Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Кытай компаниясы “Эйр Кыргызстанга" кызыкты


Кытайлык China Southern Airlines авиакопаниясы “Эйр Кыргызстан” мамлекеттик авиакомпаниясынын 49 пайыз акциясын сатып алуу ниетин билдирди.

Учурда шарт-талаптарды тактоо максатында эки тараптуу сүйлөшүү уланууда.

Кыргыз өкмөтү “Эйр Кыргызстандын” теңине жакын акциясын сатуу үчүн былтыр сентябрь айында сынак өткөргөн, бирок инвестор чыккан эмес.

Кыргызстандын Траспорт жана жолдор министрлиги China Southern (Саден) Airlines компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. “Эйр Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектургановдун “Азаттыккка” билдиришинче, бул кытайлык компаниянын өкүлү Ли Лян менен Бишкекте жолугушуу болду жана ал кыргыз тараптын талаптарына каршы эместигин билдирди:

- Бул компания учактардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыгыптыр. Булардын 700 учагы бар экен. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча Кытайда биринчи, ал эми дүйнөдө үчүнчү орунда турат экен. Мамлекетке тиешелүү, учак боюнча маселе жок дейт. Беш жыл ичинде беш-алты учак келиши керек, компанияны өнүктүргөнгө каражат бөлүшү керек, адистерди окутуп техникалык базаны чыңдоо зарыл, биз учпаган жактарга учуп, "кара тизмеден" чыгарыш керек деген шарттар бар. Кытайлык компания биз ошонун баарын кылабыз деп жатат.

Кыргыз өкмөтү “Эйр Кыргызстандын” 49 пайыз акциясын былтыр жайында сатыкка койгон жана баасын 190 миллион сомго жакын деп баалаган. Андан сырткары инвесторго компаниянын 165 миллион насыялык карызын төлөө тууралуу шарт коюлган.

Сынак сентябрь айында өткөн, бирок сатып алууга кызыккан инвестор чыккан эмес. “Эйр Кыргызстандын” башчысы Жолдошбек Бектурганов кытайлык компания менен сатуу-алуу иштерин быйыл жайга чейин бүтүрүүнү пландаштырып жатканына токтолду:

- Кытайдын ресурсу чоң. Кытайдын “Бир жол – бир поезд” деген доктринасына биздин авиакомпания туура келет экен. Бул кытайлык компаниянын тажрыйбасы чоң. Учуу коопсуздугу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат экен. Биз жай айына чейин бүткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Атаандаштыкка туруштук бере алат элек. Мисалы, биз Стамбулга, Дубайга атаандаштыкка туруштук бере албай, ал жактарга учпай калдык. Кытайлык компаниянын ресурстарын, транзиттик жүргүнчүлөрүн пайдаланып бир топ өлкөгө учканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жарандык авиациядагы араздашуу

Жарандык авиациядагы араздашуу

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинде дагы тиреш жаралды.

Бир катар талдоочулар кытайлык инвесторлордун Кыргызстандын мамлекеттик авиакомпаниясына кызыгуусуна астейдил байкоо салып турат. Экономист Улук Кыдырбаевдин пикиринде, мамлекет өзүнүн карамагындагы киреше алып келбеген ишканаларды башкаруусу, тажрыйбасы мыкты чет өлкөлүк компанияларга сатышы керек:

- “Эйр Кыргызстандын” кытайларга сатылганы чындыгында жакшы демилге чыгаар. Бул чынында эле чоң, бирок негизинен Кытайдын ичинде, жакын жактарга учкан компания экен. Эгер “Эйр Кыргызстан” алар менен иштеп калса балким өнүгүп кетер, эми муну убакыт көрсөтөт. Негизи ким болбосун, ошол эле Кытайда стратегиялык тармактарга чет өлкөдөн эң мыктыларды алып келет. Эгер биз дагы кайсы бир тармак өсүп-өнүксүн десек, дүйнөдөгү эң мыкты компанияларды алып келгенге аракет кылышыбыз керек. Биз ушул жол менен барышыбыз керек.

Ал арада Кыргызстандын жалпы жарандык авиациясы оор абалда турат жана 10 жылдан бери Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыга албай келет.

Өкмөт авиацияны аксаткандарды жазалайт

Өкмөт авиацияны аксаткандарды жазалайт

Өкмөт авиация тармагында кемчиликтерге жол берген аткаминерлерди аныктап, чара көргөнү жатат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өткөн айда өкмөттүн жыйынында авиация тармагында кемчиликтерге жол берген аткаминерлерди аныктап, чара көрүү тууралуу тапшырма берген. Жарандык авиация боюнча эл аралык уюм аныктап чыккан кемчиликтерди жоюуну буйруган:

- Биз географиялык жактан абдан ыңгайлуу жерде турабыз жана транзиттик, авиа ташууларды өнүктүрүү үчүн чоң потенциалыбыз бар. Жарандык авиация Кыргызстандын бюджет түзүүчү туризм, соода сыяктуу негизги тармактардын өнүгүшүнө өбөлгө болууга тийиш. Өкмөт ондогон өлкөлөрдүн жарандарына визасыз каттам киргизди. Бирок бул жүргүнчүлөрдүн санын бир пайызга гана жакшырта алган. Ички аба каттамды тейлеген аэропорттор чыгашалуу бойдон калууда. Анткени учкан каттамдар жок же саны жетиштүү эмес. Транспорт жана жолдор министрлиги Жарандык авиация агенттиги менен бирге инвесторлорду тартуу максатында кошумча багыттагы каттамдарды иштеп чыгышы жана конкурстун негизде ачык жарыялашы керек.

“Эйр Кыргызстан” мамлекеттик авиа компаниясынын таржымалы 2001-жылдан башталат жана алгач “Кыргызалтын” ишканасынын алкагында “Алтын Эйр” деп түзүлгөн. Азыр карамагында “Боинг” үлгүсүндөгү эки жана Советтер союзунун тушунда жасалган төрт учагы бар. Негизинен ички каттамдардан Ош шаарына, андан сырткары Орусия, Өзбекстан жана Кытайга каттайт. Кыргыз өкмөтү эки жыл мурда бул авиа компанияны “Манас” аба майданы менен бириктирүү чечимин кабыл алганы менен ишке ашыра алган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG