Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 20:43

Апта: Депутатта кош жарандык, Чыгыш Гутада кризис


"Кыргызстан" фракциясынын желеги

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экени ырасталды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги анын жарандыгын расмий ырастап, Кыргызстандын дипломатиялык мекемесине нота жибергени 22-февралда белгилүү болду.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин жетекчиси Алмас Саудабаев “Казинформ” маалымат агенттигине “Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусунун Кордай районунда туулган, улуту казак. Жашы жеткенде туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде Казакстандын жарандыгын ырастаган документти – паспорт алган”,- деп билдирген.

Дамирбек Асылбек уулу
Дамирбек Асылбек уулу

Дамирбек Асылбек уулу документтеринин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Казакстандын паспортун 2010-жылы экинчи жолу алганын айткан Садубаев жарандыктан чыгуу тууралуу тиешелүү мекемелерге кайрылбаганын, учурда бул факт боюнча “кызматтык иликтөө жүрүп жатканын” да кошумчалаган.

Жогорку Кеңешке эки жолу шайланган эл өкүлүндө башка өлкөнүн жарандыгы бардыгы кыргыз коомунда кызуу талкууланып жатат.

Дамирбек Асылбек уулу 2009-жылы бийликчил “Ак жол” партиясынын тизмесинен, экинчи ирет 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка келген.

Кыргызстандын мыйзамдары Жогорку Кеңештин депутатына кош жарандык алууга уруксат бербейт. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлерди каттаар алдында анын соттолгон же соттолбогонун, башка өлкөнүн жарандыгын алган-албаганын тыкыр текшерип чыгышы керек.

БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештин депутаттыгына Кыргызстандын паспортунун негизинде катталганын, эгер башка жарандыгы аныкталса, мандатынан ажыратыларын айтты.

- Биринчи кезекте ал өзү жарандыгын жашырган адам катары кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгерде Дамирбек Асылбек уулунда башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин тастыктаган документтер келсе, анын мандаты алынат. Конституциялык мыйзамдын 65-беренесинде депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча негиздердин ичинде ушул да бар, - деп түшүндүрдү БШК өкүлү.

Ички иштер министрлиги талапкердин кош жарандыгы тууралуу маалыматты текшерүү алардын милдетине кирбей турганын билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети бул тууралуу азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

Коомдук ишмер, мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов мамлекеттик жооптуу ишке келип жаткан ар бир адам атайын кызматтардын кылдат текшерүүсүнөн өткөнүн эске салды.

- Ар бир жооптуу кызматкердин жети атасы болбосо да үч атасына чейин текшерүү жүргүзүлчү. Азыр андай текшерүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк мурдагыдан дагы кеңири. Техникалык мүмкүнчүлүктөр, интернет, байланыш жеңил. Мамлекетте иш шалдырай баштаганда система бардык жагынан бошой баштайт, - деген Байболов мамлекеттик купуя маалыматты камтыган документтерди алууга укугу барлар үчүн бул өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев шайлоого талапкерлердин тизмеси түзүлгөндө ага киргендер күч органдарында бир нече текшерүүдөн өтүп, кандайдыр бир компромат материалдардан бери каралып, анан Борбордук шайлоо комиссиясына берилет деп түшүндүрдү:

- Депутаттын ишине байланыштуу Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети аябай дыкат текшерүү жүргүзүшү керек. Ал депутаттыкка катталып жатканда тиешелүү текшерүүлөр канчалык толук кандуу жүргөнүн, эмне себептен бул жигиттин жарандыгы билинбей калганын иликтөө зарыл. Эмне себептен анын башка жарандыгы аныкталбай калганын, же кимдир бирөө маалыматты жашырып койсо ошол органдын кызматкерлери жоопко тартылышы керек, - деди Коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөбаев "Азаттык” радиосуна сүйлөгөндө.

Ал ортодо Асылбек уулу буга чейин аты-жөнүн жана туулган жылын өзгөрткөнү тууралуу да маалыматтар чыкты. Социалдык медиада Дамирбек Асылбек уулу бир мезгилде “1979-жылы туулган Динарбек Супатаев” деген ысым менен бир нече спорттук мелдешке катышып жүргөнү белгилүү болду.

Маалыматтарга караганда ал Казакстандын жарандыгын алганда кадеттердин мелдештерине катышуу үчүн жашын эки жылга кичирейтип алган.

Чындыгында эле депутатты айрым жердештери жана спорт чөйрөсүндөгүлөр “Динарбек, Дина” деген ат менен таанышат экен.

Өлкөнүн күрөш боюнча курамасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Алмаз Касенов депутат ал кезде “Динарбек Супатаев” деген ысым менен эл аралык мелдештерге катышып жүргөнүн ырастады.

- Ал жигит 1998-1999-жылдары кадеттер арасында Азиянын чемпиону болду. Бир катар мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип жүрдү. Кийин казактар чакырып, Казакстандын атынан күрөшүп, Монголияда 2001-жылы өткөн Азия чемпиондугунда экинчи орунга татыган, - деди Касенов «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып.

Грек-рим күрөшү боюнча тренер Мейрамбек Ахметов Дамирбек анын кол алдында машыгып жүргөнүн, 1979-жылы туулганын жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтты.

- Мен аны машыктырып жүргөндө туулган жылы 1979-жыл болчу. Кийин Казакстанга кетип калды. Ал жакта кайсы жаштагылар менен таймашып жүргөнүн билбейм, - деди Ахметов.

Асылбек уулу Дамирбек грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери. 2012-жылдан бери Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти. Расмий документинде 1981-жылы туулган деп көрсөтүлгөн.

Алмазбек Баатырбеков
Алмазбек Баатырбеков

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын жетекчилиги Асылбек уулу 2015-жылы шайлоону утурлай түзүлгөн партияга өз каалоосу менен кошулганын билдирди.

- Асылбек уулу саясатка аралашам деген өзүнүн каалоосу жана тааныштардын сунушу менен кошулган. Дамирбектин жарандыгы боюнча айтылган эмес, – деди фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков.

Ал 1990-жылдары көпчүлүк спортчулар башка өлкөлөрдүн атынан мелдешке катышканын, Асылбек уулуна дагы документти мамлекет өзү жасап бериши мүмкүн экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков казак Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулинге кат жолдоп, кармалган депутаттын ишин эл аралык стандарттардын алкагында кароого жана кыргыз парламентарийлери менен жолугушуусун уюштурууга көмөктөшүүнү өтүндү.

Дүйшөмбүдө Казакстандын Башкы прокуратурасы 15-16-февралда бир нече жерде өткөрүлгөн масштабдуу операция маалында тартылган видеону көргөзүп, комментарий берди. Анда аткезчилик менен алектенген сегиз кылмыш тобун колго түшүрүү операциясы мурдатан бери эле даярдалганы, казак-кытай, казак-кыргыз жана казак-өзбек бажы бекеттериндеги коррупциялык туруктуу айла-амалдардын бети ачылганы айтылат.

"Казакстанга Кытайдан товарлар аткезчилик жол менен ташылып турган. Ошондой эле товарлар Кыргызстандын бажы администрациясы жана жасалма документтери аркылуу көмүскөдөгү ыкмалар менен ташылган. Кылмышка шектүүлөргө бажы органдарынын жана Чек ара кызматынын айрым жооптуу кызматкерлери жардам берип жүрүшкөн. Товарлар Казакстандын жана Орусиянын ири шаарларына жөнөтүлгөн", - деп айтылат казак Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө.

Алматынын Алмалы райондук соту депутат Дамирбек Асылбек уулун, аны менен бирге кармалган Кыргызстандын жарандары Улан Мурадиловду жана Чыңгыз Абакировду “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар жана башка предметтерди алып өтүү” жана “Трансулуттук уюшкан топко же трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренелери боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.​

Чыгыш Гута кризиске кептелди

Сирияда козголоңчулардын анклавы болгон Чыгыш Гутаны бомбалоо уланып жатат. Аймакта гуманитардык кризис күч алганы айтылууда. Жума бою бул аймакта бомбалоодон 400дөн ашуун киши кырылганы кабарланды.

24-февралда БУУнун Коопсуздук кеңеши Cириядагы ок атышууну токтотуу боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Бул тынчтык келишими чукул арада ишке кирери күтүлүүдө.

АКШнын Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Орусиянын макул деп добуш бергенине карабай Москваны кескин сындады. Ники Хейли бул документти эртелеп кабыл алуу менен жүздөгөн өмүрдү сактап калууга болмок деди.

Ал эми Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя өз кезегинде АКШнын Сирия боюнча кадамын айыптап, Москва резолюциянын “субъективдүү чечмеленишине”жана аймактагы чыңалууну курчутууга жол бербесин эскертти.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин баш катчысы Антониу Гутерреш 22-февралдагы жыйында сүйлөгөндө бул аймактын карапайым калкы “үрөй учурган азапка кабылганын” айткан.

- 400 миң киши тирүүлөй тозокто жашап жатат. Чыгыш Гутадагы согуштук аракеттерге аралашкандардын баарына муну тезинен токтотуп, муктаждардын баарына гуманитардык жардам жетишине шарт түзүүгө чакырам, – деген Гутерреш.

Чыгыш Гута, Сирия
Чыгыш Гута, Сирия

Баш катчы Чыгыш Гутага көзөмөлдүк кылган козголоңчулардын аракетин сындап, эки тарап тең гуманитардык укукка баш ийип, карапайым калкты аяшы керектигин баса белгилеген.

Дамаскка канаатташ жайгашкан Чыгыш Гута районуна абадан сокку уруу 18-февралдын кечинде башталган. "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" уюмунун эсебинде, бомба чабуулдарынан кеминде 400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды, анын ичинде мерт болгон балдар 100гө чукулдады.

Күбөлөрдүн жана кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрүнүн белгилешинче, көп кабаттуу үйлөр, ооруканалар, мечиттер, базарлар бутага алынып, талкаланып жатат. Ондон ашуун оорукана жарадарларга жардам берүүгө дээрлик жарабай калды. Арбиндеги маанилүү госпитал эки жолу орусиялык аскерий учактардын чабуулуна кабылып, иштен чыкты.

Кыргын болуп жаткан жерде калгандар кырдаал чегине жеткенин, дары-дармек, таза суу түгөнгөнүн билдирүүдө. Улуттар Уюмунун баш катчысы Гутерреш ооруканаларды бомбалоону кескин сындап, 700дөн ашуун киши тезинен эвакуацияга муктаж экенин айтты.

БУУнун өкүлдөрү аймакка баррел (курамында ар кандай жардыруучу заты бар) бомбалары ташталып жатканын маалымдашкан.

Москва жана Дамаск бул аймакта согушкерлер гана бутага алынганын билдирип келет.

АКШ Сириядагы кан төгүү үчүн Сириянын президенти Башар Асаддын режими менен катар Орусияны “өзгөчө жооптуу” деп айыптады.

Чыгыш Гута, Сирия
Чыгыш Гута, Сирия

Орусия, Иран жана Түркия демөөрчү болгон Астана сүйлөшүүлөрүндө Чыгыш Гута “деэскалация зонасынын” бири катары аныкталып, ал жерде ок атышуу токтошу керек болчу.

Москва менен Тегеран Дамасктагы режимге басым көрсөтүшү керек деген эл аралык чакырыктарга 23-февралда Түркия да кошулду. "Орусия жана Иран режимди токтотушу керек",- деди түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглы.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини 23-февралдагы билдирүүсүндө Чыгыш Гутанын бомбаланып жатышын "кыргын" деп атап, аны токтотууга үндөдү.

Орусия болсо Сириядагы жаңжалдашкан бардык тараптарды чогуу отуруп, кризистен чыгуунун жолун талкуулоого чакырарын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Улуттар Уюмунун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистура Чыгыш Гутадагы кан төгүүнү бир жыл мурун Алепподо болгон кандуу кармаштар менен салыштырып, “трагедия күндөн күнгө күчөп” баратканын эскертти.

Чыгыш Гута – баш калаа Дамаскка жакын жайгашкан козголоңчулардын колундагы анклав. 2013-жылдан бери Сириянын өкмөтүк күчтөрүнүн курчоосунда турган бул аймакта, Улуттар Уюмунун эсебинде, 400 миңдей киши жашайт.

"Эл аралык мунапыс": дүйнө лидерлери адам укугуна кол шилтеди

Бейшембиде "Эл аралык мунапыс" укук коргоо уюму жарыялаган баяндамада 2017-жылы бир катар дүйнө лидерлери "адам укуктары маселесин көңүлдөн тыш калтырды" деген сын айтылат. Баяндамага 159 мамлекет камтылган.

АКШ президенти Дональд Трамптын алты мусулман мамлекетинин жарандарынын Америкага кирүүсүнө тыюу салган талаштуу жарлыгы бөлүп көргөзүлгөн.

Трамп менен кошо сынга кабылган дүйнө лидерлеринин арасында кытай жетекчиси Си Цзинпин, орус президенти Владимир Путин, Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси, Филиппиндин лидери Родриге Дутерте, Венесуэланын президенти Николас Мадуро да бар.

Муканбаева: Кыргызстанда адам укугу көп бузулат

Муканбаева: Кыргызстанда адам укугу көп бузулат

Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктеринин азыркы абалы кандай? Кайсы маселелер көз жаздымда калып жатат?

"Эл аралык мунапыс" аларды “миллиондогон адамдарын укуктарын ташбоордук” менен басмырлоодо деп айыптайт.

Укук коргоочу уюм ошондой эле дүйнөдө адам укуктарын коргогон саналуу гана өлкөлөр калды деп коңгуроо кагат. Эл аралык уюмдун баш катчысы Салил Шетти “жек көрүүгө жык толгон риториканын күч алышы дүйнөдө реалдуу кесепеттерин тийгизди”, – деп баса белгиледи.

“2018-жыл жөн эле айыптап коюп, жоопкерчиликтен буйтаган лидерлерге эмес, качкындарды, укук коргоочуларды, адам укуктарынын баалуулугун, ар-намысты жана теңдикти тайманбай коргой турган лидерлерге муктаж”, - деди уюмдун баш катчысы.

"Эл аралык мунапыс" жек көрүүнүн айкын мисалы деп Түштүк-Чыгыш Азиянын Мьянма өлкөсүндө былтыр оң миңдеген рохинжа мусулмандары көргөн азап-тозокту белгилеп, аны “этностук тазалоо” катары баалаган.

Мьянма, Ирак, Түштүк Судан, Сирия, Йемен сындуу мамлекеттердеги аскердик жана адамзатка каршы кылмыштар көз жаздымда калып жатканына токтолуп, уюм муну адам укуктары боюнча лидердин жоктугу менен түшүндүрөт.

Баяндаманын Кыргызстан боюнча бөлүгүндө бийлик өзгөчө президенттик шайлоо алдында элдин ой-пикир билдирүү, тынч жыйналуу укугун чектегени белгиленген. Буга "Zanoza.kg" сайтына, журналист Нарын Айыпка, укук коргоочу Чолпон Жакуповга каршы сот чечимдери мисал келтирилген.

Ага катар Кыргызстанда ЛГБТ өкүлдөрү дискриминацияга, кысымга кабылып жатканы айтылат. "Эл аралык мунапыс" “абийир туткуну” деп атаган укук коргоочу Азимжан Аскаров али абакта экени эске салынат.

“Трансперенси Интернешнл”: Кыргызстан менен Орусия бир сапта

21-февралда “Трансперенси Интернешнл” уюмунун коррупциянын деңгээлин аныктаган жаңы баяндамасы жарыяланды. Анда дүйнө өлкөлөрүнүн үчтөн экисинде же дээрлик 65% коррупциянын деңгээли өтө жогору экени белгиленет.

“Коррупцияны кабылдоо индекси-2017” деп аталган докладда мурдагы жылдарга караганда Кыргызстандын көрсөткүчү бир баскычка жогорулап, Орусия, Парагвай, Жаңы Гвинея, Мексика, Лаос, Гондурас жана Доминика Республикасы менен бирдей орун алган.

Уюмдун Борбор Азия боюнча координатору Светлана Савицкая “Азаттык” радиосуна берген маегинде паракорлукка каршы күрөштө көпчүлүк өлкөлөр чабалдык кылып жатышканына, анын себептерине токтолду.

- Жалпы эркиндиктерди, басма сөз эркиндигин чектөө, жарандык коомдун өкүлдөрүн, иликтөөчү журналисттерди басмырлап куугунтуктоо сыяктуу көрүнүштөр менен коррупциянын ортосунда байланыш бар, – деди уюмдун өкүлү Савицкая.

Баяндамада “коррупциянын деңгээли жогору өлкөлөрдө маалымат каражаттарын жана бейөкмөт уюмдарын коргоо көрсөткүчтөрү да начар” экени баса белгиленет.

Жемкорлук жогору өлкөлөрдүн көбүндө “авторитардык режим өкүм сүрүп, укук бузуулар кенен жайылган” – деп айтылат. Уюмдун өкүлүнүн белгилешинче, “соңку мезгилде жарандык коомдун эркиндигин кыйла чектеген, иликтөөчү журналисттерди куугунтуктаган аракеттер байкалууда. Мунун баары маселени чечпестен, анын көбөйүшүнө себепчи болуп жатат”.

“Трансперенси Интернешнл” уюмунун жаңы доклады жарандык активдүүлүк жана басма сөз эркиндигинин абалы менен коррупциянын ортосунда жакын байланыш бар деген бүтүмгө келет. Бийлик медиага, жарандык коомго канчалык эркиндик берсе, андай жерде паракорлукту азайтуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук жогору болот. Андыктан эл аралык уюм улуттук өкмөттөрдү медиага жана жарандык коомго чындап эркиндик берүүгө үндөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG