Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

ЖЭБдеги кырсык: "жооткоткон" жоопкерчилик


Бишкек жылуулук борбору. (Архивдик сүрөт)
Бишкек жылуулук борбору. (Архивдик сүрөт)

Жылуулук берүүдөгү өзгөчө кырдаал үчүн премьер-министрдин жана башка жогорку кызмат адамдарынын жекече жоопкерчилиги ачык бойдон калганы парламентте белгиленди.

Өкмөт башчы Сапар Исаков учурда орун басар даражасындагы эки жетекчини кызматтан алуу боюнча сунуш киргизгенин айтып, калгандарынын жоопкерчилиги иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча гана аныктала турганын билдирген.

Парламенттин айрым депутаттары муну кадрдык кризистин жыйынтыгы катары баалашууда. Буга чейин премьер-министр "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси өз ыктыяры менен арыз жазганын, бирок аны кабыл албай койгонун белгилеген.

Премьер-министрдин Баш мыйзамдагы жоопкерчилиги

Бишкектин жылуулук электр борборундагы кырсыктын кесепеттери өкмөттүн кышка даярдыгына карата жоопкерчилик маселесин күн тартибине койду.

Парламенттин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Баш мыйзамдын талабына ылайык, премьер-министрдин өзүнүн жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрдү:

Кенжебек Бокоев. Архивдик сүрөт.
Кенжебек Бокоев. Архивдик сүрөт.

- Урматтуу премьер-министр, Конституцияга кайрылсак, анда "премьер-министр өкмөттү башкарат, Жогорку Кеңештин астында өкмөттүн иши боюнча жекече жоопкерчилик тартат" деп көрсөтүлүп турат. Азыркы түзүлгөн кырдаал үчүн өкмөт башчысынын жоопкерчилик тартуу маселесин сиз кандай түшүнөсүз? Буга чейин программаңызда жаңы доорду алып келериңизди айтып, убада бердиңиз эле. Бирок биз Бишкек ЖЭБи боюнча барып, андагы насостук станцияларды көргөнүбүздө ал жакта муз доору өкүм сүргөндөй экен. Ал көрүнүш үчүн сиздин жеке жоопкерчилигиңиз кандай болушу керек?

Премьер-министр Сапар Исаков түзүлгөн кырдаал үчүн Бишкек ЖЭБинин жетекчиси Өмүркул уулу Нурланды жана "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоевди кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизгени жарыяланган. Өкмөт башчы калган кызмат адамдарынын жоопкерчилиги иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аныктала турганын айткан.

Аргасыз абал, аз убакыт

Премьер-министр Сапар Исаков жоопкерчиликтен качпай турганын, башка кызмат адамдарынын маселеси боюнча да чечим кабыл алууга эртелик кыларын билдирди:

- Эми мен өзүмдү актагым келбейт. Биздин иштегенибизге беш ай болду. Бир аз убакыт бергиле. Биз иштейли. Мен жоопкерчиликти толук өзүмө алам. Бул боюнча тиешелүү билдирүү жасадым. Борбор калаанын тургундарына кайрылдым. Азыр биз тиешелүү чаралардын баарын көрүп жатабыз. Кээ бир нерселерди моюнга алышыбыз керек. Чынында эле Бишкек ЖЭБинин эски бөлүгүндө абал начар экен. Насостук станциялар эскириптир. Аны эми иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Ким каякта кандай нерселерди жасаганын ошонун жыйынтыгы боюнча билебиз. Анан мен тиешелүү чаралардын баарын көрөм.

Кызматтан кеткиси келбегендер

Анткен менен өкмөттөн жана энергетика тармагын жетектегендердин арасынан түзүлгөн кырдаал үчүн кетирген кемчиликти сезип, иштен кетүү тууралуу расмий түрдө арыз берүүгө даяр кызмат адамдары жоктугу байкалды.

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Руслан Казакбаев бул боюнча мындай деди:

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

- Күнөөлүүлөрдү атайын комиссия аныктай турганын айттыңыз. Бирок ушул күнгө карата түзүлгөн кырдаалга катышы бар экенин айтып, кызматынан өз ыктыяры менен кетиш үчүн кайрылып, расмий түрдө арыз жазгандар болдубу? Эгерде жетекчилердин эч кимиси жоопкерчилигин сезип, антип кайрылбаса, анда бул абийирдин, ар-намыстын, кайдыгерликтин жана жоопкерчиликтин жоктугунун маселеси. Бул анда тутумдашкан кадрдык кризистин көйгөйү. Муну биздин комиссия иликтеп чыгып, ошого жараша баа бериши зарыл.

Премьер-министр энергетика тармагындагы абал боюнча жетекчилердин берген убадасына өзү деле ишенбей калганын билдирди. Ошол эле кезде тармакты көзөмөлдөгөн "Улуттук энергохолдингдин" жетекчисинин арызын эмнеге кабыл албай койгонун премьер-министр Сапар Исаков ачык айтпады:

Мен аны жактагым келбейт, бирок ал жигиттин аракети болуп жатканын мен көрүп жатам.

- Мага бир киши келип өз арызын берди, азыр жанымда отурат. Ал "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиев. Бирок мен анын арызын кабыл алган жокмун. Себеби, мен аны жактагым келбейт, бирок ал жигиттин аракетин көрүп жатам. Бул жигит өзү да күйүп-бышып, күнү-түнү уктабай жүрөт. Албетте, маселе көп. Айбек Рысбековичте да күнөө бар. Сөздүн ачыгы.

Ким кимди калкалады?

Айрым депутаттарды "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси эмне себептен жоопкерчиликтен сырткары калганы кызыктырды.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов премьер-министр аны калкалай турган болсо, анда анын өзүнүн жоопкерчилиги да каралышы керек деп эсептейт:

- Сиз биринчи кезекте мына ушул Айбек Калиевди кызматынан алышыңыз керек болчу. Эң башкы жоопкерчилик ушул кишиде. Анткени сиз бүтүндөй энергетика тармагын чогултуп туруп, ушул жаш жигиттин колуна өткөрүп бергенсиз. Мына, азыр анын тажрыйбасын бир депутат айтып өттү. Жыйынтыгы - ЖЭБдеги кырсык. Сиз болсо "ал жакшы кадр, арызын жазды, бирок кабыл албадым" деп жатасыз. Энергетика деген өнөр жай тармагы. Ал жерде менеджер болуп дилетанттар отурбашы керек. Эгерде Айбек Калиевди энергетика тармагынан кетирбесеңиз, анда сиз арызыңызды жазып, кетишиңиз керек болот.

Ишенимден чыккан иликтөөлөр

Жогорку Кеңеш Бишкек жылуулук электр борборундагы абал боюнча убактылуу депутаттык иликтөө комиссиясын түздү. Бирок саясий чөйрөдө андан майнап чыгарына ишенгендер аз.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров депутаттык иликтөөлөргө ишеним болбой калганына төмөндөгүдөй мисалдарды келтирди:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Азыр эч ким эч нерсеге жооп бербейт. Ага эки себеп бар. Элден корккон жетекчи жок. Жетекчилерден сураган эл жок. "Ал жерде буу казандары эмне болгонун иликтөө үчүн комиссия түзөбүз" дейт. Ошону эми бир ай иликтеш керекпи? Анан "386 миллион доллар каякка жумшалганын иликтейбиз" дейт. Маселе иликтенбейт. Себеби буга чейин деле былтыркы учактын кыйроо себеби, Батукаевди качыруунун сыры, "РусГидронун" 38 миллион доллары, "Лигласс трейдинг" компаниясын кимдер алып келгени сыяктуу чуулгандуу иштерди "иликтейбиз" деп, бирок андан бир да майнап чыккан жок. Бул деле ошолордун бири катары кала берет.

Ошентип, парламент түзүлгөн жагдайга байланыштуу өкмөт башчысына ишеним көргөзбөө же кайсы бир кызмат адамдарынын жоопкерчилиги боюнча маселени карап, чечим кабыл алууга батына албады.

"Ыңгайсыз суроолор". 31-январь, 2018-жыл

Шаарды өксүткөн жылуулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:24 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG