Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:41

Апта: Саясатчылар соттолду, Олимпиада ачылды


Пхёнчхаң стадионунда Кыргызстандын туусун көтөргөн Тариел Жаркымбаев кыргыз делегациясын баштап баратат, 9.02.2018.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

7-февралда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага чыккан райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Айыпталуучу сот чечими күчүнө киргенден кийин депутаттык мандатынан ажырайт. Салянованын адвокаттары соттун чечимине каршы доо арыз менен Жогорку Сотко кайрыла турган болду.

Сот коллегиясынын чечими залдагы чогулгандардын ызы-чуусу менен коштолгондуктан, судья Нурбек Эсеналиев айыпталуучуга Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрда чыккан өкүмү өзгөртүүсүз калганын угузду.

Аны менен кошо судья Салянованын адвокаттарына соттун жеке аныктамасы чыкканын маалымдап, бирок залдагы чуудан улам анын мазмуну менен тааныштырган жок.

Аида Салянова үч айдан ашык шаардык сотто күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү эске алынбаганын белгилеп, “бул сот башынан эле цирк болгонун далилдеп койду”, - деди өкүм угузулгандан кийин.

“Сотко эч кандай далилдин кереги жок болчу. Негизги максаты мени соттош керек эле, ошону аткарды” - деген Салянова “мандаты жок деле ишимди кыла берем", - деди «Азаттыкка».

Салянова: Сот эмес эле цирк болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Сотко катышкан Жогорку Кеңештин “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова “соттордун жүрүм-турумдары” парламентте каралышы керек деген маселени көтөрдү.

“Салянованын ишин караган соттор коллегиясы боюнча атайын дисциплинардык комиссияга кайрылабыз. Анын арты менен жаңы түзүлгөн дисциплинардык комиссия кандай иштей турганын көрүшүбүз керек», - деди Өмүрбекова журналисттерге.

Аида Саляновага кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган. Адвокаттардын белгилешинче, Салянованын күнөөсү жок экени бардык тараптан далилденсе да соттор аларды эске алган эмес.

Прокуратура болсо далил жетиштүү деп эсептеп, ишти караган соттук коллегиядан Салянованы үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен сегиз жылга кесүүнү суранган.

2017-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту депутат Салянованы беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүгө чечим чыгарган. Салянова жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй баштайт.

46 жаштагы Аида Салянова 2011-2015-жылдары Кыргызстандын башкы прокурору болуп турган. 2015-жылдын башында “президенттин колдоосун сезбей калганын” жүйө келтирип, кызматын тапшырган.

Оппозициялык саясатчылардын өкүмү өзгөргөн жок

Шаршемби күнү Бишкек шаардык соту "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпка жыгылган оппозициялык «Элдик парламент» кыймылынын мүчөлөрү Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан жана Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Сарыгуловдон башка айыпталуучулар сот өкүмүн угууга катышкан жок. Бир нече күндөн бери ачкачылык кармаган Бектур Асанов ден соолугуна байланыштуу процесске алынып келинбесе, Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков соттун чечимин угууга чейин эле залдан чыгарылды. Процесске катышкан адвокат Марс Кыдыкбаев соттук коллегия "жалпы чечимди он мүнөткө жетпей окуп кетип калганын” журналисттерге билдирди.

Айыпталуучулардын бири, “кылмышты жаап-жашырып койду” деген кине коюлган коомдук ишмер Дастан Сарыгулов соттук коллегия иш боюнча «келтирилген далилдерин эске албай койгонуна» нааразы. «Мен 79 барактан турган далилдеримди бердим. Кылмышкерди, кылмыштын куралын, кылмыштын изин жашырса болот. Бирок кылмышты кантип жашырсын? Анын бир белгиси жок эле сот чечим чыгарып салды», - деген Сарыгулов калган айыпталуучулар менен «акыркы жолу 2013-жылы жолукканын» айтты.

Сарыгулов сот чечимине макул эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

2-февралда сот процессинде Бектур Асанов сөз сүйлөп, анын талаптары аткарылбаса, акырына чейин ачкачылык кармап, кийинки процесске мажбурласа да келбей турганын, адвокаттардан баш тартарын айткан. «Үчөөбүз тең акыр-аягына чейин саясий ачкачылык кармайбыз. Же Сегизбаев кетет, же биз үчөөбүз өлөбүз. Мен адвокаттардан баш тартам. Мамлекеттик адвокаттарды да албайм. Көтөрүп келсеңер да келбейбиз”, – деген сөзүн айыпталуучулардын жакындары жана Бишкектеги "Саясий туткундарды коргоо комитети" уюму интернетке жарыялаган.

"Мамлекеттик сыр" деген негизде райондук жана шаардык сот саясатчылардын ишин жабык териштирди.

Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында ачкачылык кармаган саясатчыларды догдурлардын көзөмөлүндө кармоо үчүн Бишкектеги №47 абакка которушкан.

Адвокат Марс Кыдыкбаев “кургак ачкачылык кармап жаткан үч саясатчынын абалы оорлоп кеткенин, дарыгерлер глюкоза сайып жатканын, өзгөчө Бектур Асанов кыйналып турганын” жума күнү "Азаттык" радиосуна билдирди.

Адвокаттын белгилешинче, алар бийликке койгон талабынан баш тарткан жок. “УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. "Ал кетмейинче ачкачылыгыбызды токтотпойбуз, өлсөк өлөбүз" деп жатышат», - деди Кыдыкбаев “Азаттык” радиосуна.

Алды он күндөн ашуун ачкачылык кармап отурган саясатчылар соттук жараянды мыйзамдуу нукка салууга таасир этүүнү өтүнүп президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөт башчыга кайрылышкан. Алар эч далилсиз соттолуп жатканын, бийликтин саясий туткунуна айланганын билдиришкен.

Парламент депутаттары оппозициячыл саясатчылардын сот иштери жана ачкачылык акциясына байланышкан маселелерди талкуулай элек.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Александр Никсдорф ачкачылык кармагандардын абалы "дарыгерлердин көзөмөлүндө жана канааттандырарлык" экенин 11-февралда "Азаттык" радиосуна маалымдады.

Никсдорф "Бектур Асановдун өз алдынча басууга дарманы келбей калды" деген саясатчынын жакындарынын маалыматын төгүндөдү.

10-февралда абакта ачкачылык кармап жаткандар жубайлары менен жолуккан. Анын жыйынтыгында Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева саясатчылардын абалы өтө оорлоп кеткенин “Азаттыкка” билдирген.

УКМК Бектур Асановдун сотто айткан жогорудагы сөзү боюнча комментарий бере элек.

Айыпталуучулардын тарапкерлери болсо бийликтин кайдыгерлигин айыптап, шаардык соттун алдына нааразылык акциясына чыгып жатышты.

Камактагы саясатчылардын тарапташтарынын талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ачкачылык кармаган үч саясатчыга бийлик өкүлдөрү көңүл бурбаса, анын кесепети кейиштүү болорун эскертти. “Бул соттун ишине нааразылыктан улам келип чыккан саясий акция” экенин баса белгилеген укук коргоочу “ачкачылык кармагандардын абалына президент өзү көңүл бөлүшүн” туура көрөт.

Бишкек шаардык сотунда парламент депутаты Аида Саляновага, оппозициялык «Элдик парламент» кыймылынын мүчөлөрүнө чыккан чечимдер сот акыйкаттыгы тууралуу маселени кайра козгоду.

Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Курманкул Зулушев мыйзам үстөмдүгү кол тийгис экенин баса белгилеп, соттор эгер “мыйзамсыз чечим кабыл алса, аларды жазалоо керек” деген пикирин айтты.

“Чындыгында соттор бүгүн адилеттиктен тайып кетти. Саясий өкүм, саясий чечим деген болбош керек. Сотто бир гана мыйзам үстөмдүгү, мыйзамдуу чечим, мыйзамдуу өкүм деген түшүнүк бар да. Сот адилеттиги ошондо жүзөгө ашат, ошондо адамдардын укугу корголуп, ошондо сотко эл ишенет. Мыйзам үстөмдүгүн орнотуу керек. Соттор эгер мыйзамсыз чечим кабыл алса, биз аны жазалашыбыз керек. Ошондо бул токтосо керек”, - деди эл өкүлү “Азаттыкка” берген маегинде.

Президенттин эскертүүсү эмнеден кабар берет?

8-февралда Бишкекте өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген паракорлук сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын айынан азайбай жатканын баса белгиледи. Мамлекет башчы бул органдардын өзүндөгү коррупция өтө кооптуу абалга жеткенин эскертти.

“Мени эл шайлаган, мага элдик бийликти ишке ашырганга эл өзү уруксат берген. Мыйзам чегинде чара көрөбүз. Ойлобогула, боло берет деп. Андай болбойт. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм кийлигишем”, – деди Жээнбеков.

Президент айрыкча Улуттук коопсуздук мекемесинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишин натыйжасыз, сапатсыз деп баалады. Ушундан улам бул органдын форматын өзгөртүүнү, ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келер-келбесин карап чыгууну тапшырды.

АКС бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир "кол тийбес кастага" айланып калышты. Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат”, - деген мамлекет башчы аталган орган бир жыл ичинде болгону 22 пара алуу фактысын аныктаганына токтолду.

Жээнбеков мындан ары сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын дарегине айтылган ар бир олуттуу арызды өз көзөмөлүнө аларын эскертти.

Президент Жээнбеков уюшма кылмыштуулук боюнча күрөштү да коррупция аксатып жатканын айтты. Криминалдык чөйрөдө акчанын өлчөмү көбөйгөнүн, буга укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышы бар экенин белгиледи. "Башкы прокуратура болсо коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор деген милдетин натыйжалуу аткара албай жатат" деп сындады.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү күчөтүп, укук коргоо, көзөмөл жана сот системаларын тазалоо боюнча токтоосуз чара көрүүнү талап кылды жана коррупцияга каршы күрөшкөн мекемелердин жетекчилерине дагы бир жолу мүмкүндүк берилип жатканын жарыялады.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенттин сынынан кийин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдил Сегизбаев паракорлукка каршы күрөштү күчөтүүгө убада берди. Өлкөнүн башкы чекисти “УКМК айтылган сынды эске алып, топтолгон тажрыйбанын негизинде коррупцияга каршы күрөштү чечкиндүү жүргүзүүгө жана күчөтүүгө толугу менен даярдыгын” билдирди.

Президент Жээнбековдун мамлекеттеги эң талылуу көйгөйлөрдү көтөргөнүн кубаттап, эми иштиктүү кадамдарды күткөндөрдүн бири коомдук ишмер, парламенттин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев.

Бийлик ишенген сот реформасы

Бийлик ишенген сот реформасы

Кыргызстанда сот реформасынын алгачкы баскычынын жыйынтыгы чыгарылууда.

“Биринчи кезекте коррупционерлердин жүзүн ачып, ошолордон тазалаш керек. Президент ишти баштагандан кийин баарын салмактап көрүп, популизмден оолак туруп айтты деп түшүнүп жатабыз”, – деген тажрыйбалуу саясатчы коррупцияга каршы күрөштү жалпы коомчулук колдой турганына ишенет.

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев өлкөдө сот реформасы “кадр алмашуу менен ишке ашпайт, реформа жаңы этап менен кайра башталышы керек” деген пикирде. “Ошол тандалып алынган кадрлар бүгүнкү күндө сот системасынын аброюн түшүрүп койду да. Себеби, мыйзамдарды колдонууда кайчы практика кездешүүдө. Адамдардын укугу тебеленип жатат. Бүгүн сот системасына нааразылар өтө көбөйдү”, – деген эл өкүлү сотторго ишенимдин төмөндөп баратканын алардын кесипкөйлүгү менен байланыштырды.

Былтыр июнда 2011-жылы башталган сот реформасынын алгачкы баскычынын жыйынтыгы чыгарылган. Беш жыл ичинде 447 судьядан турган соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгү жаңыланганы, сот системасына бөлүнгөн каражат “беш эседен ашык көбөйгөнүн" ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев белгилеген.

Парижде жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" деп аталган уюмдун жетекчиси Надежда Атаева Кыргызстан Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитетинде маанилүү орунду ээлеп турганына токтолуп, өлкө бийлигин системалык мыйзам бузууларды токтотуп, коррупцияны тизгиндөөгө үндөйт.

“Кыргызстандын президенти, премьер-министри жана башка жетекчилери адам укуктарына жана коррупциядан коргонууга артыкчылык бериши абзел. Ал жараянга жарандык коом дагы активдүү аралашып, жеке байланыштар эмес мыйзам деген баарынан жогору экенин көрсөтүү керек. Бүгүн Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүнүн укуктары укук коргоочулар жана саясий лидерлер деп таанылган инсандардыкынан көп болуп жатпайбы” ,– деди борбор азиялык укук коргоочу Атаева.

Расмий маалыматка ылайык, соңку эки жылда укук коргоо органдары 76 миӊден ашык кылмыш ишин козгогон. Бирок анын теңине жакыны “күнөөгө шектүү адамдар табылган жок" деген негиз менен токтотулган же кыскартылган. Козголгон кылмыш иштеринин 30% гана сотко өткөнү менен 10% ашыгында гана жарандар жоопко тартылган.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы эки жыл ичинде 485 кылмыш ишин козгоп, анын 118и сотко жөнөтүлгөн, калганы кыскартылган. Айыптоо өкүмү 37 иш боюнча гана чыккан.

2016-2017-жылдары сотко 22 миңден ашуун кылмыш иши келип түшкөн, бирок теңине жакыны кыскартылган же токтотулган.

2016-жылы прокуратура тогуз миңге жакын текшерүү жүргүзгөнү менен 8% гана кылмыш иши козголгон. Козголгон иштердин теңи эле сотко жеткен. 2% жетпеген иш боюнча айыптоо өкүмү чыккан, сегиз иш боюнча айыпталгандар эркинен ажыратылган.

Түштүк Кореяда кышкы Олимп оюндары башталды

9-февралда Пхёнхчаң шаарында XXXIII кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземи өттү. Беш бурчтуу стадиондо көз жоосун алган жарыкка бөлөнгөн салтанатка 92 өлкөдөн барган алты миңден ашуун спортчу катышты. Олимпиада стадионунун ар бир бурчу Түштүк Кореянын баалуулуктарын: маданият, экология, экономика, тынчтыкты жана IT - өндүрүшүн түшүндүрөт.

Стадионго Түштүк Кореянын туусу алып келинип, мамлекеттик гимни аткарылгандан кийин атлеттердин парады башталды. Салтка ылайык парадды Грекиянын делегациясы баштап, калган өлкөлөр биринен сала бири чыгып жатышты. Саны жагынан эң чоң команда Кошмо Штаттардыкы, 242 америкалык атлет мелдештерге катышат.

Орусиянын курама комадасы кызытма чырынан улам кышкы оюндардан четтетилген. Допинг тесттен таза чыккан 168 Эл аралык олимпиада комитетинин желегинин алдында өтүштү. Коңшу Казакстандан 57 спортчу жеңиш үчүн ат салышат. Кыргызстандан кышкы оюндарга Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев жолдомо уткан.

16 күн бою 102 комплект медал үчүн төгөрөктүн төрт тарабынан келген спортчулар күч сынашат.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Кышкы Олимп оюндарын ачык деп жарыялады. Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах спортчуларды акыйкат атаандаштыкка, таза таймашка үндөдү.

Журналисттердин көңүлү жарык, фейерверк менен коштолгон шаан-шөкөттөн сырткары дүйнөлүк лидерлер орун алган жерге бурулду. Түштүк Кореянын лидери менен жубайынын оң ыптасына АКШнын вице-президенти Майк Пенс аялы менен отурса, аларга катарлаш жапон өкмөт башчы Синзо Абэ орун алган. Пхеньяндан келген делегация башчысы Ким Ёң Нам менен Түндүк Кореянын лидеринин карындашы Ким Ё Чжон Вашингтондун жогорку даражалуу өкүлү кол сунса жете турган жерде отуруп, Олимп оюндарынын ачылыш аземине күбө болушту.

Солдон оңго: Президент Мун Чже Ин жубайы Ким Жүң Сук менен, АКШнын вице-президентинин жубайы Карен Пенс жана Майк Пенс, жапон премьер-министри Синзо Абэ. Экинчи катарда солдон оңго: Түндүк Кореянын паралмент төрагасы Ким Ёң Нам жана Ким Ё Чжон, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана жубайы Эльке Бүденбендер.
Солдон оңго: Президент Мун Чже Ин жубайы Ким Жүң Сук менен, АКШнын вице-президентинин жубайы Карен Пенс жана Майк Пенс, жапон премьер-министри Синзо Абэ. Экинчи катарда солдон оңго: Түндүк Кореянын паралмент төрагасы Ким Ёң Нам жана Ким Ё Чжон, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана жубайы Эльке Бүденбендер.

Пхёнчхаңдагы Олимп оюндарынын өзгөчүлүгү 1953-жылдан бери жаатташып келаткан эки Кореянын ортосундагы мамиленин жылый баштаганы болду. Эки өлкөнүн спортчулары Корей жарым аралынын сүрөтү түшүрүлгөн желектин алдында жетелешип чогуу чыгышты. Аялдардын хоккей командасы мелдештерге бир команда болуп катышат.

Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Корея Элдик демократиялык республикасы менен Корея Республикасынын улуттук олимпиада комитеттеринин эки командасы чогуу параддан өткөнүн “Олимпиаданын бириктирүүчү күчтүү касиетинин мисалы” деп баалады.

10-февралда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Пхеньяндан келген делегацияны кабыл алды. Жолугушууга Түндүк Кореянын парламент төрагасы Ким Ёң Нам жана Түндүк Кореянын лидеринин карындашы Ким Ё Чжон катышты.

Жолугушуудан тартылган видеотасмада Мун Чжэ Ин конокторду кубануу менен кабыл алып жатканы, Ким Чен Ындын карындашы колуна көк папка кармап турганы көрүнөт. Ким Ёң Нам агасынын Түштүк Кореянын лидерин Пхеньянга “мүмкүн болушунча тез арада” келип кетүүгө чакырган катын бергенин Сеул билдирди.

Эл аралык коомчулук бул окуяны Түндүк менен Түштүк Кореянын тирешин токтотуунун маанилүү белгиси катары баалап жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG