Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Кытай соода согушуна каршы


Си Цзиньпин
Си Цзиньпин

Швейцариянын Давос шаарында башталган Дүйнөлүк экономикалык форумда Кытайдын лидери Си Цзинпин глобализацияны жана эркин сооданы коргоп чыкты.

Си Цзинпин мартабалуу Дүйнөлүк экономикалык форумдун 47 жылдык тарыхында Давоско келген биринчи кытай лидери болуп калды. Ал быйылкы форумдун ачылышында глобалдашууну жана эркин сооданы колдоп сүйлөдү. Цзинпин дүйнөдөгү көйгөйлөр үчүн экономикалык байланыштарды күнөөлөө туура эместигин, соода согушунан эч ким утпастыгын айтты:

“Биз эркин соода менен инвестицияны өнүктүрүүнү улантышыбыз керек. Ачыктык аркылуу соода жана инвестиция тармагын либералдаштырып, протекционизмге жок дешибиз зарыл. Протекционизм - өзүңдү караңгы бөлмөгө камап койгонго барабар. Бөлмөгө шамал жана жамгыр кирбеген сыяктуу эле жарык жана аба да кирбей калат. Соода согушунда эч ким утпайт”.

Кытай лидеринин эл аралык соода алаканы күчөтүү чакырыгы АКШда апта аягында кызматка кирише турган Дональд Трамптын пикирине каршы келет.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп соода макулдашуулары АКШны аксатып жатканын айтып, 12 мамлекет кол койгон Транс-Тынч океан экономикалык келишиминен чыгаарын билдиргени бар. Ал түгүл валютасынын кунун төмөндөтүү аркылуу экспорттон пайда тапты деп Кытайды да сынга алып келет.

Американын жаңы администрациясынын соода жүгүртүүдөгү позициясын Давостогу форумда Трамптын улук кеңешчиси Энтони Скарамуччи да ырастады:

“Биз соода келишимдеринде окшоштук (же теңдик) болушун өтүнөбүз. Мындай ири пландар соңку 70 жылда Американын өндүрүшүнө, ортоңку класска зыянын тийгизип, жумушчу классты аксатып койду. Мен Кытайды, анын лидерин сыйлайм. Биз алар менен жакшы мамиледе болууну каалайбыз. Бирок эгер кытайлыктар чындап эле глобализмге ишенсе, алар бизди түшүнүп, теңчиликти жаратууга бизге мүмкүнчүлүк бериши зарыл”.

Кытай дүйнөдөгү эң көп экспорт жасаган өлкөлөрдүн бири.
Кытай дүйнөдөгү эң көп экспорт жасаган өлкөлөрдүн бири.

Бизнес элита жана саясий лидерлер чогулган Давостогу бул жолку жыйын дүйнөдө буга чейинки саясий калыпка коошпогон, эл аралык интеграцияны колдобогон идеялар күч алган учурга туш келүүдө. Маселен, былтыр Британияны Европа Биримдигинен ажыраткан Брексит референдуму өттү. АКШдагы президенттик шайлоодо эл аралык милдеттенмелерден мурда Американы биринчи планга коем деген талапкер жеңип келди.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун төрагасы Клаус Шваб учурда дүйнөгө позитивдүү, сооротуучу билдирүү зарыл деген ойдо:

“Биз дүйнөдө өтө көп түшүнбөстүк болуп жаткан учурда жыйынга чогулуп жатабыз. Суроо белгилери көп. Биз коомдогу кыжырданууга себеп болгон жагдайларды талкуулашыбыз керек. Андыктан биз иштиктүү кадамдарды күтөбүз”.

Шейшемби күнү башталган Дүйнөлүк экономикалык форум 20-январда аяктайт. Дал ушул күнү АКШда Дональд Трамп президенттик кызматка расмий киришет. Андан кийин дүйнөлүк экономикалык саясат кандай өзгөрөөрү азырынча белгисиз.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG