Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:44

Апта: өкчөлгөн өкмөт, саясий ачкачылык


Жума ичинде дүйнөдө жана Кыргызстанда болгон окуяларды "Апта" түрмөгүндө баяндайбыз.

Жогорку Кеңеш Бишкекте жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган абалга байланыштуу өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Премьер-министр жоопкерчиликти өзүнө аларын жарыялап, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча окуянын чыныгы күнөөкөрлөрү аныктала турганын убада кылды. Бирок анын саясий жоопкерчилигин кароо маселеси ачык бойдон калды.

Абактагы саясий туткундар кургак ачкачылык жарыялап чыгышты. Ошол эле кезде Тогуз-Торо менен Кадамжайда кен иштетүүгө каршы жергиликтүү калктын нааразылык митингдери өттү.

Январь айынын аягындагы катуу суук учурунда Бишкектеги жылуулук берүү борборундагы авария жана анын кесепетинен шаар калкынын жылуулуксуз калышы өкмөттүн кышка даярдыгын сынады. Жаңыдан эле оңдоодон өткөн жылуулук берүү борборунун катуу суукка туруштук бере албай, иштен чыгуусун андагы адистер эски блоктогу насостордун бузулушу менен байланыштырышты.

"Жооткоткон" жеке жоопкерчилик

Бул жагдай кышка карата даярдыктын начардыгын, жылуулук берүү борборун оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын туура эмес сарпталгандыгы боюнча маселени күн тартибине алып чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев түзүлгөн кырдаал боюнча парламенттеги жыйында өкмөт башчысынын жеке жоопкерчилиги боюнча маселени койду:

- Урматтуу премьер-министр, Конституцияга кайрылсак, анда "премьер-министр өкмөттү башкарат, Жогорку Кеңештин астында өкмөттүн иши боюнча жеке жоопкерчилик тартат" деп көрсөтүлүп турат. Азыркы түзүлгөн кырдаал үчүн өкмөт башчысынын жоопкерчилик тартуу маселесин сиз кандай түшүнөсүз? Буга чейин программаңызда жаңы доорду алып келериңизди айтып, убада бердиңиз эле. Бирок биз Бишкек ЖЭБи боюнча барып, андагы насостук станцияларды көргөнүбүздө ал жакта муз доору өкүм сүргөндөй экен. Ал көрүнүш үчүн сиздин жеке жоопкерчилигиңиз кандай болушу керек?

Премьер-министр Сапар Исаков жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учураткан жагдай үчүн Бишкектин тургундарынан кечирим сурады. Исаков Бишкек жылуулук берүү борборундагы авариядан улам түзүлгөн кырдаал үчүн жоопкерчиликти толугу менен өзүнө ала турганын билдирди.

ЖЭБдеги оңдоо иши качан бүтөрү белгисиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Парламенттеги депутаттардын айрымдары Сапар Исаковдун жоопкерчиликти өзүнө алам дегенин мактап, муну эрдик катары баалап жиберишти. Бирок премьер-министр Сапар Исаков өзү кандайча жеке жоопкерчилик тартарын ачык айткан жери жок. Ал иликтөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү жететекчилерди гана жазалай турганын белгилеп, бирок азыр сабырдуулук керек экенин айтуу менен чектелди:

- Эми мен өзүмдү актагым келбейт. Биздин иштегенибизге беш ай болду. Бир аз убакыт бергиле. Биз иштейли. Мен жоопкерчиликти толук өзүмө алам. Бул боюнча тиешелүү билдирүү жасадым. Борбор калаанын тургундарына кайрылдым. Азыр биз тиешелүү чаралардын баарын көрүп жатабыз. Кээ бир нерселерди моюнга алышыбыз керек. Чынында эле Бишкек ЖЭБинин эски бөлүгүндө абал начар экен. Насостук станциялар эскириптир. Аны эми иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Ким каякта кандай нерселерди жасаганын ошонун жыйынтыгы боюнча билебиз. Анан мен тиешелүү чаралардын баарын көрөм.

Исаков: ЖЭБ боюнча жоопкерчиликти өзүмө алам
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Премьер-министр Сапар Исаков түзүлгөн кырдаал үчүн Бишкек ЖЭБинин жетекчиси Өмүркул уулу Нурланды жана "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоевди кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизгенин жарыялаган. Өкмөт башчы калган кызмат адамдарынын жоопкерчилиги иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аныктала турганын айткан.

Парламенттеги жыйында түзүлгөн кырдаал үчүн кетирген кемчиликти сезип, кызматынан кетүүгө бел байлагандар болбоду. "Республика-Ата Журт" фракциясынын жетекчиси Руслан Казакпаев мындай дейт:

- Күнөөлүүлөрдү атайын комиссия аныктай турганын айттыңыз. Бирок ушул күнгө карата түзүлгөн кырдаалга катышы бар экенин айтып, кызматынан өз ыктыяры менен кетиш үчүн кайрылып, расмий түрдө арыз жазгандар болдубу? Эгерде жетекчилердин эч кимиси жоопкерчилигин сезип, антип кайрылбаса, анда бул абийирдин, ар-намыстын, кайдыгерликтин жана жоопкерчиликтин жоктугун билдирет. Бул анда тутумдашкан кадрдык кризистин көйгөйү. Муну биздин комиссия иликтеп чыгып, ошого жараша баа бериши зарыл.

Премьер-министр энергетика тармагындагы абал боюнча жетекчилердин берген убадаларына өзү деле ишенбей калганын билдирди. Бирок ошол эле кезде премьер-министр Сапар Исаков тармакты караган "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиев өз ыктыяры менен арыз бергенин, бирок ал анысын кабыл албай койгонун белгиледи:

- Мага бир киши келип өз арызын берди, азыр жанымда отурат. Ал "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиев. Бирок мен анын арызын кабыл алган жокмун. Себеби мен аны жактагым келбейт, бирок ал жигиттин аракетин көрүп жатам. Бул жигит өзү да күйүп-бышып, күнү-түнү уктабай жүрөт. Албетте, маселе көп. Айбек Рысбековичте да күнөө бар. Сөздүн ачыгы ушундай.

КСДП тараптан ыргыган "таш"

Өлкөдөгү энергетика тармагын толугу менен көзөмөлдөгөн "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиевдин жоопкерчилигин кароо маселесинде премьер-министр эмне себептен бир жактуу позицияны карманганы парламенттеги оппозициялык саясатчылар турсун, бийлик партиясындагы айрым депутаттардын дагы кыжырын келтирди.

Бул маселени карап, баа берүүдө КСДП фракциясынын айрым мүчөлөрү өкмөт башчысын колдосо, кээ бирлери ага ачуу суроолорун узатышты. Мунун өзү фракциянын ичиндеги саясий топтордун ортосунда өкмөт башчысына карата мамиле бир кылка эмес экенин көрсөттү.

Парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов премьер-министр Калиевди калкалай турган болсо, анда анын өзүнүн жоопкерчилиги да каралышы керек деп эсептейт:

- Сиз биринчи кезекте мына ушул Айбек Калиевди кызматынан алышыңыз керек болчу. Эң башкы жоопкерчилик ушул кишиде. Анткени сиз бүтүндөй энергетика тармагын чогултуп туруп, ушул жигиттин колуна өткөрүп бергенсиз. Мына, азыр анын тажрыйбасын бир депутат айтып өттү. Жыйынтыгы - ЖЭБдеги кырсык. Сиз болсо "ал жакшы кадр, арызын жазды, бирок кабыл албадым" деп жатасыз. Энергетика деген өнөр жай тармагы. Ал жерде менеджер болуп дилетанттар отурбашы керек. Эгерде Айбек Калиевди энергетика тармагынан кетирбесеңиз, анда сиз арызыңызды жазып, кетишиңиз керек болот.

Чоң акчанын чоо-жайы

Бишкек жылуулук борборунун модернизацияланган башкы корпусу былтыр жайында пайдаланууга берилген. Ал Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион долларлык насыяга жаңыланып, кошумча эки энергоблок курулган. Бирок жаңысы ишке бериле элек экени белгилүү болду. Парламентте аны Дүйшөмбү шаарында 349 миллион долларга курулган жылуулук берүү борбору менен салыштырышып, бул жерде коррупциялык иш-аракеттер да болушу мүмкүн деп божомолдошту.

Бишкект Жылуулук борборун ачуу, 30-август, 2017-жыл
Бишкект Жылуулук борборун ачуу, 30-август, 2017-жыл

Энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов сарпталган акчага жаңы курулуш толугу менен бүткөрүлмөк экенин белгиледи:

- Оңдоп-түздөө болгондон кийин анын кубаттуулугун 300 мегаваттан алты жүзгө көтөрдүк деп жатышат. Бирок мына ошондо деле андагы жабдуулардын жарымы эски бойдон калып жатпайбы. Берген кубаттуулугу иш жүзүндө 300 МВт эле көбөйүп жатпайбы. Эмне себептен ошондой план болгону түшүнүксүз. Ошол кубаттуулукту алуу үчүн болгону 386 миллион доллар жумшалыптыр. Салыштырып көрсөк, мына ошол акчага жаңы эле бир жылуулук берүү борборун курушса болмок.

Өзгөрө баштаган саясий маанай

Премьер-министр мунун бардыгы иликтөө учурунда аныктала турганын айтып, күнөөлүүлөр жазасын аларын убада кылды. КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов түзүлгөн кырдаалды башкаруудан кеткен кемчилик менен байланыштырып, сындап чыкты:

- Бул жерде маселенин баары менеджментте болуп жатат. Ал жерде көп тепкичтүү башкаруу болуп жатат. Бул борборду караган "Электр станциялары" жана "Улуттук энергохолдинг" бар. "Койчу көп болсо, кой арам өлөт" деген ушул. Өкмөт мындан сабак алууга тийиш. Сиздер жоопкерчиликти ала турган болгондон кийин ошол жоопкерчиликти тарткыла да. Эл алдында жооп беришсин. Канчалаган адамдар үшүп-шишип зыян тартты. Андан канчалаган экономикалык зыянга учуроо болду. Бир жумага жакын шаардын турмушу токтоп калды.

Сапар Исаков парламентте, 31-январь, 2018-жыл
Сапар Исаков парламентте, 31-январь, 2018-жыл

Жогорку Кеңеш кышка даярдыкты канааттандырарлык эмес деп таап, бирок Бишкек жылуулук берүү борборундагы авария боюнча өкмөттүн жоопкерчилигин кароого батына албады. Кырсыктын себептерин иликтөө боюнча парламентте убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Саясат талдоочулар бул иштин айынан эми бийлик партиясында саясий тиреш күчөшү мүмкүн деп божомолдошууда.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев муну саясий аба ырайынын өзгөрө башташы менен байланыштырды:

- Азыркы мезгилде оппозиция жок. Бирок бийлик партиясынын ичиндеги айрым бир саясатчылар туура эмес бараткан багыт жөнүндө ачык айтып жатышканы жакшы көрүнүш. Андай саясатчылардын айтканын эске алгандын ордуна, тескерисинче аларга каршы туура эмес мамиле жасалган учурлар бар. Бул абдан чоң чекилик. Партиянын ичинде сын болушу керек. Болбосо ал быкшып, жок болуп кетет. Азыр эми КСДПнын ичинде дагы чоң бир кризис жетилип келе жатканы белгилүү болуп калды. Партия каржылык ресурстарга эле таянып жүрө бергени менен анын таянычы болгон багыттарын карап турушу керек. Мына ошондон жыйынтык чыгарылбаса, анда партия ичинен жарылышы мүмкүн. Мындай көрүнүш көп партияларга мүнөздүү.

Каршылык митингдери

Ошондой эле бул жумадагы орчундуу окуялар Кадамжай жана Тогуз-Торо райондорунда кен казууга жана иштетүүгө жергиликтүү калк каршылыгын көргөзгөн митингдер менен коштолду. Кенге уруксат берүүдөгү коррупциялык иштерге жана экологиялык абалга тынчсызданган жергиликтүү калктын өкүлдөрү бийликке бир канча талап койду.

Митингге чыккандар
Митингге чыккандар

Кытайлык компаниянын Кадамжайдагы Шамбесай кенин иштетүүгө каршы чыккандардын бири, Майдан айылдык кеңешинин депутаты Турсунай Топчубаева кенди ачууга каршылыктын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Кенди чалгындоо мезгилинде бургулаган чуңкурларды булар кайра толтурушу керек болчу. Бирок андай болгон эмес. Анан бул жерде алтын кени ачыла турган болсо биздин мөмө-жемиштер сыртка өтпөй калат. Дыйканчылык жана мал чарбасына зыянын тийгизет. Жайыттар бузулат. Экологияга зыяны тиет. Булар кандай жол менен алтынды казып алышары бизге белгилүү. Ар кандай зыяндуу заттарды колдонушат. Биз ошондуктан кенди ачууга каршыбыз.

Анткен менен жергиликтүү бийлик жана кытайлык кен казуучу компания "Шамбесай" кенин иштетүү экологиялык жактан коопсуз болорун айтып, жергиликтүү калкты ишендирди.

Кытайлык "Тианди" компаниясынын юристи Куттубек Рыскулов митингге чогулган элге кенге уруксат берүүнүн экономикалык пайдасы тууралуу айтып берди:

- Бүгүнкү күндө компания 3,5 миллиард сомго жакын инвестиция алып келүүгө даяр. Мамлекеттик бюджетке 300 миллион сомго жакын салык төлөнөт. Райондун фондуна 200 миллион сом акча төлөнөт. Майдан айыл аймагына 50 миллион сомдон ашуун акча бөлүнүп турат.

Шамбесайлыктар митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Бирок тараптар кенди иштетүү маселеси боюнча бир пикирге келе албай тарап кетишти. Жергиликтүү калк бул алтын кенин ачтырбоо үчүн аягына чейин турарын айтып, бийликке талап койду. Тогуз-Тородо болсо жергиликтүү тургундар тоо-кендерин байытуучу ишкананын курулушун токтотуу талабы менен чыгышты. Алтын тазалоочу фабриканы куруу иши былтыр башталган. Аны куруп жаткан кытайлык компания ишкананын зыянсыз экени боюнча калкка түшүндүрмө берди.

Компаниянын башкы директору Максат Жээналиев фабриканын курулушуна каршы чыккандардын артында өз кызыкчылыгын көздөгөн топ турат деп эсептейт. Бирок курулушка каршы чыккандардын бири Таалайбек Бактыбек уулу анын экологиялык зыяндуулугу боюнча маселе башында түшүндүрүлбөгөнүн айтты:

- Башында бул фабриканы куруунун зыяндуулугу боюнча айтышкан эмес. Ошол үчүн эл каршы чыгып жатат. Зыяны болгон үчүн бул компания башка жактардан кубаланган экен. Кийин анан бизге келип, кура башташкан экен, аны биз кийин билип калдык. Биз бул фабриканы иштетпейбиз. Эгерде анын зыяны жок болсо, аны кубалап чыкпай эле, ишкананы курдуруп алышпайт беле?

Абактагы саясий ачкачылык

Кен казуу жана иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү калктын митингдери менен бир учурда эле бул жумада буга чейин Бишкекте бийликти күч менен басып алууга айыпталып абакта отурушкан Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков сыяктуу саясатчылар кургак ачкачылык кармашканы жарыяланды. Бул маалыматты Жазаларды аткаруу кызматы дагы ырастап, соттолуучулардын саламаттыгы начарлап кеткен жагдайга байланыштуу алар №47 жаза өтөө жайына которулганын билдирди.

Камактагы ал саясатчылар парламентке жана коомчулукка жолдогон кайрылууда алар эч далилсиз соттолуп жатканын, бийликтин саясий туткунуна айланганын жазышкан.

Бектур Асановдун адвокаты Данияр Маманов саясатчылар ачкачылык кармоо аркылуу нааразылыгын билдирүүгө аргасыз болгонун белгиледи:

- Алар "азыркы каралып жатканы иш - түздөн-түз саясий куугунтук, анын башында УКМКнын жетекчиси турат" деп айтып жатышат. Ошондуктан Бектур Асанов 30-январда "кургак ачкачылык" баштаган, 31-январда ага Эрнест Карыбеков кошулду. Эгерде алардын кайрылуусуна тийиштүү жооп болбосо, 1-февралда Кубаныч Кадыров да ачкачылыкка кошулат.

Жазды күткөн саясат

Саясат талдоочулар кен казууга каршы митингдер, абактагы саясатчылардын ачкачылык жарыялашы жана жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө учурашы сыяктуу окуялар жаз алдындагы саясий активдешүүгө өбөлгө түзөрүн болжолдошууда.

Мындай жагдайдын кесепеттери алдыдагы саясий чыңалууга түрткү берерин айткан саясат талдоочулар ага ички-тышкы факторлор дагы таасир этерин белгилешти. Бийликтеги саясий топтордун ортосундагы жогорку кызмат орундары үчүн жана жана таасир талашууга байланыштуу тирешүү буга кошумча болорун айткан саясат талдоочулар кырдаалдын чиеленишине түрткү берчү жагдайлар бышып жетилип калганын айтышууда.

Саясат таануучу Марс Сариев бул багыттагы өзүнүн саясий прогнозу менен бөлүштү:

- Жазга карата аябай эле саясий активдүү жараяндар башталат го деген ойдомун. Себеби ага негиз боло турчу бир топ жагдайлар болуп калды. Азыр жаңы президент иштеп жатканы менен экс-президент күчүндө турат. Бул өз кезегинде кош бийликтин элементтерин көргөзүп жаткандай. Ошондуктан коомчулукта экс-президенттин ролунун дагы деле жогору экени боюнча сөздөр айтылып жатат. Бирок Бишкек ЖЭБинин авариясынан кийин өкмөт башчысынын позициясы бошоңдоп калды. Ошого карата бийлик партиясынын ичинде эле кайсы бир топтор премьерлик бийликти талашууга чыгышы мүмкүн. Мындай учурда оппозиция дагы баш көтөрөт. Ошондуктан жанагы саясатчылар дагы ачкачылык жарыялап жатканы бекер эмес. Кээ бир жерлерде кен казууга каршы митингдер да жөн жеринен эмес. Мына ошонун баары жазда саясаттын кызышына негиз боло турган учкундар болушу мүмкүн.

Саясат талдоочулар саясий кырдаалдын жөнөкөй эмес экенин бийлик партиясынын курултайынын улам-улам артка жылдырылып жатышы менен дагы байланыштырышууда. Бийликтеги саясий олку-солкулук жана ички ыйкы-тыйкылыктын күчөшү өкмөттүн алмашуусуна алып келбейби деген божомолдор бар. Мындай саясий кармаш катуулаган жагдайда жылуулук берүү борборун оңдоого жумшалган акчанын дайыны жана буга чейинки коррупциялык чуулгандуу иштердин кайрадан көтөрүлүүсү мүмкүн экени айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG