Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 03:42

Давос форуму - 2018: Айтылган ойлор жана ажырым


Президент Доналд Трамп Давос форумуна келген учур. 26-январ, 2018-жыл.

Швейцариянын Давос шаарында дүйнөлүк экономикалык форум аяктады. Ишкердик жана саясат элитасынын жыл сайын өтүүчү эл аралык жыйынында лидерлер кайсы маселелерге көбүрөөк көңүл бурушту?

Быйыл 48-ирет өткөн экономикалык форумдун темасы – “Бөлүнгөн дүйнөдө орток келечекти жаратуу” деп аталды.

Эң ири экономика - Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Давос форумунун акыркы иш күнүндө - 26-январда сөз алды. Өлкөсү экономикалык жактан кайра кубаттана баштаганын белгилеген Трамп форумда АКШ бизнес үчүн ачык деп жарыялады.

- Мен бул жерге эң жөнөкөй кайрылуу жасоо үчүн эле келдим. Кошмо Штаттарда ишке алуу, курулуш жүргүзүү, инвестиция салуу жана өсүш үчүн азыркыдан мыкты учур болгон эмес. Америка бизнес үчүн ачык жана биз атаандаштыкка кайрадан жөндөмдүүбүз. АКШнын баалуу кагаздар базары дээрлик 50% өстү. Президенттикке мен шайлангандан бери биздин фондулук базарда 84 жолу рекорддук көрсөткүч катталды. Адилеттик үчүн айта кетейин: бул нерселер биз салык кыскартууларына барып, салык реформасын жүргүзгөнгө чейин болду.

АКШда акыркы отуз жылдагы эң ири салык реформасы жана президент Трамптын ички саясаттагы жеңиши деп мүнөздөлгөн мыйзам былтыр декабрь айында кабыл алынган.

Эл аралык Валюта кору ушул айдагы баяндамасында дүйнөлүк экономика быйыл 3,9% чейин өсөрүн болжолдоп, буга Кошмо Штаттардагы салык реформасынын да салымы болорун көрсөткөн.

Соода адилеттиги

Давостогу сөзүндө да президент Трамп "АКШ глобалдык соодадагы “адилеттик” орношу үчүн умтулат" деп буга чейинки билдирүүлөрүн кайталады:

- Эгерде кээ бир мамлекеттер (соодадагы) системаны башкалардын эсебинен кыянат пайдаланса, бизде эркин жана ачык соода болбойт. Биз эркин, адилеттүү жана эки тараптуу сооданы колдойбуз. Анткени, акыр-аягында адилетсиз соода баарыбызга шек келтирет. АКШ мындан ары адилетсиз экономикалык тажрыйбаларга, анын ичинде интеллектуалдык менчиктин массалык түрдө уурдалышына көз жума албайт. Биз соода боюнча мыйзамдарды чыңдайбыз, соода системабыздын бүтүндүгүн калыбына келтиребиз.

АКШ президенти Д.Трамп.
АКШ президенти Д.Трамп.

​АКШнын азыркы администрациясы “адилетсиз соода” дегенде адатта эң биринчи кезекте Кытайды эске алат.

Америкалык статистика боюнча былтыр Бээжин менен Вашингтондун ортосундагы сооданын көлөмү 578 миллиард долларга жетип, бирок 344 миллиард доллар менен Кытайдын пайдасына аяктаган.

Башкача айтканда, Кытай АКШга мына ушул суммага товарды ашыкча саткан.

Кытайдын эң жогорку саясий лидерлери быйылкы форумга келген жок. Былтыр Давос шеринесине президент Си Цзинпин өзү катышып, глобалдашууну жана эркин сооданы коргоп чыккан болчу.

Быйылкы форумда экономикадагы обочолонуучулук (изоляционизм) менен соодадагы протекционизмге (өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын жасалма жактоочулукка) Евробиримдиктин биринчи бай өлкөсү, дүйнөнүн төртүнчү экономикасы - Германиянын канцлери Ангела Меркел дагы каршы чыкты:

- Биздин ишенимибизде обочолонуучулук жакшылыкка алып барбайт. Протекционизм - туура чара эмес, анын ордуна биздин кызматташуубуз абзел. Эгер биз адилетсиздик болуп жатат, (соодада) механизмдер эки тараптуу эмес десек, анда мунун көп тараптуу чечимин издөөбүз абзел. Анткени, бир тараптуулук изоляционизмге жана протекционизмге гана жетелейт.

Ал эми Евробиримдиктен кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Британиянын премьер-министри Тереза Мэй дүйнө өлкөлөрүнүн эркин сооданы колдоо боюнча Давостогу риторикасы алардын турмуштагы аракеттери менен шайкеш келбей жатканына токтолуп, Дүйнөлүк Соода уюмун реформага чакырды.

Дүйнөлөшүүнү коргоо

Өнүгүп келе жаткан дүйнөдөн быйыл Индиянын премьер-министри Нарендра Моди климаттын өзгөрүүсү, терроризм менен бирге дүйнөлөшүүгө (глобалдашууга карата) терс мамилени да адамзаттын эң олуттуу үч көйгөйүнүн катарына кошту.

Глобалдашуу мурдагы “көркөмдүгүн” жоготту деген Моди буларга токтолду:

- Көп мамлекеттер чек араны кескен инвестициялардын кыскарганына күбө болушту. Глобалдык сунуштагы өзгөрүүлөрдүн өсүшү да токтоп калды. Дүйнөлөшүүгө каршы бул кооптуу кырдаалдын чечими - обочолонуу эмес. Анын чечими мезгилдин өзгөрүшүнө байланышкан ийкемдүү саясатты түшүнүп, иштеп чыгуу.

Индиянын премьер-министри Н. Моди.
Индиянын премьер-министри Н. Моди.

Талдоочулар Индияны дүйнөлөшүүдө пайда көргөн өлкөлөрдүн эң алдыңкы сабына коюшат.

Давос форуму 2016-жылы дүйнөнү төртүнчү индустриалдык ыңкылапка же эмгек базарына роботтор кирген учурга ылайыкташтыруу маселесин талкуулаган эле. Ал ыңкылаптын башталышы катары 2025-жылдар аталган.

Кытайдын бизнес гиганты – Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма быйылкы талкуулардын биринде эмгек базарында адам менен роботтун атаандаштыгы күтүлөрүн эске салып, дүйнөлөшүүнүн багытына түзөтүү киргизүүнү сунуш кылды:

- Дүйнөлөшүү акыркы отуз жылда эң мыкты милдеттерди аткарды, көп мамлекеттерди байытты. Бирок албетте көптөгөн көйгөйлөрдү да пайда кылды: жаштардын, кичи бизнестин мүмкүнчүлүгү чектелүүдө, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр көз жаздымда калып жатат. Анткен менен глобалдашууга отуз эле жыл болду да, ал жаш бала сыяктуу. Биз аны өстүрүп, өрчүтүп, оңдошубуз абзел. Эгер оңдобосок, анда бул жүрүмдү ойрондоп алабыз. Көп учурда бир нерсе жараткандан, өлтүрүп алыш оңой. Андыктан, бул биздин муундун иши. Бүгүн биздин технологияларыбыз жакшы, дүйнөлөшүү боюнча билимибиз терең. Дүйнөлөшүү​нү оңдоо биздин муундун жоопкерчилиги же мүмкүнчүлүгү.

Жек Ма
Жек Ма

Жек Ма бирок дүйнөлөшүүнү кантип оң нукка салуу керектигин айткан жок.

Азыркы экономикалык система байларды барган сайын байытып, бирок кедейлердин абалын оңдой албай жатканын Давос форумун утурлай Oxfam кайрымдуулук уюму эскерткен.

Бул уюмдун жаңы баяндамасында, маселен, дүйнөдө 2017-жылы жаралган жаңы байлыктын ар 5 долларынын жалпы калктын бир гана пайызын түзгөн ири байлардын капчыгына түшкөнү, ал эми дүйнө калкынын жарымынан көбүнүн кирешеси өспөгөнү айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG