Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 07:20

Кримтөбөлдөр эркиндикте, "Таза коом" Давосто


Давос. 22-январь, 2018-жыл

Жума ичинде дүйнөдө жана Кыргызстанда болгон окуяларды "Апта" түрмөгүндө баяндайбыз.

23-январда Бишкекте өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы отуруму өттү. Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүдө ажырым пайда болуп, бийлик бутактарында “аймактык лобби” күчөп баратканына токтолду.

- Региондордун өнүгүшүндөгү дисбаланс көп жылдардан бери жоюлган жок. Аймактарды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсөк, айырмачылык мындан ары тереңдей турган болуп турат. Өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсү бир-эки гана аймакка көз каранды. Жашырганда эмне, кайсы региондон чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат. Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган региондордун өнүгүшү артта калды.

Жээнбеков: Аймактык лобби күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

"Өнүгүүнүн балансы бузулганын" баса белгилеген мамлекет башчы “аймактардын өнүгүшүн рынок чечет” деген саясат өзүн актабаганын, мындай көз карашты кескин өзгөртүү зарылдыгын белгиледи. Жер-жерлердеги мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү мыйзамдарды кайрадан анализдеп, аны өркүндөтүү зарылдыгына токтолду. Жергиликтүү бийликке элдин ишенимин кайтаруу үчүн аким, айыл өкмөттөрүнүн функцияларын карап чыгып, маселе чече алгыдай деңгээлге жеткирүү зарылдыгын көтөрдү.

Парламенттин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев президент Жээнбеков белгилеген башкаруудагы “баланстын бузулганын” мурдагы жетекчилердин бийликти борбордо кармап турууну жактаганынан көрөт.

- Аймактарда бюджет деген жок. Орус-кыргыз фондунан 250 миллион доллар берилди дешти, ошол акчанын көбү аймактарга барса жок дегенде 50-60 айыл өкмөтү өнүкмөк да, - дейт экс-депутат.

Анын белгилешинче, кредит, гранттардын көбү борбор жакта калып, аймактарда финансылык гана эмес жашоо-шарт жагынан да теңсиздик бар.

Мамлекеттик башкаруу боюнча адистер оболу өлкөдө административдик-аймактык реформа керектигин белгилешет.

Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

Cаясат таануу илимдеринин кандидиты Алмаз Акматалиевдин көз карашында региондор ирилешсе инвестицияга жагымдуу болмок.

- Бүгүнкү административдик система совет доорунан бери эч өзгөргөн жок. Мурда колхоз-совхоздун негизинде сельсовет уюштурулган. Колхоз жоюлгандан кийин ошол сельсоветтер калып калды. Анан алардын ордуна аткаруу бийлиги катары айыл өкмөттөрү келди, - деп чечмеледи саясат таануучу "Азаттык" радиосуна берген комментарийинде.

Эксперттердин баамында, мыйзамда жазылганы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү ыйгарым укуктарына толук ээ эмес. Өкмөттүн райондук жана облустук деңгээлдеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аймактагы маселелерди чечүүдө укугу да, акча каражаты да чектелүү.

2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Аны ишке ашыруу үчүн түзүлгөн жумушчу топко министрлер, облустардын башчылары жана башка бийлик өкүлдөрүнөн 39 адам кирген. Жумушчу топ мыйзамдык жана финансылык базаны түптөп, реформанын үстүндө иш жүргүзөт.

Ушул тапта өлкөдөгү 483 айыл өкмөтүнүн 382си дотацияда отурат.

2017-жылы мамлекеттик казынадан аймактардагы дотация үчүн 1 млрд 818 млн сом бөлүнсө, быйыл 1 млрд 850 млн сом бөлүнөт. ​

Бейшембиде кыргыз өкмөтү мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу жана бюджеттин чыгымдарын азайтуу максатында штаттык орундарды 10% чейин кыскартарын жарыялады.

Өкмөт мүчөлөрү. 29-ноябрь, 2017-жыл
Өкмөт мүчөлөрү. 29-ноябрь, 2017-жыл

Атайын түзүлгөн комиссия бир ай ичинде аткаруу бийлигинин ишин талдап, реформалоонун планын даярдайт. Азырынча кайсы мамлекеттик структуралар өзгөртүлөрү, канча кызмат орду жоюлары, мамлекет казынасынан канча каражат үнөмдөлөрү белгисиз. Алдын ала айтылган маалыматка караганда, кеминде штаттык орундар 10% кыскарып, айрым агенттик, департаменттердин түзүмдөрү өзгөртүлөт.

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары Олег Тарбинский "Азаттык" радиосуна берген маегинде ​"мамлекеттик башкарууга жаңы технологияларды киргизүү кыскартууларга дуушар кыларын" билдирди. "Мамлекетик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү мүмкүн болушунча электрондук форматка өткөрүлөт" - деген Кадр кызматынын өкүлү болжол менен миңдей иш оруну кыскара турганын кошумчалады.

"Бирок механикалык кыскартуу менен эмес, ар бир кызматты талдап, тактап, кызматкерлердин ишин эсептеп чечим чыгарышыбыз керек", - деди кадр кызматынын башчысы.

Адистер болсо мамлекеттик бюджеттин кошумча чыгымдарын азайтуу үчүн штаттык орундарды жоюп, чакан өкмөт түзүүнү сунуштап келет.

2016-жылдын май айында ишке кирген жаңы мыйзамга ылайык муниципалдык кызматтагылар да мамлекеттик кызматкер болуп саналат. Кыргызстанда жалпы 27 миңдей мамлекеттик кызматкер эмгектенет.

Кылмышкерди ким тыят?

Соңку кезде уюшкан кылмыштуу топтордун анабашыларынын биринен сала биринин түрмөдөн чыгып жатышы укук коргоо органдарынын дарегине айтылган сынды күчөттү.

19-январда Ысык-Ата райондук соту 2016-жылы 10 жылга кесилген Самарбек Жолдошевди жатак абакка чыгарды. Милициянын маалыматында ал криминалдык чөйрөдө "Дөө Чыңгыз" деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун "оң колу" деп саналат.

Ишти караган Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Марат Канулькулов Жолдошев уюшма кылмыш тобунун мүчөсү экени тууралуу маалыматы жоктугун, "жатак абакка чыгарууну №3 түрмөнүн администрациясы сунуш кылды" деп бышыктады “Азаттык” радиосунун кабарчысына.

Самарбек Жолдошев 2015-жылы камалган. Бишкектеги Биринчи Май райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин "адам уурдоо", "уурдоо", "опузалап талап кылуу" жана "автомобилди укукка жат түрдө ээлеп алуу" деген айыптарды таккан.

Андан эки күн мурда Бишкектин Ленин райондук соту кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү саналган Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу жаза менен эркиндикке чыгарды.

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.

Ал 2016-жылы жайында кармалып, "киши өлтүрүүгө катышкан", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "ээнбаштык кылган" жана "кылмыш тобун түзгөн" деген айыптар тагылган. Райондук соттун чечими менен 18 жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык соту анын жазасын 13 жылга кыскарткан. Былтыр болсо жыл этегинде иш Жогорку Сотко жеткенде оор кылмыштардын баары кыскарып, жети жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккан.

Оор кылмыштарга айыпталып, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган криминалдык топтордун мүчөлөрүнүн түрмөдөн чыгып жатканы сот акыйкаттыгы тууралуу маселени кайрадан козгоду.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте Сотторду тандоо кеңешине талапкерлерди тандоо учурунда сотторго элдин ишеними кеткенин айтып, коңгуроо какты.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

- Азыр сотторго карапайым калктын 90% ишенбейт десем аша чапкандык болбойт. Бизге түшкөн кайрылуулардын 90 пайызы сот чечимдерине нааразычылык билдиргендер. Бул чындык, - деди эл өкүлү парламент трибунасынан.

Ал эми Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевдин айтымында сот системасы "эң чуулгандуу же саясий иштер менен бааланып", коомчулук ошого гана көңүл буруп жатат.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова түрмөлөрдө ​канчалаган карапайым жарандар жатак абакка же шарттуу жаза менен мөөнөтүнөн мурда бошой албай жатканын, бул жерде "көп коррупциялык жолдор бардыгын" белгилейт.

Мыйзам боюнча түрмөдө жаткан адамды жатак абакка чыгарууга же мөөнөтүнөн мурда бошотууга байланышкан документтерди сотко Жаза аткаруу кызматынын атайын бөлүгү даярдайт.

Бул мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова болсо “тергөө органдары, сот аларга "кримчөйрөнүн активдүү мүчөсү" деген “жарлык” такпагандан кийин, биз баарын катардагы жаран катары кароого аргасызбыз” деп түшүндүрдү.

Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов уюшма кылмыштуулукка каршы күрөштө Башкы прокуратуранын милдети менен жоопкерчилигине байланыштуу суроо койду. "Акыркы мезгилде, өзүңөр көргөндөй Ошто, Жалал-Абадда, Чүйдө ири карактоо болуп жатат. Бул жакшы нерсе эмес. Эгер мамлекет буга каршы тура албаса, анда күч алып кетиши мүмкүн" - деп эскертти.

Башкы прокуратура уюшма кылмыш топторунун активдүү мүчөлөрү катары айтылып жүргөн адамдардын түрмөдөн бошоп кетип жатканына байланыштуу комментарий бере элек.

Жуманын башында премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү криминогендик абалга байланыштуу жыйын өткөргөн жана анда жагдай кооптонуу жаратып жатканын белгилеген.

Давос: Дүйнө лидерлери эркин сооданы жакташат

23-26-январда Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форум өттү. 48-ирет уюштурулган экономикалык форумдун темасы “Бөлүнүп-жарылган дүйнөдө орток келечек түзүү” деп аталды.

Давос форумуна келген Дональд Трамп. 26-январь, 2018-жыл
Давос форумуна келген Дональд Трамп. 26-январь, 2018-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп Давостогу форумдун акыркы күнү 26-январда сөз сүйлөдү. "Жаратман болгула, инновация жасагыла, кургула" деп форумдун катышуучуларына кайрылган Трамп бизнеске бут тоскон бюрократия менен күрөшөбүз, корпорациялар үчүн салыкты азайтабыз деп билдирди.

Ушул тапта Кошмо Штаттарга инвестиция жасоого мурда-кийин болбогондой мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеп, "бизде мыкты университеттер жана мыкты кадрлар бар, энергия арзан" деген Трамп АКШда иштөөнүн артыкчылыктарын санап өттү.

АКШ өкмөтү кандай гана өлкө болбосун, өз ара пайдалуу шартта келишимдерди түзүүгө даярдыгын баса белгиледи. Ал АКШ "адилет жана эки тараптуу сооданы колдорун" дагы бир ирет кайталады.

Давосто Трамп экономикадан башка саясий маселелерге дагы токтолду. Корей жарым аралын "өзөктүк куралдан толук арылтууну", Америка Ооганстандагы терроризм менен күрөштү улантарын жана Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочуларын тыптыйпыл кылууну колдорун билдирди.

"Терроризм тууралуу сөз болгондо биз өз жарандарыбызды жана чек араларыбызды коргоого даярбыз" деген Трамп Американын мигрантарды кабыл алуу системасынын "эскилиги" жеткенин, ал реформалоого муктаж экенине токтолду. Анын айтымында Кошмо Штаттарга келечекте билимдүү жана кесипкөй мигранттар керек.

Ангела Меркел. 27-январь, 2018-жыл
Ангела Меркел. 27-январь, 2018-жыл

Быйылкы форумда Германиянын, Италиянын лидерлери экономикадагы изоляцияга жана соодадагы протекционизмге каршы чыгышты. "Изоляция бизге өбөлгө болбойт. Бизге кызматташуу зарыл, протекционизм маселени чечпейт", – деди немис канцлери Ангела Меркел.

Италиянын премьер-министри Паоло Жентилони эл аралык кызматташуунун туруктуулугун бузууга каршы көз карашын билдирди. Саясий лидерлердин "өз жарандарын жана экономикасын сактоо ниетин түшүнөбүз, бирок анын чеги болушу керек" деп эскертти.

Ал эми Евробиримдиктен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан британ өкмөт башчы Тереза Мэй дүйнө лидерлеринин эркин сооданы колдоо жөнүндө айткандары менен иш жүзүндө жасагандары шайкеш келбей жатканын сындады. Дүйнөлүк Соода уюмун реформага чакырды.

Бул жолу Кытайдын жогорку жетекчилигинен форумга эч ким келген жок. Былтыр президент Си Цзиньпин өзү катышып, глобалдашууну жана эркин сооданы коргоп сөз сүйлөгөн.

Орусиянын делегациясын быйыл вице-премьер-министри Аркадий Дворкович жетектеп келди.

Нарендра Моди
Нарендра Моди

Өнүгүп келе жаткан дүйнөдөн быйылкы жыйынга катышкан Индиянын премьер-министри Нарендра Моди климаттын өзгөрүүсү, терроризм менен бирге антиглобализацияны да адамзаттын эң олуттуу үч көйгөйүнүн сабына кошту.

Экономикалык форумга Кыргызстандан премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегация катышты. Өкмөт башчынын кеңешчиси Талант Султанов Давостон "Азаттык" радиосуна берген маегинде форумга катышуунун максаты Кыргызстанды таанытуу жана өлкөгө инвестиция тартуу тартуу экенин белгиледи.

"Биринчиден, “Таза коом” долбоорунун алкагында жаңы технологиялык компаниялар менен иштешүү. Экинчиден, туризм багытында кызматташтыкты талкуулап жатабыз", - деп "Таза коом" долбооруна кызыккандар арбын болгонун кошумчалады.

Давостогу быйылкы жыйынга алтымыштан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, жүздөгөн алдыңкы компаниялардын жетекчилери, илимпоздор, жарандык коомдун өкүлдөрү, дүйнө экономикасын башкарган элитанын өкүлдөрү катышты.

Күнүнө жүздөй жолугушуу, талкуулар өткөрүлдү. Экономикалык өсүш, айлана-чөйрөнү коргоо, терроризм, жасалма интеллект, Африканын келечеги, качкындарды абалы өңдүү глоабалдык коомчулукту түйшөлткөн маселелер талкууланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG