештин бул күнкү пленардык жыйынында өткөн жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен кызматтан алынган Жогорку Соттун 10 судьясынын кызматтан четтетилиши канчалык мыйзамдуу болгону каралмак. Бирок ал жыйындын күн тартибинен алынып салынды.

"Өзүңөр тарап кеткиле"

Ушул эле күнү “Ысык-Көл” мейманканасында Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү кезектеги жыйынга чогулду. Кеңештин мүчөлөрүнө нааразы болгон “Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын өкүлдөрү жыйын өтүп жаткан залга кирип барып, аларды өз ыктыяры менен тарап кетүүгө чакырды.

"Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын жетекчиси Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- "Чындап эле сот реформасы болсун, жарандык позициябыз эл менен, акыйкатчылык керек десеңер, анда өзүңөр кадам таштап, таркап кеткиле",-дедик.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров
6-октябрда түштөн кийин сот реформасына нааразы болгондор Жогорку Кеңештин каалгасын камалап, депутаттарды жана парламентке келген өкмөт мүчөлөрүн имаратка көпкө чейин киргизбей турду.

Парламенттеги Сот жана укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагасы Садыр Жапаров сот реформасы жаңы гана башталып жаткандыктан жогорудагыдай нааразычылыктарды орунсуз деп эсептейт.

- Менин маалыматым боюнча 200дөн ашык киши барып, Сотторду тандоо кеңешин кысымга алып, "өзүңөр арыз жазып кеткиле" деген. Бул - бейбаштык. Булардын баарына иш козгосо болот. Себеби биз реформаны жаңы гана баштадык. Азыр биринчи гана кадам ташталып жатат.

Тагдыры арсар Сотторду тандоо кеңеши

Ал аралыкта Сотторду тандоо кеңешинин ишмердүүлүгү иш жүзүндө токтоп жаткандыгын кеңештин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. 6-октябрдагы жыйында кеңештин ишин токтото туруу колго салынып, бирок кворум жоктугунан чечим кабыл алынган жок. Бул күнкү жыйынга Сотторду тандоо кеңешинин 22 мүчөсүнүн 15 гана катышкан.

- "Ишти токтотууну добушка койгом. Бирок 15 адам гана катышып, кворум жок болуп калды. Бирок де-факто иш токтоп турат. Себеби президент кайтарып берген 15 талапкерди мен кечээ президентке кайрып бердим", - дейт Шамарал Майчиев.

Жогорку Соттун судьялыгына талапкер болгон бул 15 талапкерди президент мурда Сотторду тандоо кеңешине кайтарып берген. Ал эми Шамарал Майчиев ишти токтотууга мыйзамдагы карама-каршылыктар негиз болуп жаткандыгын айтууда.

Быйыл Жогорку Кеңеште сот реформасын жүргүзүү боюнча кабыл алынган мыйзамдарда карама-каршылыктар бар экендигин президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев да белгиледи.

- Мыйзамдарды ишке ашырабыз деп жатканда ошол кемчиликтер оркоюп ачыкка чыга калууда. Эми ошону жоюп, анан ишти улантсак деп жатабыз. Себеби Жогорку Соттун судьяларын "кыйшык отургузуп" койсок, келечекте ушул чечимдер мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылат. Анда бул чоң жаңжалдарга алып келет.

Бирок мындай пикирлер менен парламенттеги Сот жана укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагасы Садыр Жапаров макул эмес. Ал мыйзамдар туура жана алардын аткарылышы сакталып жаткандыгын белгилөөдө.

- Мындай кине туура эмес. Анткени мыйзамда баарынын өз мөөнөтү көрсөтүлгөн. Мисалы, он күн документ кабыл алып караш керек деген сыяктуу эрежелер бар, анын баары сакталган. Бул жөн эле шылтоо, болгону мыйзамды аткаргысы келбей тебелеп жатышат.

Данияр Нарымбаевдин айтымында, мыйзамдардагы карама-карышылыктарды жойгон жаңы мыйзам долбоору депутаттар тарабынан жакынкы күндөрү парламентке киргизилгени турат.

Кошоктошкон митингдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

XS
SM
MD
LG