Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 03:31

Премьер-министр Сапар Исаков соңку жылуулук кризисин жөнгө салуу үчүн электр энергиясына жана жылуулукка тарифти көтөрүү зарылдыгын айтып чыкты. Өкмөт башчы мунсуз аталган тармак карызга батып, мындан да жаман абалга кептелиши мүмкүндүгүн эскертүүдө. Мындай сунушту тургундар жана эксперттер түрдүүчө кабылдашууда.

Электр энергиясына жана жылуулукка тарифти көтөрүү боюнча сунушту премьер-министр Сапар Исаков 31-январда парламенттеги жылуулук маселесин талкуулаган жыйында жарыялады.

Өкмөт башчы аталган тармакта жабдуулар эскиргенин, карыздар көбөйгөнүн айтып, тарифти көтөрүү менен гана бул маселени жоюуга болорун билдирди:

- “Ушу тапта тарифтер маселесин көтөрө көрбө, туура эмес болуп калат” деп мага көп айтып жатышат. Тариф абдан орчундуу маселе. Электрге жана жылуулукка тарифти көтөрүүнү биз талкуулашыбыз керек. Албетте мен азыр эле көтөрө коелу деп айткан жокмун, бирок аны көтөрүүнүн бир формуласын табышыбыз керек. Антпесек электр тармагы боюнча акционердик коомдорубуз карызга батып баратат, 100 млрд сомдон ашык карызыбыз бар. Дагы кете берсек, 200-300 млрд сомго чейин жетет. Электр чубалгылары, подстанциялар дагы бүт иштен чыга баштайт. Себеби аларды оңдоого, кароого акча каражаттары тиешелүү көлөмдө берилген жок.

ЖЭБдеги кырсыктан кийин Бишкекте электрге күч келди. 28-январь, 2018-жыл
ЖЭБдеги кырсыктан кийин Бишкекте электрге күч келди. 28-январь, 2018-жыл

Кыргызстанда электр энергиясына тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан тариф коюлган. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер 2 сом 24 тыйындан төлөйт.

Ал эми жылуулук энергиясынын тарифи 1 гигакалорийге 1134 сом 76 тыйынды түзөт.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттиги келерки үч жылга тариф каралып жатканын кабарлап, бирок анын суммасы кымбат болору же болбосу так эместигин билдирүүдө.

Мекеменин маалымат катчысы Айнура Касымова буларга токтолду:

- Учурда калк электр жана жылуулук энергиясын кыргыз өкмөтүнүн 2014-2017-жылдарга карата бекитилген тарифи менен колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө 2018-2023-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатын иштеп жатабыз. Анда буга чейинки иш- аракеттер, сандар анализденип жатат. Ошонун жыйынтыгына карап, эки-үч вариантты иштеп чыгып өкмөткө сунуштайбыз. Өкмөт аны бекиткенден кийин гана тарифтердин суммасы так жарыяланат.

Бирок өкмөттүн электр жана жылуулук энергияларына карата бааны көтөрүү сунушун коомчулук нааразылык менен кабылдап жатат. Айрымдар ашыкча төлөм элдин чөнтөгүнө чак келбей турганын айтса, кээлери тармактагы коррупцияны жойбой туруп, тариф маселесин көтөрүү максатсыз экенин билдирүүдө.

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Жогорку Кеңеште электр энергиясынын тарифин кайра кароо маселеси көтөрүлдү.

Бишкек шаарынын тургундарынын бири Гүлжан Касымова тарифтерди көтөрүү эл арасында нааразылык жаратат деген пикирде:

- Жарыктын жана жылуулуктун кымбатташы таптакыр туура эмес. Эгер тарифтерди жогорулаткысы келсе биринчи маянаны, пенсия менен жөлөк пулдарды көбөйтсүн. Азыркы эле тарифти төлөгөнгө көпчүлүктүн шарты жок, дагы кымбаттаса андан бетер кыйналышат. Электр энергиясы өзүбүздөн чыгып жаткандан кийин, бийлик бааны көтөрбөшү керек. Тариф кымбаттайт деп жатып мурда төңкөрүш болуп кеткен, азыр көтөрсө да ошондой болот.

Деген менен электр жана жылуулук энергиясы боюнча өкмөттүн буга чейинки үч жылдык тариф саясатына ылайык, электр жыл сайын он пайыздан кымбаттап турушу керек.

Бирок ар жылда ар кандай себептер менен көтөрүлбөй келген. Адистер муну бийликтин парламенттик жана президенттик шайлоолордо элдин нааразылыгын жаратпоо аракети менен түшүндүрүүдө.

Электрге баа көтөрүлүшү керекпи?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Энергетика тармагы боюнча эксперт Батыркул Баетов азыркы өкмөттүн сунушу туура экенин айтып, аны мындай мисалдар менен негиздеди:

- Сапар Исаков туура айтты. Бирок алар маселени саясатташтырып, шайлоо келатканда эле токтотуп коюшат. Же 20% көтөрүш керек болсо, аны 10% түшүрүп, ошону да толук көтөрүшкөн жок. Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат дейт. Улам артка жылдырган сайын энергетика тармагы кризиске белчесинен батып баратат. Өкмөт жакшылап эсептеп чыгып Жогорку Кеңешке сунуштап, алар кабыл алып бериши зарыл. Анан кеминде беш жыл ичинде электр тармагы киреше менен чыгашаны теңдеп, андан кийин өзүн-өзү актай турган тармакка айланышы керек.

Кыргыз бийликтери электр энергиясынын тарифтерин буга чейин көтөрүлүшүн коңшулардан импорттогону менен да байланыштырган. Бирок учурда Кыргызстан башка өлкөдөн электр импортун токтотконуна карабай, энергия тарифи ошол бойдон сакталып келет.

“Улуттук энерго холдинг компаниясы" учурда калкты, мамлекеттик мекемелерди жана жеке ишканаларды кошкондо бир жарым миллиондой абонентти тейлейт. Анын 565 миң 560ы “Түндүк электрге”, 406 миң 603ү “Ош электрге”, 305 миң 818и “Чыгыш электрге” жана 225 миң 316сы “Жалал-Абад электрге” туура келет.

Бирок алардан жылына канча киреше түшөрү жана канча чыгаша болору тууралуу так маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

"Азаттыктын" архиви: Эси оогон энергетика. 3-февраль, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG