Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

ДАВОС: ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ЖӨНҮНДӨ АПАЗДАР ДҮМӨКТҮҮ


Давосто жыл сайын экономикалык форумга чогулган дүйнөлүк финансы жана саясий элитанын өкүлдөрү адатта глобалдык проблемаларды калбаат каадасынан жанбай, анчейин бир таңдоосун мүнөздө талкуулап турушчу. Быйыл алар дүйнөлүк экономиканын жакынкы келечеги жөнүндө дүмөктүү апаздарды айтып жатышат. Буга планетанын “тумоологон эңгезери” – АКШ себепчи болду. Эксперттер америкалык рецессия болжолдонгондон кыйла узакка созулат жана кесири көңкү дүйнөгө тиет деп ырасташууда.

“Кошмо Штаттарына сасык тумоо тийген жок, ал өпкөсүнөн кагынып алды”, - деп айтты Давостогу дүйнөлүк элитанын өкүлдөрү жыкжыйма толгон залда Нью-Йорк университетинин экономика профессору Нуриэл Рубини. Былтыр ал бул жерде чоң кризис жетилип келатканын эскертип,азыркы замандын чыгаандарын ынанта албай койгон эле. Бу жолу профессордун сөзүн алар пайгамбардын кебиндей дем албай,көбү тикесинен тик туруп угушту. “Кеп америкалык экономикада төмөндөө башталабы же жокпу, мында эмес,- деп айтты Рубини.- Кеп өтө оор рецессия тууралуу жүрүп жатат,ал жалпы дүйнөнү каптайт”. Буга кошумчалап профессор жакында Британияда, Испанияда, Ирландияда, Францияда жана башка жерлерде “ипотекалык кризистин” тарсайган көбүктөрү тарс жарылганы турганын эске салды.

Дагы бир таанымал жана таасирдүү экономист Стивен Роуч бул отко ого бетер май куйду. АКШнын федералдык резерв системасын үстөктөрдүн процентин 75 пунктка төмөндөтүп, рыноктун талабына жетеленип кеткени үчүн сынга алып, “бир көчкүнүн күрткүсүн тазалап,башка көчкүлөрдү ордунан козгоп койгонун” эскертти.

Ошол эле учурда экономикалык системалар киндиктеш эместигин, калган дүйнө эрезеге жетип келаткан эңгезерлерди эш тута баштаганын айтышкан оппоненттер да болду. Атап айтканда, Кытай, Индия, Россия, Бразилия сыяктуу рынокторго АКШнын “сасык тумоосу” жукпайт, жукса да ысытма чыгарбайт деген ишенимдер айтылды. Анткени алар ушу тапта эле дүйнөлүк экономиканын тең жарымын түзүп калышты.

Бул ойлорго белгилүү финансист Жорж Сорос да кошулду. The Financial Timesта жарыяланган макаласында соңку алтымыш жылда фонд рыногунда көп эле күтүүсүз жагдайлар болгонун айтып,бирок бу жолку кырдаалды ал эң жаман кризис деп атады. Сорос АКШ менен Британияда өндүрүш төмөндөй турганын, доллардын дүйнөлүк доору бүткөнүн бөркүндөй көрөт,бирок глобалдык рецессия болоруна ишенбейт. Мунун ордуна дүйнөлүк күчтөрдүн борбору тек гана өнүгүп жаткан өлкөлөргө оой баштайт.

Соростон айрымаланып, Chevron концернинин башчысы Дэвид О’Рейли АКШнын экономикасы “өз дартын өзү дарылай аларына” айныбай көзү жетет. Буга дүйнөлүк элитаны мамлекеттик катчы Кондолиза Райс да ишендирди. “Саясий жана экономикалык эркиндик, рыноктордун ачыктыгы жана эркин соода, адамдын кадыр-баркы жана анын укугу, мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги жана мыйзамдын улуктугу – бардык ушул принциптерди сактаймынча, аларды мамлекеттер ар тараптан колдоого алмайынча, балким, биз глобалдык процесстердин агымына убактылуу таасир тийгизе аларбыз, бирок биз аларды чечүүнүн негизин түзө албайбыз”,-деп айтты Райс.

Давос форуму, албетте, кеменгерлер кезикчү жыйын эмес. Дүйнөлүк өнүгүүнүн, глобалдык экономиканын аңыты бу жерде дамамат аныкталып турган да эмес. Бирок Давос, форумдун негиздөөчүсү Клус Шваб айткандай, ”туташ кризис тушунда да жаңы жол издөөгө шарт түзгөн жай”. Быйылкы жылкы форум “экономикалык өнүгүү жалаң АКШга гана эмес, алысындап бараткан азиялык өлкөлөргө да жараша болорун көрсөттү. Ушуну өзү оптимизм жаратат”,- деп айтты Швейцариянын президенти Паскал Купшэн.

(Сүрөт Inopressa.ru сайтынан алынды.)

XS
SM
MD
LG