Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Милиция жаманаттыдан арылуу жолун издөөдө


Кыргызстанда милицияга карата тескери көз караш көп экенин ИИМ жетекчилиги өздөрү да айтууда.
Кыргызстанда милицияга карата тескери көз караш көп экенин ИИМ жетекчилиги өздөрү да айтууда.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев жарандык коом менен биргелешип иштөө демилгесин көтөрүүдө.

17-февралда министр бир катар жергиликтүү укук коргоо уюмдардын өкүлдөрүнө чогуу-чаран иштөөнүн жол-жобосун сунуштады.

Министр Зарылбек Рысалиев укук коргоочулар менен баарлашкан кезде азыр эл ичинде милиция тууралуу терс пикир басымдуулук кылаарын, буга негизинен тартип коргоо органдарынын кемчиликтери себепчи экенин мойнуна алды:

- Эки революциядан кийин өзүңүздөр көрүп жатасыздар, милициянын формасын кийип көчөгө чыккандарды кээ бирлер душман көрүп жатат. “Булар эски бийликтин калдыгы, же ошол бийликтин жакыны” деп түшүнүшүп, бизге жаман, тескери көз караш көп. Биз алиге чейин ошондон арыла албай жатабыз. Кантип арылабыз? Эмне кылабыз? Анан өзүбүздүн кызматкерлерибиздин арасында да кадр маселелерибиз бар, тартип-дисциплина жагыбыз деле ойдогудай эмес.

Буга улай министр соңку убакта милиция өзүнүн тикелей милдетин дээрлик аткарбай калганын белгиледи:

- 2010-жылы биз ишибиздин 70-80 пайызын көчөдө өткөрдүк. Митингдер, антимитингдер, жөө жүрүштөр, тигиндей, мындайлар болду. Шайлоону, референдумду айтпай эле коёлу. Дал ошол өкмөттүн турмуштук-социалдык чечилбеген маселелеринде биз турдук. Биздин өзүбүздүн түздөн-түз, тике милдеттерибизди аткарууга жолтоо көп.

Милиция башчысы күч органынын ишин жакшыртуу үчүн жарандык коомду жардамга чакырды. Министрликтин баардык бөлүмдөрүндө Коомдук байкоо кеңештерин түзүү буга алгачкы кадам болгонун айтты.

Укук коргоочулар менен тыгыз иштешүү кадыр-баркты кайтарабы?

ИИМдин илим изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров укук коргоочулар менен мындан ары такай иштеше турганын айтууда:

- Ички иштер кызматын өзгөртүү, аны реформалоо жалпы коомдук иш болуш керек. Мамлекет, өкмөт бул демилгени өзү алышы керек. Анан жарандык коом, бейөкмөт эмес уюмдар, укук коргоочулар бизге такай жардам бериши керек.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун эксперти Абдыкерим Ашыров милиция элге жүзүн буруу үчүн эң оболу кыйноолорду азайтуу зарыл экенин белгиледи:

- Булардын кызматкерлери, айрыкча түнүчүндө өздөрү менен өздөрү калат, эч ким көзөмөл кылбайт. Алар текшерүү үчүн алып келген адамдардын, кылмыш кылды деп шектелген, айыпталган адамдардын укугун одоно бузуп жатышат. Кыйноо көп. Өзгөчө чоң шаарларда эл көп болуп бири-бирин тааныбаган жерлерде милиция, анын ичинде өзгөчө оперативдүү кызматкерлери тараптан кыйноо көп.

“Эркиндик үнү” бейөкмөт уюумунун жетекчиси Сардар Багышбеков ИИМ коомчулук менен иштешүүгө даяр экенин эми иш жүзүндө бекемдеш керек деп эсептейт:

- Бүгүнкү күндө ИИМге ар кандай сындар айтылып жатат. Алардын айрымдары атүгүл негизсиз эле айтылган сындар. Мына ушундай жерден укук коргоочу уюмдар менен чогуу иштеп көп аракеттерди кылса болот. Бир жагынан милиция кызматкерлери өздөрүнүн укуктарын коргогонго жана бүгүнкү проблемаларын түдөн-түз ИИМдин башкы жетекчилерине жеткизүүгө бизге жакшы шарт түзүп берип жатат. Биз бул шартты колдонгонго аракет кылабыз.

Ички иштер министрлигинде буга чейин деле жарандык коом менен биргелешип иштөө аракеттери болуп келген. Бирок мындай аракеттер көбүнчө кагаз бетинде кала берчү. Адатта укук коргоочулар менен милиция кызматкерлеринин өз ара тынымсыз кайым айтышуулары гана журттун эсинде калган. Эми чындап тыгыз кызматташууга өтөр бекен?

XS
SM
MD
LG