Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 19:46

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн "Орусия өзүнүн аскердик ресурстарын өз аймагында кайсы жерге жайгаштыраарын өзү чечет" деп билдирди. Анын алдында "Орусия "Искандер" ракеталарын Калининград эксклавына орнотууну пландап жатат" деген кабарлар чыккан.

Ушул эле күнү Литванын президенти Далия Грибаускайте "орто аралыкка учуучу "Искандер" ракеталары ушул тапта Калининградга туруктуу негизде жайгаштырылууда. Бул Литвага эле эмес, Европа өлкөлөрүнүн жарымына коркунуч жаратат" деп билдирген.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Коргоо комитетинин башчысы Владимир Шаманов 5-февралда орусиялык маалымат агенттиктерине ракеталар орнотулуп жатканын бышыктаган.

Буга чейин Пентагон андай ракеталарды жайгаштыруу курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча 1987-жылы түзүлгөн келишимдин "ниетин жана духун бузуу" болуп эсептелээрин билдирген. АКШнын аскердик жетекчилери Орусия атайылап НАТОнун мүчөлөрүнө коркунуч жаратууну көздөйт деп эсептешет.

Түндүк Атлантикалык альянстын баш катчысынын орун басары Роуз Готтемюллер Калининградга ракета орнотулганы чын болуп чыкса, анда бул "өтө олуттуу маселе" экенин айтты.

"Искандер" ракеталары кадимки же өзөктүк дүрмөттү ташый алат жана 500 чакырым аралыкка жетет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG