Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:46

Муратбеков: Грин-карт АКШга пайда келтирчү адамга берилет


Манас Муратбеков.
Манас Муратбеков.

Нью-Йорктогу теракттан кийин АКШ президенти Дональд Трамп мигранттарга берилген грин-карт системасын жоюуну сунуташды. АКШга туруктуу жашоого жол ачкан грин-карт Америкага барып иштөөнү көздөгөн кыргызстандыктарга эмне берет? Майами шаарындагы MURATBEKOV LAW юридикалык кеңсесинин башчысы Манас Муратбеков жооп берди.

"Азаттык": Жылына болжол менен канча кыргызстандык АКШга туруктуу жашоо үчүн грин-карт лотереясына документ тапшырары сизге маалымбы?

Манас Муратбеков: АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2015-жылы жарыялаган расмий билдирүүсүндө 27 миң 427 кыргызстандык лотереяга катышуу үчүн документтерин тапшырган. Алардын ичинен 403 киши уткан. АКШга иш визасын алуу кыйын.

Грин-карт биринчи кезекте өзгөчө кайсы бир чөйрөдө абдан таланттуу, маселен спорт, искусство же журналистика багытында өзүнүн көрүнүктүү ийгиликтерин көрсөтө алгандарга берилет.

Тандоодо ал адам Кошмо Штаттарга канчалык көп пайда алып келет алат деген суроо турат. Ошондой эле 150 миң доллардан ашуун капиталы бар, аны АКШнын аймагында ишке салайын деген ниети бар инвесторлор ала алат. Албетте каражаты декларациядан өтүш керек.

​Статистикага ылайык 2015-жылы Кыргызстандын 790 жараны АКШда туруктуу жашоого уруксат алышса, 418 кыргызстандык жарандыгын алышкан. Американын мыйзамдары бир адамга бир нече өлкөнүн жарандыгын алууну чектебейт.

"Азаттык": Манас мырза, жакында эле АКШнын президенти Дональд Трамп АКШга грин-карт системасын татаалдаштыруу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Андан бери АКШнын иммиграциялык саясаты боюнча талкуулар уланып келет. Бул Кошмо Штаттарга барып, жашайм деген кыргызстандыктарга кандай таасирин тийгизиши ыктымал?

Манас Муратбеков: АКШ президенти Трамп сунуштаган мыйзам долбоору сырттан келген иммигранттардын, өзгөчө жогорку билимдүүлөрдүн жана соттолбогондордун жашоосун жакшыртууга багытталган.

Азыр грин-карт такыр жоюлат экен деген сөздөр жайылып жатат, бирок бул андай эмес. Кыргызстандыктар үчүн башкалардай эле, албетте, туруктуу жашоого мүмкүнчүлүк алуу шарттары татаалдашат.

Биринчиден, сөзсүз түрдө англис тилин билүү, жогорку билимдүү болуу шарт. Экинчиден, мурда-кийин соттолбогон болушу керек. Эки-үч жыл мурдагыга салыштырмалуу грин-карт алуу шарттары татаалдашты. Маселен, учурда элчиликтеги маектешүүдө кыйла көп жана оор суроолор берилет. Мурда көп нерселерге көңүл бурулчу эмес.

Манас Муратбеков АКШ президенти Дональд Трамп менен.
Манас Муратбеков АКШ президенти Дональд Трамп менен.

"Азаттык": Сиз айткандай шарттар бир топ катаалдашып калыптыр. Кокустан мыйзам долбоору өтүп кетсе, АКШда туруктуу жашоону көздөгөн кыргызстандыктар эмнеге даяр болушу керек? Сиз кандай кеңештерди берет элеңиз?

Манас Муратбеков: Биринчиден, Америкага кетүүнү көздөгөн иммигрант Кыргызстандын аймагында эч кандай кылмыш иштерине аралашпашы абзел. Албетте, англис тилин билүү кажет. Расмий статистикага ылайык, жылдан-жылга виза алган кыргызстандыктардын саны өсүп жатат. Бул, албетте, кубандырат.

Соңку маалда кыргызстандыктардын көбү туруктуу жашоого эмес, конокко же саякаттап келип жатышат. Эң көп виза 2013-жылы берилген. Анда виза алган кыргызстандыктардын саны 4219га жеткен. 2015-жылы мекендештерибиз 3292 виза алышкан. Бул жактагы кыргызстандыктардын эң башкы маселеси - мыйзамдарга көз жуумп коюшканы. Кошмо Штаттарда мыйзам сааттай эле так иштейт.

2015-жылы расмий статистикага ылайык, АКШнын аймагында 40тай кыргызстандык камалган. Бул жагынан алганда да 2013-жылы рекорд көрсөтүлгөн. Анда камакка алынган кыргызстандыктардын саны 89га жеткен. Алар ар кандай себептер менен бейбаштык, алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, мыйзам бузуу жана алдамчылык менен кармалышкандар.

АКШда адвокаттарды тыкыр текшеришет

"Азаттык": Адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенгениңизге канча жыл болду?

Манас Муратбеков: 2015-жылдан бери алектенип келем. Ошол эле жылы Флорида штатында эки кеңсе ачтык. Башкы кеңсебиз Халландейл шаарында, экинчиси Майямиде. Бул менин жеке компаниям, аны өзүм негиздегем. Учурда менден башка дагы үч адвокат иштейт. Келечекте кеңейүү тууралуу оюбуз бар.

"Азаттык": Сиз иммиграциялык укук жана арбитраж жаатында иш алып барып, АКШда мекендештер үчүн атайын жыйындарды өткөрөт экенсиз. АКШда кыргызстандыктар кандай юридикалык маселелер менен көп кайрылышат?

Манас Муратбеков: Мен кыргызстандыктар үчүн ушуга чейин эки жыйын өткөрдүм, Алардын эң башкы көйгөйү - өздөрүн адвокаттар дегендерге алданып калышат. Андай адвокаттар лицензиясы жок эле иш алып бара беришет. Андыктан алган ишин аягына чыгарышпайт. АКШдагы кыргызстандыктарга бере турган кеңешим - лицензия менен иш алып барган адвокаттарга гана кайрылгыла.

"Азаттык": Мекендештердин көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип жатасызбы?

Манас Муратбеков: Ооба, баарына болбосо да колумдан келген жардамымды көрсөтүп келем. Мен өзүм Флорида штатынын Майами шаарында иштейм. Албетте, Чикаго, Нью-Йорк, Техас сыяктуу мекендештерибиз көп отурукташкан жерлерден кайрылышат. Кыргызстандыктарды кезексиз жана кандай гана болбосун кабыл алабыз. Мекендештерибиз Чикаго, Хьюстон жана Нью-Йорк шаарларында арбын.

"Азаттык": Майямиде университетти бүтүрүп, ошол жакта калып калыптырсыз. АКШда адвокаттык лицензия алуу татаал экенин билебиз. Сиз кантип алдыңыз? Канчалык оор болду?

Манас Муратбеков: Эң негизгиси максат жана аны туура коё билүү. Мен өзүм иммирганттар өткөн бардык процесттен өткөм, бүт кыйынчылыктарын билем. АКШда өз алдынча ирденүү чоң сыноо. Эң негизгиси документтер туура болушу зарыл жана алар менен өз ишин билген адистер алектениши керек.

АКШда иммиграциялык укук менен алектенген жалгыз кыргызстандык юристмин. Укук багытында Нью-Йоркто, Бостондо билим алган жаштарды билем. Бул жакта абдан ийгиликтүү, маселен, Силикон өрөөнүндө IT багытында иштеген кыргызстандыктар бар. АКШнын аймагында адвокаттык лицензия алуу өтө оор. Алдын ала көптөгөн сыноолордон өтөсүң. Сен жөнөрдө бардык маалыматты, социалдык тармактардагы жазган комментарий, постторуңа чейин текшеришет. Бул талапкер бөлүп-жаруу же болбосо кайсы бир тарапты жактабайбы дегенге өтө сак мамиле кылышат. Анткени адвокат өз кардарын моралдык жагынан да, укуктук жагынан да сындап, айыптабайт эмеспи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG