Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Елисеевдин лицензиясын узартуу боюнча иш козголду


Алексей Елисеев.
Алексей Елисеев.

Башкы прокуратура Максим Бакиевдин жакын өнөгү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, ишти териштирүүнү Улуттук коопсуздук комитетине тапшырды.

2010-жылы юстиция министри болуп турган азыркы депутат Аида Салянова лицензия бербей коюуга укуктук негиз болбогондугун белгилеп, тескерисинче, азыркы козголгон иш мыйзамсыз деп билдирди. Ал муну бийликтин коркутуп-үркүтүү ыкмасы катары баалады.

Башкы прокуратура аталган кылмыш ишти Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча козгогон. Коопсуздук комитети болсо бул иш боюнча маалымат бере элек. Мунун себебин мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов минтип негиздеди:

- Ишти прокуратура козгоп, бизге жиберди. Биздин тергөөчүлөр иштин чоо-жайын карап чыккандан кийин гана комментарий бере алабыз.

Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу буйругу
Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу буйругу

Елисеев иши боюнча териштирүү башталарын 16-ноябрда эле парламентке Белиз маселеси боюнча келген мамлекеттик комитеттин жетекчиси Абдил Сегизбаев кыйыткан:

- Ошол эле “Мегаком” боюнча ишти алып барып жаткан кезде Елисеев Алексей Александровичтин 2010-жылдын 28-июнунда адвокаттык лицензиясы кайра жандандырылганы мен үчүн табышмак болуп калды. Ошондо Кыргызстандын эли кан жутуп отурган учурда кимдир бирөө Елисеевге, Максим Бакиевдин оң колуна лицензиясын жандандырып жатат. Эмне себептен? Елисеевге үч иш козголгон. Ал ИИМ жана УКМК тарабынан издөөдө жүргөн. Юстиция министрлигинин жетекчиси асмандан түштү беле? Же кулагы укпай, көзү көрбөй калды беле? Эмне себептен Елисеевге лицензия берилип жатат? Ошол лицензиянын негизинде калган иштеринин баарын, «Мегаком» боюнча, башка улутташтырылган объекттер боюнча иштерин Елисеев улантып жатат. Жакында буга да жооп табабыз деп ойлойм.

Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

2010-жылы Юстиция министрлигин азыркы депутат, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Салянова жетектеп турган. Депутат кылмыш иштин козголушун, бийликтин коркутуп-үркүтүү максатын көздөгөн мыйзамсыз кадамы деп билдирди. Анын айтымында, Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартпай коюуга негиз жок болчу:

- Кайсыл учурда адвокат лицензияга ээ боло албай турганы, же лицензиядан ажыратылары тууралуу мыйзамда так жазылган. Эгерде ал иштегенге жараксыз болсо, же “күнөөлүү” деген соттун чечими болсо, же мамлекеттик органдардын компроматтык жүйөлөрдүн негизинде жумуштан бошоду деген чечим бар болсо лицензия берилбейт. Елисеевге лицензия берилип жаткан мезгилде жогорудагы үч негиз тең жок болчу. Ага кылмыш иши козголмок турсун, иши сотко кеткен күндө да бербей койгонубуз мыйзамсыз болмок. Елисеев Максим Бакиевдерге жакын экен, кылмыш иштери бар экен деген ошол кездеги саясатты мен эске алган эмесмин. Укуктук мамлекетте жашап жатып, бирок саясий зарылчылыкты карап отура турган болсок, Юстиция министрлигинин анда эмне кереги бар?

Аида Салянова.
Аида Салянова.

2010-жылы юстиция министринин орун басары болуп турган Жылдыз Мамбеталиева да Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу процедурасы мыйзамдуу болгонун айтып, 2013-жылы гана сот Елисеевди сыртынан соттогон соң, ал лицензиясынан ажыраганын айтат.

- Ага (Елисеевге) кылмыш иши козголгондугу менен, аны сот күнөөлүү деп 2013-жылы таап жатпайбы. Ал лицензиясынан соттун чечиминин негизинде ажырап жатат да. Бул бүгүн эле ачыкка чыгып, билинип калган иш эмес. Биз Елисеевдин лицензиясы тууралуу маалыматты Башкы прокуратурага 2010-жылы август айында эле берип баштаганбыз. Андан кийин да прокуратура бизден ушул тууралуу маалыматты сурап жүрдү. 2013-жылы гана ал лицензиясынан ажыраган соң, бизге прокуратурадан запростор келбей калды.

Алексей Елисеев 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөрүнүн бири болгон. Ал апрел ыңкылабынан соң өлкөдөн чыгып кеткен. Елисеевге карата бир нече кылмыш иши козголуп, сыртынан узак мөөнөткө соттолгон.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG