Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:21

Апта: ЖЭБдеги жаңы жагдай, Сириядагы жалданма аскерлер


Бишкек жылуулук электр борбору, 27.01.2018

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Абактагы оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов 30-январдан, Кубанычбек Кадыров 31-январдан жана Эрнест Карыбеков 1-февралдан бери ачкачылык акциясын улантып жатышат.

Ишембиде жакындары абакка кирип, алардын абалын көрүп чыгышты. Бишкектеги “Саясий туткундарды коргоо комитетинин” төрагасы Сапар Аргынбаев "Бектур Асанов арыктап, ээк эттери кирип кетиптир, эриндери болсо канталап калыптыр. Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбековдун да аялдары киришкен, алардын абалы деле оор экен. "Карыбеков өтө арыктап жыгачтай болуп, сөөгү эле калыптыр" дешти, ал эми Кадыров суу ичип жатканы үчүн абалы өтө оор эмес, бирок кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жаткан экен", - деп “Азаттыкка” билдирди.

16-февралда Кыргызстандагы “Саясий туткундарды коргоо комитети” ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын абалына көңүл бурууну өтүнүп, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылды. Алар Улуттук коопсуздук комитеттин башчысы Абдил Сегизбаевдин, соттордун, прокурорлордун ишмердигин текшериш үчүн мамлекеттик комиссия түзүүнү, аларга нааразы болгон элдин үнүн угуп, мыйзамсыз иштерге чара көрүүнү өтүнүшкөн.

УКМК жетекчиси алардын талабы боюнча комментарий бере элек.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы болсо ачкачылык кармагандар дарыгерлердини көзөмөлүндө экенин билдирип келатат. Мекеменин өкүлү Александр Никсдорф "алардын абалы канааттандырарлык. Кадыров суу ичип жатат. Асанов менен Карыбеков суудан баш тартып жатышат. Аларга зарыл болгон процедураларды, тамчылатып дары куюп атышат” - деп, “Бектур Асанов өзү баса албай калды” деген маалыматты четке каккан.

Ачкачылык кармагандардын тарапкерлери митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Бейшембиде №47 колонияда жаткан жеринен Кадыров менен Карыбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Никсдорф муну Бишкек шаардык сотунун чечиминин күчүнө киргени менен түшүндүрдү. “Андан ары алар жазасын өтөө үчүн башка колонияларга бөлүштүрүлөт” деди.

Шаршембиде үч саясатчынын 20-30дай тарапташы Жогорку Кеңештин алдына нааразылык билдирип чыгышты. Акциянын уюштуруучулары алар менен жолугууга Ак үйдөн эч ким чыкпаганын журналисттерге билдиришти.

13-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев жана Талант Мамытов абакка барып, ачкачылык кармап жаткандардын ал-абалын сурап чыгышты. Эл өкүлдөрү дагы ачкачылык кармагандар алдан тайып баратканын коомчулукка айтышкан.

Депутат: Бектур Асановдун абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков “алардын өмүрү жөнүндөгү маселе күн тартибинде турса - анда реакция кылыш керек”, – деди “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып. Ошол эле маалда экс-спикер “күнөө кылган адам жазасын тартышы керек” деген позициясын да билдирди.

Жума башында Ак үй алдына пикетке чыккан активисттердин бири Өндүрүш Токтонасыров ачкачылык кармагандардын ден соолугун текшериш үчүн коомдук комиссия түзүү зарыл деп ойлойт.

Турсунбек Акун, 24-февраль, 2017-жыл
Турсунбек Акун, 24-февраль, 2017-жыл

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, өзү бир нече ирет ачкачылык жарыялаган Турсунбек Акун кургак ачкачылыкты дүйнөлүк коомчулук колдобой турганын, “андан адам тез эле мерт болуп калышы” мүмкүн деп эскертет. “Алардын өмүрүнөн айрылып калуу коркунучу турат” – деген Акун саясий акцияга бийлик өкүлдөрү, оболу Акыйкатчы институту көңүл бурушу керек деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков жана мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп 2016-жылы кармалган. Саясатчылар кармаларда интернетке алардыкына үнү окшош кишилердин сүйлөшүүсү жазылган аудио тасма жарыяланган эле.

Кийин бул иш боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов болсо төрт жылга шарттуу кесилген. Сот чечимине нааразы айыпталуучулар Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган.

7-февралда шаардык сот баштапкы өкүмдү күчүндө калтырды. “Мамлекеттик сыр” деген негизде жабык өткөн процессте Сарыгуловдон башка айыпталуучулар сот өкүмүн угууга катышкан жок.

Бишкек ЖЭБдеги авария: жаңы жагдайлар

Бейшембиде вице-премьер Аскарбек Шадиев жетектеген өкмөттүн мекеме аралык иликтөө комиссиясы 26-январдагы Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себебин аныктап, алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

Жума күнү депутаттык комиссия ЖЭБди көрүп келип, парламентте жыйын курду. Парламенттик комиссия кырсыктын себептери менен кошо жылуулук борборун модернизациялоого жумшалган 386 млн доллардын сарпталышын да иликтеп жатат.

Иликтөө комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы боюнча ЖЭБдин кызматкерлеринин, жабдууларынын катуу суукка даяр эместиги жана жаңы блокту ишке киргизүү үчүн химиялык тазалоодон өткөн, тузсуз суунун жетишпестиги аварияга түрткү болгон.

Депутаттык комиссия мүчөлөрү ЖЭБди модернизациялоого бөлүнгөн акча максатсыз пайдаланылганын белгилешти.

“Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын өкүлү Исхак Масалиев Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу жаңы жагдайды ачыкка чыгарды. Депутаттын белгилешинче, долбоордун техника-экономикалык негиздемеси эл аралык макулдашуу Жогорку Кеңеште ратификациялангандан жарым жылдан кийин бекитилген. Башкача айтканда кыргыз өкмөтү 386 млн. доллар акчаны Кытайдын “Эксимбанкынан” алгандан кийин гана долбоордун техника-экономикалык негиздемесин даярдаган.

“2013-жылы декабрда ЖЭБди модернизациялоо боюнча макулдашуу ар кандай жолдор менен ратификацияланды. Бирок 2014-жылдын 1-июнунда, жарым жылдан кийин гана долбоорлоо иштери башталган. Ал эми Мамлекеттик архитектура агенттиги 16-июнда гана техника-экономикалык негиздемени бекиткен. Анда Жогорку Кеңеш эмнени бекиткен? Буга ким жооп бере алат? – деген депутаттын суроосуна жыйынга катышып жаткан бийлик өкүлдөрүнүн эч кимиси жооп берген жок.

“Бир бол” фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев өлкөнү 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда Бишкек ЖЭБин жаңылоого 150 млн. доллар сарпталат деп көрсөтүлгөнүн, анан "386 млн. доллар кайдан чыкты?" деген суроону кабыргасынан койду.

​“TBEA менен түзүлгөн келишим 2013-жылдын 11-декабрында ратификация болгон. Стратегия болсо 2013-жылдын 18-декабрында бекиген. Ошондо эки сан жүрөт. ЖЭБди жаңылаш үчүн стратегияда "150 млн. доллар", ратификация боюнча "386 млн. доллар" деп жүрөт. Стратегияны болсо президент менен парламент бекиткен. Муну кантип түшүнсөк болот?" - деген суроо дагы жоопсуз калды.

Жыйынга катышып отурган Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов "маалыматты текшериш керек" деп айтуу менен чектелди.

Баш калаадагы ЖЭБди жаңылоого кеткен 386 миллион доллар кандай сарпталганын өлкөнүн Эсеп палатасы толук текшере албайт. Палатанын башчысы Улукбек Марипов TBEA менен түзүлгөн келишимде аудит жүргүзүү жол-жобосу так жазылбаганын, андыктан Кытайдан алынган жабдыктардын баасын текшерүү мүмкүн эмес экенин билдирди.

“Биз болгону насыя Кыргызстанда кандай сарпталганын гана текшере алабыз. Ал эми жабдыктар Кытайдан кандай баага алынганын текшере албайбыз", - деди Марипов.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков парламентте Бишкек ЖЭБи 30% гана жаңыланганын, аны толук модернизациялоого 600 миллион доллардан ашуун каражат керектигин билдирген.

Эл өкүлдөрү жыйында жылуулук борборундагы аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугуна да токтолушту.

Баш прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев ишке тиешелүү материалдар УКМга өткөрүлгөнүн, “бул абдан көлөмдүү иш, көп убакытты талап кылат. Ошондуктан азыр тигил же бул күнөөлүү деп айта албайбыз”, – деди депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып. Башкы көзөмөл органдын өкүлү “тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталат”- деп ишендирди.

Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү болсо тергөө иштери качан аяктарын, ал канчага созуларын так айта алган жок. “Тиешелүү материалдар жаңы эле алынып, кишилер суралып жатат. Мыйзам чегинде иш жүрө берет” деп гана чектелди.

Депутаттар мыйзам боюнча “Шалаакылык” беренеси менен кылмыш иши жооптуу кызмат адамдарына гана козголорун эскертишип, УКМК Бишкектин ЖЭБдеги чарбалык кызматкерлерди суракка алып жатканын сындашты.

“Эгерде өкмөттүн мүчөсү катары комитеттин жетекчисин, анын орун басарларын, өкмөттүн жетекчилерин, мэриянын жетекчилерин сурасаңар – башка жумуш. Анда туура болот. Силер ЖЭБде нөөмөттө иштеп жүргөн жөнөкөй адамдарды кызмат адамдары деп сурайсыңарбы? – деген суроону УКМКнын өкүлүнө депутат Мыктыбек Абдылдаев узатты.

26-январда Бишкек ЖЭБда авария болуп, баш калаа беш күн бою жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу ЖЭБдин директору жана “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчисинин орун басары "шалаакылык кылган" деп иштен алынган.

Сирия согушунда жалданган орусиялыктар

Узап бараткан жумада Сирияда АКШ башында турган антитеррористтик коалициянын абадан урган соккусунан орусиялыктар мерт болгону тууралуу карама-каршылыктуу маалыматтар жарыяланды.

7-февралда Дейр эз-Зор провинциясында өткөрүлгөн аба операциясында Сириянын өкмөтүн колдогон топтор бутага алынып, анын жүрүшүндө жүздөгөн адамдар мерт болгонун Пентагон өткөн аптада эле жарыялаган.

Кремль адегенде чет элдик жана жергиликтүү медианын “орусиялык жалданма аскерлер жок кылынган” деген кабарларын четке каккан.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу, 30-январь, 2018
Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу, 30-январь, 2018

Бейшембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги америкалыктардын соккусунан беш киши өлгөн болушу мүмкүн деп, бирок алар аскер адамдары эместигин билдирди. Тышкы иштер мекемесинин өкүлү Мария Захарова "алар 400, 200 же 100, 10 дагы эмес. Алдын ала маалыматка караганда, ошол куралдуу кагылышта сөз Орусиянын жараны деп болжолдонгон беш адамдын өлүмү тууралуу жүрүшү мүмкүн”, - деди маалымат жыйында.

Захарова кеп орус аскер кызматкерлери жөнүндө эместигин, алардын жарандыгын, Сирияда жүргөн максатын тактоо зарылдыгын кошумчалады.

Эл аралык агенттиктер АКШнын бир жума мурунку аба соккуларынан жүздөгөн адам өлгөнүн, алардын көпчүлүгү орусиялыктар деп жазышкан. "Рейтер" агенттиги 300гө чамалуу киши мерт болгон десе, “Нью-Йорк Таймс” гезити сириялык аскер адамынын айтканына таянып, өлгөндөрдүн ичинен 100 киши орусиялыктар экенин жазат. Агенттиктер алар Кремль менен байланыштагы “Вагнердин жеке аскер компаниясы” деген топто Башар Асаддын тарабында кызмат өтөшкөн деп кабарлашкан.

Сирия, 14-февраль, 2018.
Сирия, 14-февраль, 2018.

Орусияда чыккан “Новая газета” абадан урулган соккуда мерт болгон орусиялыктардын санын 13 киши, “Коммерсант” басылмасы 11 киши деп көргөзгөн. “Коммерсанттын” маектеши “Вагнердин компаниясында” 600гө чейин жалданма аскер болгонун айтат.

АКШнын коргоо министри Жим Меттис 13-февралда кабарчылардын суроолоруна “Борбордук командачылыкта же Пентагондо мындай маалымат алган жокпуз” деп жооп берген.

Орусиялык аскерий дарыгердин “Рейтер” агенттигине айтымында, жалданган орусиялыктардан 100дөй киши өлүп, 200дөй адам жарадар болгон. Сириядан соңку күндөрү эвакуациялангандар Орусиянын төрт аскерий госпиталына жеткирилген. 10-февралда эле 50дан ашык бейтап түшкөнүн, алардын 30% оор жарадар экенин айткан.

Аты-жөнүн жашырган башка дарыгер өткөн этегинен дүйшөмбүгө чейин үч учак менен жарадарлар жеткирилгенин билдирген.

Алеппо шаары
Алеппо шаары

"Вагнердин аскер компаниясы" чабуулга кабылганы тууралуу өзүн Донецк элдик республикасы деп атаган аймактын мурдагы талаа командири Игорь Гиркин (Стрелков) "ВКонтакте" сайтына жазды.

Маалыматтарга караганда, "Вагнердин аскер компаниясы" бейрасмий аскерий уюм. Анын мүчөлөрү буга чейин Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында жикчилдердин катарында жана Сирияда Асаддын тарабында согушуп жүрүшөт.

АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол немистердин телеканалына курган маегинде "Сирияда америкалыктар менен орустардын кагылышуусу улана берет" деген оюн айтты.

"Американын да, Орусиянын да аскерий күчтөрү турган жерде мындай болуп кетиши турган иш болчу. Ал жерде өлгөндөр бейрасмий аскерлер болгондуктан, президент Путин муну "ачуулуу америкалыктар жасады" деп айта албайт. Андыктан бул окуяга Путин сабырдуу мамиле жасады. Анысы жакшы. Бирок эми мындан ары эмне болоору азырынча чечиле элек. Тынчтыкты орнотууга, өткөөл өкмөт түзүүгө чындап киришкен аракетти мен көрө албай турам. Бийлик Асаддын колунда турганда согуш улана берет. Трамптын администрациясы америкалык аскерлер Сирияда дагы узакка калаарын расмий айтты. Андыктан алдыда дагы олуттуу кагылышуулар болушу мүмкүн", - деди мурдагы элчи.

Елена Матвеева
Елена Матвеева

Ал эми Свердлов облусунун тургуну Елена Матвеева “Азаттыктын” “Настоящее время” телеканалы менен 13-февралдагы маегинде күйөөсү Сирияга былтыр күзүндө кетип, азыр эми анын ошол жакта каза тапканы тууралуу бейрасмий кабар келгенин ыйлап айтып берди. “Менин күйөөм эле эмес, ал жакка жөнөтүлгөн бардык жигиттер тууралуу эл билиши керек. Аларды эмне үчүн жиберишкен?” – дейт үч баласы менен жесир калган келин.

Кремль Сириядагы орус армиясынын жоготуулары менен аскердик чыгымдарын, жоокерлеринин санын жашыруун кармоого аракеттенет.

Өткөн аптада Воронеж шаарында Сирияда атып түшүрүлгөн учкуч Роман Филипов акыркы сапарга узатылган.

Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы расмий маалымат боюнча 2015-жылдын күзүндө башталган. Былтыр декабрдын башында президент Путин Сириядагы Хмеймим базасына күтүүсүз барып, орус күчтөрүнүн орчундуу бөлүгүн чыгарып кетүү ишин баштоону буюрган. Жыл этегинде болсо Тартус портундагы орус базасын кеңейтүү боюнча келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG