Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Давостун күн тартибинде - дүйнөлүк кризис


Дүйнөлүк экономикалык форумга акыркы даярдыктар жасалууда, 27-январь, 2009.
Дүйнөлүк экономикалык форумга акыркы даярдыктар жасалууда, 27-январь, 2009.

Шаршемби күнү Давосто бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум ачылганы жатат. Ага 96 өлкөдөн бийликтин, бизнес-элитанын жана коомдук уюмдардын 2,5 миңдей өкүлдөрү катышат. Азыркы экономикалык кризис форумдун күн тартибиндеги башкы маселе болот.

Форум беш күнгө созулат. Бул учурда Давосто кырктан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары болушат. Алардын тышкары форумга көптөгөн өлкөлөрдүн тышкы иштер,соода,финансы министрлери,улуттук банк башчылары, эл аралык негизги уюмдардын жетекчилери,алардын ичинде Пан Ги Мун катышат.

Быйылкы форум посткризистик дүйнө түзүү урааны астында өтөт. “Биз азыр кризистин - өткөөл кризистин кыйгас кезинде турабыз. Бул кризистен чыкканда дүйнө таптакыр башка болот”, - деп билдирди Женевадагы маалымат жыйынында форумдун негиздөөчүсү жана аткаруучу төрагасы профессор Клаус Шваб.

“Форумдун алдында эки милдет турат: биринчиси - кризистен чыкканга, экинчиси – посткризистик дүйнө түзүүгө жардамдашуу. Узак мөөнөттүү перспективадан алганда биз экономикалык системага жана келечекке ишенимди кайра бекемдей алабыз”.

Бул жолку кризисти профессор “системалык мүнөздөгү көрүнүш” деп сыпаттады. Анын айынан пайда болгон көптөгөн проблемаларды чечкенге дүйнө даяр болбой чыкты. Бирок Давостогу форумга катышкандар глобалдык саясат иштеп чыкпай турганын эскертип, Шваб бул жерде болгону стратегиялык мыкты идеялар кордолорун,алар кийин кризистен чыкканга таяныч болорун бөлүп көрсөттү.

Шваб “киреше алуу ар кандай бизнестин табигый максаты болорун”,ошол эле учурда “бул үчүн бардык эле ыкма жарай бербестигин”, “чайкоочулук аракеттер таптакыр жол берилгис нерсе экенин” азыркы кризис таасын көрсөткөнүн белгиледи. Форумда “ыймансыз ишкерлерге кантип бөгөт коюунун жолдорун талкуулайбыз”,-деп кошумчалады ал.

Давос форумунун улук директору жана программалар башчысы Ли Хауэлл беш күн ичинде маанилүү башка да кризистер – климаттын өзгөрүшү,ядролук куралдарды таркатпоо, азык-түлүк каатчылыгы,энергетикалык коопсуздук, суу ресурстарын сактоо сыяктуу проблемалар талкуулана турганын бышыктады.

Давоско антиглобалисттер да эртелеп келишкен эле. Швейцариянын бийликтери алардын манифестацияларына адегенде уруксат бермей болушкан,бирок акыркы учурда айнып кетишти. Акциялардын уюштуруучулары коомдук тартиптин сакталышына кепилдик бере алышкан жок, ошондуктан алардын демонстрацияларына Женевада тыюу салынды.

Давостун өзүндө кечээтен тартып коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул максатка беш миңдей полицмен тартылды, аларга “көмөкчү күч” катары миңдей аскер бөлүндү.

XS
SM
MD
LG