Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:35

Дүйнө лидерлери чогулчу Давос кардын алдында калды


Давостогу коопсуздукту күзөткөндөр. 22-январь, 2018-жыл

Швейцариянын Давос шаарында шейшембиде дүйнөлүк экономикалык форум башталат. Ага төгөрөктүн төрт бурчунан өлкө жетекчилери баштаган үч миңдей конок келет. Бул тапта аймакка акыркы эки суткада эле эки метрден ашуун кар жаады.

Швейцариянын жергиликтүү метеорология башкармалыгы январдын ушул күндөрү Давосто мынчалык улуу кар тээ 1951-жылдан бери жаай элек болчу деп билдирди.

- Акыркы эки суткада эки метрден ашуун кар жаады. Бул чоң көйгөй жаратып жатат. Анткени биз карды дайыма Давостон сыртка ташычубуз. Эми эмне кыларыбызды билбей атабыз, - деп шаардын мэри Тарзисиус Кавицел (Tarzisius Caviezel) журналисттердин алдында алаканын жайды.

Кар шейшембиде сээлдейт деп жатышат.

Азыр Давостогу эң чоң түйшүк - кар күрөмөй
Азыр Давостогу эң чоң түйшүк - кар күрөмөй

Дүйшөмбүдө “Кар жана кар көчкүнү изилдөө” институту Альпы тоо кыркаларынын түндүк ыптасында, анын ичинде Давосто көчкү коркунучу эң жогорку, 5-деңгээлге жеткенин эскерткен. Ушундан улам поезд жана башка жүргүнчү каттамдары токтотулган.

Айрым жыйындарынын катышуучулары гана жолдо кечигип, үзгүлтүккө учураганы болбосо, негизинен Давос экономикалык форуму учурунда өтө турган болууда.

Мэриянын тиешелүү кызматы жолдорду тазалап, кар күрөндүлөрдү ташып чыгарууда.

Ал эми дүйнө лидерлери, өзгөчө АКШ президенти Дональд Трамптын келеринен пайдаланып, нааразылык митингин өткөрүп алалы деген теңчиликти жактаган топтордун өтүнүчү болсо четке кагылды.

"Жердин баарын кар басып калды", - деди Давос бийлиги.

- Ушул маалымат жыйынына келатып, өзүңөр деле сездиңер окшойт, калың кардан улам мында келиштин өзү оор. Жолдор кууш, күрөлгөн жер аз. Ошон үчүн Давостун тегерегинде ары бери жүрүш өтө кыйын, кыймыл жай. Андыктан мындай шартта нааразылык иш-чарасын өткөрү чынында оор болот, - деди 22-февралда журналисттерге Граубюнден кантонунун полиция башчысы Оберст Валтер Шлегел.

АКШ президенти келет деп коопсуздук өзгөчө күчөтүлдү
АКШ президенти келет деп коопсуздук өзгөчө күчөтүлдү

Бейшембиде форумга АКШ президенти Трамп келиши мүмкүн деген кабардан улам шаарда коопсуздук чаралары болуп көрбөгөндөй күчөтүлдү. Бул үчүн 9,3 млн доллар бөлүнүп, 4400 полиция жана армиядагылар тартылган.

Балким АКШ президенти келбей да калышы ыктымал. Анткени АКШнын өлкө бюджети алигиче бекитилбей, мамлекеттик мекемелер азыр ыгым-чыгымдарын тыйып турган учуру.

Жашоо таптакыр эле токтоп калган жок
Жашоо таптакыр эле токтоп калган жок

Швейцариянын башка аймактарында да кар өзгөчө кыйынчылык жаратты. Маселен, ишембиден бери Альпыдагы Церматт (Zermatt) бийик тоолуу лыжа (чаңгы) курортунда 9 миңдей турист жакага кайтып кете албай, аргасыздан кармалууда.

Алар тик учакка кезекке туруп атышат. Бирок швейцариялык басылмалардын маалымдашынча, улуу карга аралаш чыккан бороон учкучтардын ишин кыйындатып, дүйшөмбүдө кар туткунунан куткарылгандардын саны 300 кишиден ашкан жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG