Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Акыркы үмүт Сотторду тандоо кеңешиндеби?


Жогорку Кеңеш акыркы жыйынында Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүүдө бир пикирге келе алган жок. 30-июнда сотторго нааразы болгон жарандар парламенттин алдына митингге чыкты.

Чогулгандар Сотторду тандоо кеңешине соттор тарабынан сунушталган талапкерлерге макул болбогонун айтышты.

Жогорку Кеңештин кечээ күнкү акыркы жыйынында депутаттар да Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүүдө бир пикирге келе алышкан жок.

Бир сот, эки башка чечим

Жамила Алмеизова Жогорку Соттун судьялары бир эле күндө эки башка чечим чыгарган учурду мисал тартууда.

- Судьялар Эсенгулова, Крицкая жана Жамангулова бир эле күндө эки башка чечим чыгарган. Бири менен канааттандырып, башка чечим менен канааттандырбай жатат. Муну эмне деп түшүнсө болот? "Жогорку Соттун жоругу жолдо калсын" деп гезиттерге жаздык. Анан кантип буларга ишенүүгө болот?

Сотторго нааразычылык билдирип, парламенттин алдына чыккан 200гө жакын адамдын ар бири өз башынан өткөн окуясын айтып, даттанышууда.

Укук коргоочулар Жогорку Соттун алдында “Түрк жаранынын зомбулугуна кабылган кыргыз кызынын укугун тебелетпейбиз” деген ураан алдында акция өткөрүштү. 7-июнь, 2011-жыл
Кыргызстанда жаңы Баш мыйзамга ылайык, 24 адамдан турган Сотторду тандоо кеңеши түзүлүүдө. Кыргызстандагы соттордун баары ушул Кеңеш аркылуу тандалмакчы. Анын үчтөн бирин оппозиция, үчтөн бирин көпчүлүктү түзгөн коалиция, ал эми үчтөн бирин соттор өздөрү сунуштайт.

Сотторго нааразы болгондордун арызын кабыл алган демилгечи топтун жетекчиси Тилек Жаныкеев соттор өздөрү сунуштаган 8 талапкерге ишенбөөчүлүк билдирүүдө.

- Эгер депутаттар сегиз судьяны Сотторду тандоо кеңешине өткөрүп жибере турган болсо, анда сот реформасы жөнүндө унутуп койсо деле болот. Аны жасайбыз деп убара болушпай эле коюшсун. Мындай сот реформасынан эч кандай натыйжа чыкпайт. Анткени булардын ар бирине элден түшкөн арыздар бар. Бир гана судья Ажыибраимованы айтсак, ал ондон ашык мыйзамсыз чечим чыгарган.

Жаныкеев мыйзамсыз чечим чыгарган сотторго карата элдин нааразычылыгы чегине жеткенин кошумчалады.

- Арыздарын көтөрүп миң киши келди. Ыйлап, жиндери кашайып, "мыйзамсыз соттор качан жоголот, болбосо радикалдуу кадамдарга барабыз" деп да жатышат. Ушуну соттор түшүнүп койсун.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова сотторго нааразы болгондордун талаптарын угуп, алардын көпчүлүгүн жөндүү деп эсептейт.

- Ушул жерде тургандардын 50 пайызы мурун-кийин биздин уюмга жардам сурап кайрылган. Көпчүлүгүнүн мүшкүлүн жана талаптарын билем. 60-70 пайызынын ушундай адилетсиз чечим чыгарган убактары бар. Жүз пайыз дебейм. Эл да жөндөн-жөн эле чыкпайт да.

Сотторду тандоо кеңеш кантип шайланууда?

Сотторду тандоо кеңешинин курамына Жогорку Кеңештин өзүндө да нааразычылыктар арбын. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков алар кандай негиздер менен тандалып жатат деп суроо коюууда.

-“Соттор кеңешине жакшы, кесипкөй адистерди тандайбыз, ушул сынакка катышкыла” деген жарыяны көрдүңөрбү? Мисалы мен андай жарыяны көргөн жокмун. Ачык-айкындуулук Соттор кеңешин тандоодо болгон жок. Анын мүчөлөрү эмне негизде тандалганын биз билген жокпуз, коомчулук да билген жок. Демек сотторду тандоо да ошол жол менен кетет. Анткени жабык, жашыруун жол менен келген адамдар сотторду ошондой жол менен тандай баштайт.

Равшан Жээнбеков
Сотторду тандоо кеңешине соттордун өздөрү тарабынан сунушталган 8 талапкердин алтоо 29-июнда Жогорку Кеңештин Сот жана укуктук маселелер боюнча комитетинин кароосунда жактырылган эмес. Ошол эле кезде оппозициядан жана көпчүлүк коалициядан сунушталган талапкерлер талаш жараткан жок.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин айтымында, соттор тарабынан көрсөтүлгөн 8 талапкер курултайда тандалып алынган.

- Сотторду тандоо кеңешине талапкерлерди тандоо боюнча Жогорку Стто соттордун кезексиз курултай өткөн. Ошондо мыйзам ылайык, соттордун арасынан талапкерлер сунушталган.

Бекитилбеген курам

Жогорку Кеңеш 30-октябрда акыркы сессиясын өткөрүп, эки айлык жайкы эс алууга чыкты. Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү чоң талаш-тартышты жараткан негизги маселе болду. Парламенттин Сот жана укуктук маселелер боюнча комитети сот өкүлдөрү сунуштаган талапкерлерге макулдук бербеген соң Сотторду тандоо кеңешин бекитүү белгисиз мөөнөткө калды. Комитеттин төрагасы Садыр Жапаров:
Ыйлап, жиндери кашайып, "мыйзамсыз соттор качан жоголот, болбосо радикалдуу кадамдарга барабыз" деп да жатышат.

- Жогорку Соттун төрайымы жана орун басарлары, сиздер мыйзамды карабай, акчаны гана карап келдиңиздер буга чейин. Мыйзамды карап туруп талапкерди жибербейсиңерби. "Кечирип койгулачы, бизден күнөө кетип калыптыр. Эмгек стажы 5 жылга толбогон жана ант албаган судьяны да сунуштап алыптырбыз" дебейсиңерби.

Кыргызстанда сотторду чукул реформалоо боюнча парламент жалпысынан беш мыйзам кабыл алган. Эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана жергиликтүү байкоочулар сот реформасын натыйжалуу жүргүзмөйүнчө өлкөнүн экономикасын көтөрүү мүмкүн эмес деп эсептешет. Бирок Сотторду тандоо кеңешинин бүгүнкүдөй курамы менен реформалардан майнап чыгарынан күмөн санагандар да бар.

XS
SM
MD
LG