Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:15

Отун-кубат: Кыргызстанда чоң ГЭСтерди куруу зарылбы?


Жан Фео де ла Кроа Ак-Талаанын Куртка айылына чукул жерде эски чептин үстүндө турат. Артында Нарын дарыясы, 2016.

Германиялык этнолог-иликтөөчү Жан Фео де ла Кроа “Азаттык” үналгысы үчүн курган маегинде Кыргызстандын суудан электр кубатын өндүрүү тармагына жасаган сереби, чоң ГЭСтерди куруунун кандай артыкчылыгы менен кемчилиги бар экендиги тууралуу маселелерге токтолду.

Германиялык этнолог-иликтөөчү Жан Фео де ла Кроа (Dr. Jeanne Féaux de la Croix) Кыргызстандын Токтогул районунда эки жыл жашап, илимий иш жасаган. Ушул тапта Жогорку Нарында атайын илимий долбоорду жергиликтүү адистер менен бирге ишке ашырып жатат.

"Азаттык": Кыргызстан үчүн ГЭСтерди салуу стратегиялык маселе экени белгилүү. Адис катары сиздин баамыңызда бул долбоорлорду кыргыз бийликтери канчалык майнаптуу ишке ашырып жатат?

Жан Фео де ла Кроа: Көптөгөн кыргызстандыктар жана кыргыз бийлиги сууну өлкөнүн “алтыны”, негизги байлыгы деп ишенет. Совет доорундагы жашоодон кийин ушундай ой калыптаган. Анткени алар суудан электр кубатын өндүрүп, аны элдин жашоосуна кандай пайдаланганды өз көздөрү менен көрүшкөн. Бирок совет маалында дамбаларды куруунун шарттары таптакыр башкача эле. Көп адамдар Кыргызстанда чоң ГЭСтерди куруудан башка альтернатива жок деп ойлошот. Бардыгы тең эле мындай курулуш оор экенин, ага оңбогондой каражат кетерин, ар кандай жагдайлар болорун ойлошпойт эмеспи.

ГЭС куруунун тегерегинде ар кандай кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Биринчиден, буга кызыккан инвесторду табуу бир топ эле кыйын. Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскаддарына инвестор табуу бир топ эле оор болду.

Мага бул бирден бир өзөктүү суроо болуп саналат. Гидроэлектр кубаты Кыргызстандын социалдык, экономикалык өнүгүүсү үчүн чын эле бирден бир кыймылдаткыч күчпү? Эгер ошондой болсо гидроэлектр кубатынын кандай түрүн өнүктүрүү зарыл? Ал үчүн кандай шарт түзүлүшү керек? Бул суроолорго Кыргызстанда жүргөндө жооп табууга аракеттендим. Ошондой эле эл аралык уюмдар бул тууралуу айтпайт экен.

Ушу тапта Кыргызстан үчүн бул чоң көйгөй. Келечекте чоң дамбаларды куруу жакшы иш да болушу мүмкүн. Бирок кандайдыр бир чечим кабыл алардан мурда ага толук жооп табуу зарыл. Долбоорду баштардан мурда биз мындай чоң курулушту кура алабызбы же жокпу? деген суроону берүү керек.

Иликтөөчү Жан Фео де ла Кроа Токтогулда өзү жашаган үй бүлө менен.
Иликтөөчү Жан Фео де ла Кроа Токтогулда өзү жашаган үй бүлө менен.

"Азаттык": Кыргызстандын экономикасы кыйын акыбалда турганда, Камбар-Ата-1 сыяктуу чоң ГЭСти куруунун зарылчылыгы жок деген ойду айткыңыз келип жатабы?

Жан Фео де ла Кроа: Өкмөт чоң ГЭСтин курулушун баштардан мурда анын маанисин элге түшүндүрүшү керек. Кыргызстандын эки максаты бар. Экөө эки башка. Биринчиси - ички колдонуу үчүн электр кубатын өндүрүү. Өндүрүшкө арзан жана кайра калыбына келген электр жарыгын колдонуу. Анткени буга чейин айрыкча кышында электр жарыгы өчүп, өлкө караңгыда калганын билебиз. Жарыктын жоктугунан карапайым эл абдан кыйналган. Бул чындап эле өтө олуттуу көйгөй.

Экинчиси - кыргыз өкмөтү электр кубатын өндүрүп, САSА-1000 долбоору аркылуу башкаларга саткысы келет. Бул долбоорду көптөгөн эл аралык агенттиктер колдойт. Бирок иш жүзүндө эки максат бири-бирине каршы келиши мүмкүн. Андыктан Кыргызстан электр кубатын өндүрүп, тышка сатышы керек же арзан кубат менен элин камсыздашы керек.

"Азаттык": Бул эки ишти кантип уюштуруп, кантип ширелте алып баруу керек?

Биогаз жана башка энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүгө эмнеге болбосун? Элге жетиштүү жана арзан электр кубатын берүү – бул чоң дамбаларды, чоң ГЭСтерди куруу эле эмес.

​Жан Фео де ла Кроа​: Бир жагынан, өлкөнүн эли жетиштүү кубат алып турса, экинчи жагынан Кыргызстан өзүнөн чыккан электр кубатын башка өлкөлөргө сатууга даяр болууга тийиш. Бул жерде кыргыз өкмөтү оболу өз эли жетиштүү кубат менен камсызбы, ошого карашы керек. Бул суроолорго алдын ала жооп табылып, коопсуздукка кепилдик берилиши зарыл.

Кыргызстанда суунун мол казынасынын тагдыры бир жагынан маселе жаратат. Ооба, ГЭСтерди курууга чоң мүмкүнчүлүк бар. Бирок күндөлүк турмушта суу жетишпегенин көрүп жүрбөйбүзбү. Мөңгүлөр тездик менен эрип жаткандыктан, суу сактагычтарды болочокто кантип толтурабыз? Электр кубатын 100% суудан албай, энергиянын башка булактарын өндүрүүгө болобу? Соңку жылдары Токтогулда суу аз чогулганына күбө болдук го, ошентсе дагы чоң дамбаларды куруу зарылбы? Суу тартыш болсо кандай болот?

Кыргызстандагы суу мөңгүлөрдөн түшөт, алдыдагы 10 жылдыкта суу тартыштыгы пайда болот деген окумуштуулардын өтө кооптонгон божомолдору бар. Табиятты иликтегендер климаттын өзгөрүүсү мөңгүлөргө катуу таасир этерин айтып жатышат. Демек мындай шартта суу ресурстарын үнөмдөп, чакан ГЭСтерди курууга эмнеге болбосун? Жергиликтүү эл аймактык электр алкак - ГРИДди карап отурбай, чакан ГЭСтерден электр жарыгын алып, турмушка пайдаланса болот да.

Ошол эле маалда айыл жеринде, кыштактарда күн кубатын пайдаланууга эмнеге болбосун? Ошондой эле биогаз жана башка энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүгө эмнеге болбосун? Элге жетиштүү жана арзан электр кубатын берүү – бул чоң дамбаларды, чоң ГЭСтерди куруу эле эмес. Элдин керектөөсүн жабуу үчүн башка дагы жолдор бар.

Эмне үчүн мен буларды айтып жатам? Жакында эле дүйнөдө чоң дамбаларды куруу боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланды. Ага абай салсак, чакан жана жарды өлкөлөр үчүн чоң ГЭСтерди куруу бир топ жылдарга созулат экен. Пландаганга караганда алда канча узакка кетип, баасы дагы асмандайт. Тактап айтсак, ГЭСтин долбоордогу баасы ал бүткүчө жыйырма эсеге өсөт экен.

ГЭСтерди курган компаниялар болгону курулушту гана бүткөрөт. Дамба ишке кирбесе дагы куруучулар өз акчасын алат. Андыктан мындай долбоорду баштардан мурда кеткен чыгымдар үчүн ким жооп бериши керектигин аныктоо өтө маанилүү. ГЭСке салынган инвестицияны кыргызстандыктарбы же аны курган компаниялар төлөйбү? Же Кыргызстанга ГЭСти “белек” кылабыз деген чет элдик компаниялар төлөйбү?

ГЭСти өз күчүңөр менен кура албасаңар, өлкө кимдир бирөөгө көз каранды болуп калбайбы. Бул Дүйнөлүк банктынбы же Евразия өнүктүрүү банкынын каржысыбы, Орусиянын, Кытайдын же чехтердин акчасыбы - башка бирөөлөрдүн алдында милдеттүү болуп калуу тобокелдиги бар. Менин жеке көз карашымда, Кыргызстандагы ГЭСтерди куруу ушул себептердин айынан шыдыр ишке ашпай жатат.

"Азаттык": Жогорку Нарын каскаддарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну “РусГидро” ишканасы баштаган. Ал келишимди кыргыз парламенти денонсациялаган, эми бул долбоорго чехтер келип кирип атат. Деги эле стратегиялык долбоордун колдон колго өтүп жатканына жалпы коомдун реакциясы кандай болушу керек?

Жан Фео де ла Кроа: Бул жерде Бириккен Улуттар Уюму сунуштаган чоң дамбаларды куруу боюнча атайын жол-жоболор бар. 2000-жылы Дамбалар боюнча дүйнөлүк комиссия ГЭС куруудагы атайын критерийлерди жарыялаган. Дамба салууда кандай нерселер эске алынышы керек? Биринчи, экологиялык, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин иликтеген анализ жасоо абзел.

Бул курулуш баштала электе эле пайда болгон чоң көйгөй. ГЭС куруудан мурда кандай шартта, кимдер менен ишке ашарын коомчулукка ачык айтып түшүндүрүү керек. Бул маселе элге ачык-айкын болсун. Коомчулук мындай долбоолордон кандай пайда көрөөрүн далилдеген атайын механизмдер камтылышы зарыл.

Мисалы, 2014-жылы Нарын облусунда иштеп жүргөндө Жогорку Нарында “РусГидронун” курулушу башталган эле. Жергиликтүү эл буга абдан кубанган. Анткени алар ГЭС курулушуна катышабыз, иштейбиз деп ойлошкон. “РусГидро” компаниясы ошол жердеги элди ишке алабыз деп убада берген. Айыл өкмөттөрү ГЭСте иштейм деген кишилердин резюмесин жыйнап, компанияга жиберген.

Чындыгында компанияга атайын адистер керек болгон. Бул тууралуу алар кийинчерээк айтканда, элде бир топ нааразылык чыккан. Чындыгында, ГЭСтерди куруу үчүн мыкты техникалык тажрыйбасы бар адистер талап кылынат. Андай адамдар адатта ГЭС курулуп жаткан жердеги кыштактарда жашабайт.

Дагы бир орчундуу маселе – ГЭСтин экологияга тийгизген таасирин иликтеген анализ. Маселен, Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскаддары боюнча экологиялык анализ жасалган. Бирок коомчулук аны ушуга чейин көргөн эмес. Андыктан дамба курулган дарыя менен анын айлана-тегерегиндеги табиятка бул ири курулуштун таасири кандай болорун биз билбейбиз.

Чоң ГЭСтерди куруу Кыргызстан үчүн эң мыкты чечим да болушу мүмкүн. Бирок курулушту баштардан мурун абдан так, акыйкат жана узак мөөнөттүк шарттарды түзүү зарыл.

ГЭС - бир гана компаниянын пайдасы үчүн иштебей, жалпы элдин кызыкчылыгына төп келиши керек. Менин көз карашымда, Жогорку Нарын каскаддарын жана башка ГЭСтерди куруу кыргыз элине канчалык пайдалуу экени бүдөмүк суроо. Бул жаатта Дамбалар боюнча дүйнөлүк комиссия абдан жакшы сунуштарды берген. Ал жерде жөнөкөй жарандар, экологиялык бейөкмөт уюмдар сурай турган бир топ жагдайлар бар.

Эл аралык институттар, уюмдар дагы Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу үчүн өткөрүлгөн тендерге кызыгып, сурашы керек эле. Жаңы компания сунуштаган шарттар анализденген cоң гана курулушту баштоо керекпи же жокпу, чечилет. Бул жерде Liglass компаниясы долбоорду кантип утканына, кандай шарттарды көрсөткөнүнө кызыгышыбыз керек. Ал суроолордун айрымдары талкуулана баштаганда мен сүйүндүм.

Ушундай эле суроолор Камбар-Ата-1 жана Казарман ГЭСтери боюнча дагы берилиши керек эле. Казарман ГЭСин кытайлык компания курууга кызыкдар экенин билдирген. Долбоорду баштаардан мурда коомчулук менен ачык жана түз баарлашуу керек. Бардык оң жана терс жактары такталып, тең салмактуулук болгондон кийин гана Liglass же башка компания болобу, ишти баштай берсин.

"Азаттык": Сиз чоң ГЭСтердин куруунун оң жана терс жактарын айтып бердиңиз. Кыргызстан үчүн чоң ГЭСтерди куруу - бул болгону өлкөнүн аброюн көтөрүү аракетиндей гана сезилбейби?

Бийликке адамдар кыска мөөнөткө шайланып келип, бирок узак жылдар алдыга чечимдерди кабыл алат эмеспи. Бирок экологиялык проблемалардын кесепети бир топ жылдардан кийин сезилет.

Жан Фео де ла Кроа: Демократиялык, жарым-жартылай демократиялык же таптакыр авторитардык өкмөт болобу - бийликке легитимдүүлүк маанилүү. Эгер бийликтер өз жарандарын көзөмөлдөп, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жаткандай таасир калтырса, аларга чоң упай алып келет.

Долбоор өлкөгө чындап пайдалуубу, балким экономикалык жактан өтө эле кымбат болуп жүрбөсүн, балким коңшуларда бул өлкө стратегиялык долбоорлорду ишке ашырып жатат деген курулай атаандаштык болуп жүрбөсүн?

Көпчүлүк учурда мындай стратегиялык долбоордун экономикалык жана социалдык баасы эсептелбей калат. Адатта мындай долбоорлор саясат үчүн артыкчылыкка ээ, кадыр-барктуу саналгандыктан, өзүнө көңүл бурдурат. Ал эми долбоордун бардык чыгымын, балким, кийинки өкмөт төлөйт. Карызды биздин балдарыбыз, алардын балдары да төлөп калышы мүмкүн.

Бул балким, бир жагынан демократиялык башкаруунун табиятына да байланыштуу көрүнүш. Анткени бийликке адамдар кыска мөөнөткө шайланып келип, бирок узак жылдар алдыга чечимдерди кабыл алат эмеспи. Бирок экологиялык проблемалардын кесепети бир топ жылдардан кийин сезилет.

Чоң ГЭСтерди куруу боюнча ага ким жооптуу болот, анын натыйжалуулугу кандай? Карызды же инвестордун акчасын кантип төлөйбүз? Дамбаны курган чет өлкөлүк компания кандай шарттарды койгон? Мөңгүлөр жана суу таза эмес болсо дагы гидроэнергетикага эле фокус жасоо туурабы? Электр жарыгы оболу элге керекпи же башка өлкөлөргө сатуу үчүнбү? Келечекте элге жетиштүү электр жарыгы болобу? Кандай альтеринативалар бар?

Арзан жана элге жетиштүү электр кубатынын булактарын тапса болобу? Жарыксыз калбаш үчүн ГЭСтерди оңдоп жана жаңылоо зарылбы? Электрдин баасын адамдардын тапкан акчасына жараша өзгөртүп, энергияны экономдогон заманбап технологияларды колдосок кандай болот?

Кыргыз өкмөтү ушул нерселерди эске алышы керек. Ошондо эл өз өкмөтүнүн мындай акылдуу саясатына ыраазы болмок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG