Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Нью-Йорктогу теракт: иммигранттар текшерилет


Жаракат алган айымга алгачкы көмөк көрсөтүү учуру. Төмөнкү Манхэттен, Нью-Йорк. 31.10.2017.
Жаракат алган айымга алгачкы көмөк көрсөтүү учуру. Төмөнкү Манхэттен, Нью-Йорк. 31.10.2017.

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече кишини тебелеп кетти.

Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагындагы 31-октябрдагы террордук кол салуунун айынан алты киши дароо набыт болуп, эки киши кийинчерээк ооруканада каза болду жана кеминде 11дей киши ар кыл жараат алды.

Шектүү жүк ташуучу унаа менен велосипедчен адамдар жүрүүчү тилкеге кирип барып, бир нече адамды тебелеп кеткен. Полиция аны жарадар кылып, колго түшүрдү.

Окуя Хеллоун майрамынын урматына оюн-зоок болот деп жаткан жайга чукул жерде болду. Окуянын күбөлөрү атылган октордун доошун жана «Алла – баарынан улук» ("Алла акбар!") деп арапча кыйкырган үндү угушкан.

Элди тебелеген адамдын аты-жөнү Сайфулло Саипов экени маалым болду. 29 жаштагы киши АКШга бир нече жыл мурун Өзбекстандан келип, Флорида штатында жашап турган.

Бийликтер андан кылмышты жалгыз ишке ашырган деп шектенип жатышат. Бирок айрым медиа иликтөөчүлөр экстремисттик топтун колго жазылган катын табышканын жазышууда.

АКШдагы өзбекстандык мигрант Миррахмат Муминов «Эркин Европа/Азаттык” радиосуна шектүүнү тааный турганын айтты. Айтымында, Саипов 2013-жылы Флоридага келер алдында Огайо штатынын Акрон шаарында жашачу жана жүк ташуучу унааны айдап көп жыл иштеген. Муминов ошондой эле анын аялы, эки баласы бар экенин белгиледи. Шектүүнү аз-маз “агрессивдүү”, бирок Флоридага кеткиче ашкере динчил эмес болчу деп сүрөттөдү. Ошентсе да Саипов теракт жасоого жөндөмдүү деп эч ким ойлобогонун кошумчалады.

"Убер" такси компаниясы Саипов чабуулга чейин аларда айдоочу болуп иштегенин билдирди.

Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио жана башка бийлик өкүлдөрү 31-октябрда чукул өткөрүлгөн маалымат жыйынында бул окуяны «террордук чабуул» катары айыпташты.

Билл де Блазио маалымат жыйында буга "тынч жана күнөөсүз адамдарга кол салуу" деп баа берди. Учурда ФБР иликтөө ишин жүргүзүп жатат жана окуя теракт катары бааланышы мүмкүн.

Кол салган адамга шаардагы ооруканалардын биринде операция жасалды.

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Твитердеги баракчасында Нью-Йорктогу террордук чабуулду терең айыптады:

“Нью-Йорк шаарында бир оорулуу жана акылынан азган киши дагы бир чабуул жасаган сыяктанат. Мыйзамдуулукту камсыздоо күчтөрү бул окуяны кылдат иликтөөдө. (Мындайга) АКШда жол жок!”, - деген Трамп Нью-Йорктогу чабуулдан кийин өлкөдөгү иммигранттарды текшерүүнү күчөтүүнү буйруганы белгилүү болду.

"Ички коопсуздук органдарына ансыз да өтө тыкыр текшерүү программасын күчөтүүнү тапшырдым” деп жазды Твиттерге.

Инцидент Хеллуин майрамына арналган жүрүшкө бир нече саат калганда жасалган. Күбөлөрдүн айтымында, алар адегенде атайын уюштурулган тамашалуу оюнду көрүп жатабыз деп ойлогон. Бийликтер Нью-Йорк террористтерге багынбайт деген негизде жүрүштү улантууну чечишкен.

Нью-Йоркто машине бир нече кишини тебелеп кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00
​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG