Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Жарандык авиациядагы араздашуу


Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинде дагы тиреш жаралды.

Мекеменин жетекчиси Эрмек Өмүралиевди анын орун басары Мураталы Токтобеков өз кызыкчылыгын көздөп тааныш-билиштерин жооптуу кызматка коюуга аракет жасап жатат, мындан улам жамаат бөлүнүп-жарылып калды, мыйзамсыз иштерге жол берүүдө деп даттанып чыкты жана президентке чейин арыз жазды.

Өмүралиев болсо доомат айткан тарапты ишти атайлап үзгүлтүккө учуратып, кыянатчылык кылып жатканын билдирди.

Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Эрмек Өмүралиев менен анын орун басары Мураталы Токтобековдун көрүшкөн, учурашкан жерден сылык-сыпаа кайым айтыша кеткени кадимки эле көрүнүшкө айланып калгандай. Токтобековдун айтышынча, ал башында эле жаңы жетекчи менен тил табыша алган эмес, учурда болсо жаңжал ырбап кетти:

- Бул киши жаңы кызматка келгенде бул тармакта көптөн бери иштеп жаткандардан мен баш болуп кирип, сиз менен чогуу иштешели, буга чейинки ал-жайды билесиз, ошондуктан жамаат менен бирге милдеттерди аткаралы десек, ал биздин сунушубузду кабыл алган жок. Эми бул кандай болсо да жетекчи деп унчуккан жокпуз. Бизде иштеп жатканына жарым жыл боло элек. Бирок ушул убакта көп интригалар болуп кетти. Келгенине эки-үч ай боло электе эле мага сөгүш берүү тууралуу министрликке жашыруун кат жөнөтүптүр. Бирок комиссия түзүлүп, ал комиссия мага сөгүш жарыялоо тууралуу чечимин жокко чыгарды.

Мураталы Токтобековдун билдиришинче, жетекчиси кыргыз учактарынын “кара тизмеде” чыкпай калганы боюнча аны күнөөлөп жатат жана жамантты кылуу максатында Эл аралык жарандык авиациянын корутундусун мөөнөтүнөн мурда жарыялап жиберди:

- Ошол аудиттин корутундусу бекитилип келе электе эле "бул текшерүүнүн жыйынтыгы начар болду, мунун баарына директордун орун басары күнөөлүү" деп жар салып бизди жамандаганга өттү. Мунун негизги максаты - министрлик, өкмөттүн аппараты, Жогорку Кеңештин комитеттерине жазып, ошолордун колу менен бизди кетирип, өз кишилерин алып келүү. Жарандык авиацияда штаттык кеңешчи деген орун жок болгондугуна карабастан убагында бул тармакта өзүн көрсөтө албай иштен кеткен Бакыт Жунушалиев деген адамды кеңешчи кылып алды жана бөлүм башчыларды ушул адамга баш ийесиңер, айтканын кыласыңар деп көрсөтмө берди. Негизи Эл аралык жарандык авиациянын баяндамасы бизге жөнөтүлөт, биз алардын сын-пикирлерине жооп бергенден кийин гана ошол корутунду бекитилет. Андан кийин гана аны жарыяланып, кандайдыр бир тыянактарды чыгарууга мүмкүн. Ооба, жарандык авиацияда проблемалар абдан көп, бирок ага карабай мүмкүнчүлүгүбүздүн болушунча талаптарды аткарып жатабыз.

Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Эрмек Өмүралиевге каршы чыккандардын бири – бул мекеменин бөлүм башчысы Төлөн Арпачиев. Анын пикиринде, тажрыйбасы аз жетекчи сырттан келген адамдарды гана угуп, жамаат менен эсептешпей жатат:

- Жарандык авиацияга эксперимент жүргүзбөш керек. Бул өтө татаал авиациялык техниканы башкарган чөйрө. Бул - өзгөчө тармак. Бул жакта иштеген адамдардын да кулк-мүнөзү айырмаланып турат. Азыр учуу коопсуздугун, тейлөөнүн сапатын, учкучтарды даярдоону жакшыртууну билген, бул тармакты ичинен билген, тажрыйбалуу адамдар бар. Бирок бизди бир канча жылдан бери банкир, темир жолчу, коммерсант, дипломат башкарып келди. Жогору жактан бул же тигил тармакты кесипкөй адамдар башкарышы керек деп айтылганы менен иш жүзүндө теңирден тескери болуп жатат. Бул Кыргызстандын өнөкөт оорусу болуп калды. Бул тармакты билбеген, бул чөйрөдө кадыр-баркы жок жетекчилер жамаатты эмес, кайсы бир кеңешчилерди, чоочун эле адамдарды, убагында бул тармактан кемчилиги үчүн иштен кеткендерди угуп, өзүн адис катары көрсөткүсү келип, акылга сыйбаган иштерди жасап жатат. Биз болсо бизден эмнени каалап жатат деп айран таң калып эле отурабыз.

Жетекчиликке нааразы тарап Транспорт жана жолдор министрлигине, өкмөткө, Жогорку Кеңешке, алтургай президентке чейин арызданып жатат.

"Система ирип-чирип калган"

Эрмек Өмүралиев Жарандык авиация департаментинин жетекчиси болуп өткөн жылы ноябрь айында да дайындалган эле. Ага чейин “Пегасус Азия” авиакомпаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп иштеп турган.

Ал “Азаттыкка” комментарий берип жатып орун басары баштаган чакан топту ишке атайлап кыянаттык кылып, бут тосуп жатат деп билдирди.

- Жаманмынбы, же жакшымынбы мени өкмөт дайындаган, иштеп жатам. Менин алдыма коюлган негизги максат – бул тармакты "кара тизмеден" алып чыгуу, негизги маселелерди чечүү. "Кара тизмеден" чыгуу үчүн Эл аралык жарандык авиациянын стандарттарына жооп беришибиз керек. Ушул жылдын башында бизди келип текшерип кетип, баасын беришти. Анда бир-эки критерий боюнча гана жакшы, бирок жалпысынан начар деген баа берилди. Эми ушуну алар моюнга албай жатышат. Мен башынан эле муну моюнга алып, ал кемчиликтерди жоёлу деп айтып келе жатам. Тилекке каршы мага мураска калган система ирип-чирип бүткөн экен. Өкмөттөн бизге каражат бөлгөн эмес, ошон үчүн отурабыз дешет. Өкмөттөн каражат күтпөй эле жасала турган иштер бар да. Ошол иштер жасалган эмес. Менин орун басарым менин оң колум болушу керек эле. Ал киши 2008-жылдан бери бул жерде иштеп келатат. 2010-жылдан бери орун басар болуп жүрөт. Начар баа алган бөлүмдөр ага түздөн-түз баш ийген, ошонун көзөмөлүндөгү бөлүмдөр. Жумушта бирөөгө сөгүш бересиң, ошол кемчиликти жойсо ал сөгүш жоюлат. Бул чарбалык иш. Мен жумушту, анын жыйынтыгын гана карап жатам. Мага жалаанын баарын жаап, көрүнгөн жакка арызданып, мени иштетпей жатышат. Азыр мен ишке да үлгүрүшүм керек, алар арызданган тараптар чакырса, ошолорго түшүндүрмө берүү менен алектенип жатам. Булардын кылганы ишке кыянатчылык кылуу болуп саналат.

Жарандык авиация департаментинин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын ага инспектору Таалайбек Акылбеков Эрмек Өмүралиев боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Өмүралиев өзү бул кызматка келгенге чейин иштеген "Эйр Кыргызстан" деген ат менен таанымал “Пегасус Азия” авиакомпаниясынын кызыкчылыгын колдоп, учуу сертификатын мыйзамсыз узартып берген жана бул кемчиликти аныктап чыкканы үчүн жетекчи өчөшүп жатат:

- Мен бул компанияны сертификациялап жатканда алардын кемчилигин таап чыккам. Бул компанияга кемчиликтерди жойгула деп кат жөнөткөнбүз. Бирок алар мүчүлүштүктөрдү жойбой, учуу тууралуу сертификатынын мөөнөтүн узартып алышты. Директорубуз мени кабинетине чакырып алып, опузалап, текшерүү өткөрбөй туруп эле керектүү документтерге кол коюшумду талап кыла баштады. Бул кемчиликтердин баары олуттуу. Учуу коопсуздугуна түздөн түз тиешелүү. Биз ушундай мүчүлүштүктөрдүн айынан "кара тизмеден" чыга албай жүрөбүз. Ири учак кырсыктары дагы ушунун айынан болот.

Таалайбек Акылбековдун арызын азыр башкы транспорт прокуратурасы текшерип жатат. Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Эрмек Өмүралиев бул арызды өздөрү текшерип чыгышканын, анда мындай доомат негизделбегенин айтып берди:

- “Пегасустун” сертификатын туура эмес узартып бергенсиңер деп мага айып коюп жатышат. Мен бул арыз түрүндө келгенде эле мындай маселелерди караган Учуу коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыкка жана Этика комиссиясынын жетекчилерине арызда айтылгандарды текшерүүнү тапшыргам. Алар башка жактарга да арыз жазып жиберишкенин билген эмесмин. Негизи ошол авиакомпанияга куратор болгон Айбек Байышбаев деген инспекторубуз бар. Аны арыз жазган адамды чакырып алып кандай маселелер бар деп талкуулап чечкенбиз. Ошол жумуштагы баарлашууну Акылбеков “сиз мага басым жасадыңыз, коркуттуңуз, үй-бүлөмө чейин коркуткансыз” деген жалган жалаа жаап жатат. Бирок ал сүйлөшүүнүн күбөсү бар. Эми бизде мыйзам боюнча мамлекеттик кызматта иштеген адамды оңой менен иштен алалбайсың. Ошондуктан бул киши иштеп жүрөт. Азыр эми транспорт прокуратурасы иликтеп жатат. Мейли, анын жыйынтыгы чыксын. Биз өзүбүз текшергенде ал арызда айтылгандардын бирөө дагы далилденген эмес деп жыйынтык чыккан. Мен бул арызды жазган адамдын жапкан жалаасы боюнча убактымдын жоктугунан эле сотко кайрыла албай жатам. Мага доомат айткандар интрига уюштурганга көнүшкөн экен. "Мага чейинки директорлордун баарын кетиргенбиз, бул дагы кетет, анан биз калабыз" деген сөздөрдү таратып жүрүшөт.

Бир тарабы директор, экинчи тарабы анын орун басары болуп жатат. Эгер алардын араздашуусу мамлекеттик кызыкчылыкка терс таасирин тийгизе берсе катуу чара көрүлөт.

Эрмек Өмүралиевге доомат айткандар аны Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков калкалап келет, ошондуктан арыздар боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөйт дешет. Өмүралиев Турсунбеков менен сый мамилеси бар экенин ырастады, бирок колдоп-коргоп турат дегенди жокко чыгарды:

- Ар кимибиз эле бирөөнүн кишисибиз. Кыргызстанда тилекке каршы бирөө менен жакшы мамиледе болуп калсаң эле бул ошонун кишиси дегендей ат тагылып калат. Айрыкча мамлекеттик жооптуу кызматта жүргөндөрдүн ар бирин эле алсаңыз бул анын, тигинин кишиси деп айтышат. Бул Бакивдики, бул Акаевдики дегенге чейин барышат. Негизи мындай көрүнүштөн алыс болушубуз керек эле. Чыныбай Турсунбековду тааныйм. Түркияга алгачкы жолу 60тай бала кеткенде ал киши Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү болчу. Агайыбыз катары көрчүбүз. Четте жүргөн кыргыздар баарыбыз бир үй-бүлө, бир туугандай болуп, ал киши студенттердин башын кошуп, иш-чараларды уюштуруп аны агай катары көрчүбүз. Ага-ини катары сый мамилебиз бар.

"Араздашкандарга чара көрүлөт"

Жарандык авиация департаментинин жетекчилигиндеги тирешти Транспорт жана жолдор министрлиги атайын комиссия түзүп иликтеген. Бул комиссиянын жетекчиси, министрликтин башкармалыгынын башчысы Абдукахар Ибрагимов жаатташкан тараптарга жарашууга, иштеги маанай-көңүлдү жөнгө салууга мөөнөт чектелгенин айтты, болбосо эки тарапка чейин чара көрүлөрүн эскертти:

- Ал арызда айтылгандарын кээ бирлери такталды, бирок көбү негизсиз болуп чыкты. Министр өзү барып жамаатты чогултуп, жыйын өткөрдү. Эки тарапты тең укту. Мунасага келгиле, иш маанайды, жагдайды жакшырткыла деген сунуштар берилген. Эгер үч айдын ичинде жагдай жөнгө салынбаса коллегияда каралат. Буга чейинки үч директор тез-тез алмашкан болчу да. Эми жаңы жетекчи келип, ушундай кырдаал чыгып жатат. Азыр эки жак тең түшүндү го деп ойлойм. Эгер жарашпай турган болсо коллегияда эки жагына тең катуу чаралар көрүлүшү мүмкүн. Бир тарабы директор, экинчи тарабы анын орун басары болуп жатат. Эгер алардын араздашуусу мамлекеттик кызыкчылыкка терс таасирин тийгизе берсе катуу чара көрүлөт.

Эрмек Өмүралиевге чейинки жетекчи Эрмек Исаков дагы жамааттагы пикир келишпестик, бөлүнүп-жарылуу, тынбаган арыз, ызы-чуудан улам иштен кеткен эле.

Өткөн айда Эл аралык жарандык авиация уюму Кыргызстандын жарандык авиациясын дагы "кара тизмесинде" калтырганы маалым болгон. Кыргыз учактары бул тизмеден 2006-жылдан бери чыга албай жүрөт.

Эми минтип бул тармакка, учуу коопсуздугуна жооп берген башкы мекеменин өзүндө араздашуу, тирешүү жаралып, аны кантип чечүү беймаал болуп турган чакта учактар аман-эсен учуп-конуп турсун деп тилей туралы.

XS
SM
MD
LG