Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Адилет сотту тандаш арзан эмес


Укук коргоочулар кеңеши талапкерлердин аздыгына байланышкан алсыз атаандаштыктан улам, Жогорку Соттун судьялыгына кошумча сынак жарыялоо талабы менен чыкты.

Мындан сырткары укук коргоочулар Сотторду тандоо кеңешинин айрым мүчөлөрү өздөрү жогорку судьялык корпуска кирүүгө талапкерлигин коюп жатышын сындап чыгышты.

Укук коргоочулар талапкерлердин арасында ачык атаандаштык жок экендигин айтып, анын көпчүлүгүн учурда иштеп жүрүшкөн эски соттор түзөөрүн белгилешти. Мунун себебин алар сынактын коомчулукка кеңири жарыяланбагандыгынан жана анын мөөнөтүнүн кысталыштыгынан көрүшөт.

Кеңеште неге укук коргоочулар жок?

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Динара Ошурахунова Сотторду тандоо кеңешинин айрым мүчөлөрү өздөрү талапкерлигин коюп алышканын сындады:

- Сотторду тандоо кеңешинен Д. Боромбаева менен А. Ажибраимова Жогорку Сотко судьялыкка өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүп жатышат. Бул деген президенттикке талапкерлигин коюп, бирок Борбордук шайлоо комиссиясында да мүчө болуп отуруп алганга барабар көрүнүш. Мына ошондуктан биз алардан талапкерлигин алып салууну, же кеңештин курамынан биротоло чыгып кетүүлөрүн талап кылып жатабыз.

Динара Ошурахунова
Анткен менен Сотторду тандоо кеңешинин Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлигин койгон мүчөлөрү мындай дооматтарга макул эмес. Анткени, алардын айтымында, кеңештин мүчөлөрү судялыкка талапкерлигин коюуга мыйзам тыюу салбайт.

Айжамал Ажибраимова учурда кеңештин курамындагы мүчөлүгүн токтотуп, бардык талапкерлер менен бирдей шартта эле сынакка катышып жаткандыгына токтолду:

- Кайрадан талапкер катары катталган учурда биз кеңештин мүчөлүгүнөн чыгып кетип жатабыз. Мына ошондуктан мен тандоо кеңешинин ишине азыр катышпай эле турам. Мен башка талапкерлер катары ошолор менен бирдей шартта сынакка катышып жатам. Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү бизди башка талапкерлерге койгон талаптар менен эле тандап жатышат.

Сотко нааразыбы же басымбы?

Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын судьялыгына тандоо "Достук" мейманканасында өтүп жаткан учурда анын алдында сотторго нааразы болгон адамдардын тобу пикетке чыкты. Алар Сотторду тандоо кеңешинин курамында жана талапкерлердин арасында адилетсиз чечим чыгарып келгендер көп деп эсептешет:

- Силер акчасы көп адамдардын гана кызыкчылыгын коргоп келген сотторсуңар. Кайсы беттиңер менен кайрадан сот болобуз деп талапкерлигиңерди коюп жатасыңар. Силерде эч кандай уят жок! Биз силерди каалабайбыз!

Жогорку Соттун алдындагы нааразылык акциясы, 5-июль, 2010-жыл
Мында чогулган жарандардын тизмесине илинген Сотторду тандоо кеңешинин айрым мүчөлөрү бул нааразылык акциясын аларга басым көрсөтүш үчүн кайсы бир күчтөр аларга каршы атайын уюштуруп жатышат деген пикирде.

Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Жамал Жусупова жеке өзү адамдарды нааразы кылгыдай соттук ишинин таржымалында бир да жолу мыйзамсыз чечим чыгарбагандыгын белгиледи:

- Мен өзүмдүн отуз эки жылдык соттук тажрыйбамда айыпсыз бирөөнүн көз жашын көлдөтүп, тагдырын сындырган мыйзамсыз чечим чыгарган эмесмин деп тартынбай эле айта алам. Анан эмнеге эле булар конкреттүү бир чечим боюнча колдорунда далил жок эле каралап жатышканына таң калып турам. Албетте соттордун бардыгы эле таптаза дегенден алысмын. Кийинки жылдары чындыгында бирөөнүн камчысын чапкандар болду. Бирок бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей ошолордун айынан бардыгын эле акмак деп айтууга болбойт да.

Жалпысынан Жогорку Соттун 35 судьялык оруну үчүн 114 талапкер катталса, Конституциялык палатадагы он бир кызмат орду үчүн 30 адам ат салышууда. Сотторду тандоо кеңеши иргеп алган талапкерлер президенттин кароосуна жөнөтүлүп, андан соң ал кабыл алгандан кийин парламент бекитмекчи.

XS
SM
MD
LG