Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Кыйноо боюнча дагы бир кылмыш иш ачылды


Башкы прокуратура Чүй облмилициясынын кызматкерлерине кылмыш ишин ачты. Алар суракка тартылган кызды кыйноого алышкан деп шектелүүдө.

Башкы прокуратуранын башкармалыгы “Дело №...” гезитинде ушул жылдын май айында жарыяланган маалыматтын негизинде иликтөө жүргүзгөн.

Маалыматка ылайык, окуя 2011-жылдын 27-январында болгон. Сокулук районунун Селекция айылында аялдын өлүгү табылып, бул окуя боюнча аталган райондун Ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголот. Тергөө учурунда Чүй облустук ички иштер башкармалыгына каза болгон аялдын сиңдиси суракка тартылып, көрсөтмө алуу учурунда милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганы жазылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаевдин айтымында, иликтөөнүн негизинде кыйноо фактылары аныкталды. Натыйжада Чүй облустук прокуратурасы Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш ишин ачты.

- Каза тапкан аялдын сиңдисин кармоо учурунда ар кандай кыйноо, психикалык залал келтирүү фактылары аныкталды. Ошондой эле кармалган адамдын мыйзамдык кызыкчылыктары жана укуктары одоно бузулгандыгы аныкталып атат. Ошонун негизинде Чүй облустук прокуратурасы тарабынан 305-берене (кызматтык абалынын пайдалануу, аша чабуу), 305-1-берене (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду.

Күнөөсү аныкталса, иштен кетет

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Жусубалиев катталган факт боюнча бир тараптуу тыянак чыгарууга эрте экенин билдирүүдө. Анын айтымында, көрсөтмө алуу учурунда кыйнады деген шек менен кылмыш иши козголгон кызматкерлер азыр деле иштеп жатышат. Эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.

- "Милиция кызматкерлеринин күнөөлөрү далилдениш үчүн облустук прокуратурага арыз жазгыла" деп арызданган адамдарга кеңеш кылгам. Прокуратура азыр текшерүү жүргүзүп жатат. Сот күнөөлүү деп тапса, кызматтан да четтетилет, ал тургай камалат.

Чүй облустук прокуратурасы тергөө кызыкчылыктарына байланыштуу азырынча тараптардын аты-жөнүн жана кошумча маалыматтарды ачыкка чыгарбай турууну туура көрүүдө.

Аягы жок кылмыш иштер

Укук коргоочулар 2010-жылы кыйноо фактылары көбөйгөнүн жана алардын 80% ашууну милиция кызматкерлери тарабынан жасаларын айтышууда.

24-январда Токтогулдан келген 20дан ашык адам милиция тарабынан кыйноолор токтотулсун деген талап менен Башкы прокуратуранын алдында митинг өткөргөн.
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, былтыр 300дөн ашуун кыйноо фактылары катталган.

- 2010-жылы биз 300дөн ашуун фактыны бергенбиз. Ошонун 90 пайызга жакыны Ички иштер министрлигине тиешелүү болуп калат.

Андан кийин аскерлер кыйнаган учурлар менен Коргоо министрлигине, Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан жана балдар үйүнөн катталган фактылар бар. Иш сотко өткөндөн кийин эле токтоп, кармалып аягына чыкпай тура берет.


Өткөн жылы башкы прокуратура кыйноо боюнча 97 кылмыш ишин козголгон. Ал кыскарып отуруп бирөө гана жоопкерчиликке тартылып, 3 жыл шарттуу кесилген. Акыйкатчы Турсунбек Акун кыйноо фактылары менен күрөшүүдө кыргызчылык, тууганчылык, жердешчилик деген түшүнүктөр “жеңип” кетип жатканын кабарлаган эле.

XS
SM
MD
LG