Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:23

Кыргызстан "кара тизмеден" чыга албай жатат


Кыргызстандын авиакомпаниялары быйыл да Евробиримдиктин “кара тизмесине” киргизилди. Буга Кыргызстанда мыйзамдык база эл аралык жарандык авиациянын стандарттарына жана учактардын коопсуздукту сактоо талаптарына дал келбегендиги себеп болгон.

Апрелдин башында Брюсселде Еврокомиссияга кирген мамлекеттердин аймагында учууга тыюу салган “кара тизме” жарыяланган. Бул тизмеге 21 өлкөдөн 279 компания илинген. Алар: Ооганстан, Ангола, Бенин, Конго жана Конго демократиялык республикасы, Жибути, Индонезиянын алты компаниясынан башкасы, Филиппиндер, Сан Томе, Судан, Замбия жана башкалар.

Ал эми Кыргызстандан Air Manas, Kyrgyz Trans Avia, Kyrgyzstan Airlines, Asia Alpha Airways, Kyrgyzstan, Itek air, Eastok avia өндүү баш-аягы бардык катталган 16 компания киргизилген.

Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин аткаруучу директору Мураталы Токтобековдун айтымында, Кыргызстандын авиакомпанияларынын “кара тизмеден” чыкпай жатышынын үч себеби бар.

Алар: компаниялардын санынын жана авиапарктардын эл аралык талаптарга туура келбей жатканы, мыйзамдык базанын эл аралык жарандык авиациянын стандарттарына дал келбеши. Үчүнчүдөн, компанияларды текшерүүчү инспекторлордун санынын жетишсиздиги жана алардын айлык акысынын аздыгы.

- Еврокомиссия ар бир үч айда өзүнүн тизмесин жаңылап турат. Мурдагы кирген компаниялар ушул аралыкта тизмеден чыкпаса, ал кайра эле жаңылап көрсөтүп турат. Азыр эми “кара тизмеден” чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Акыркы эки жылдан бери учактардын авиапаркы жаңыланды. Үч жүргүнчү ташуучу компаниялар батыш тибиндеги "Боинг", "Эйрбас", БАЭ учактарды учуруп атат. Ички каттамдарга, Баткен, Жалал-Абадга да жаңы типтеги учактарды коюп, иш жүргүзүп жатабыз.

Себептер көп, жүйөлөр аз эмес

Кыргызстандын жарандык авиация департаменти жана авиакомпаниялары 2006-жылдын аягында толугу менен “кара тизмеге” киргизилген.

Эл аралык жарандык авиация жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнөн турган эксперттер тобу ошол мезгилде Кыргызстанда мыйзамдык база эл аралык жарандык авиациянын талаптарына туура келбегенин, компаниялардын ишиндеги учуу коопсуздугун, департамент кызматынын ишмердүүлүгүн сындаган. Тиешелүү органдар жакшы аракеттер көрүлүп жатат деген менен Кыргызстан алты жылдан бери “кара тизмеден” чыга албай келет.

Эксперттер болсо муну бийликтин кенебестиги деп баалап жатышат. Ошондой эле мындан өлкө зыян тартууда дешет. Эксперт Таалайбек Океновдун айтымында, бийликтин ар бир тармакты бөлүп алышы, жыл сайын жетекчилердин алмашуусу ушундай абалга алып келүүдө. Андан сырткары адистердин жетишсиздиги да себеп болууда.

- Азыр Европа өлкөлөрүнө, Еврокомиссияга кирген мамлекеттердин аймагына учканга тыюу салынган. Башка мамлекеттер да Европанын “кара тизмесин” кабыл алып, ошол менен эсептешет. Мисалы, ажылык үчүн биздин компаниялардын учактары менен учууга тыюу салынган. Чет мамлекеттен башка учактарды алып, ажыларды ташууга мажбур болуп жатабыз. Экинчиден, “кара тизмеге” кирген компаниялардын учактары менен учпагыла деп тыюу салынбаса да, сунуш берилет. Бул экономикалык жактан алганда да зыян алып келүүдө.

Кирешелүү тармактын багы ачылбай турат

Негизинен бул тармак эң кирешелүүлөрдүн катарына кирет. Ошол жагынан алганда Кыргызстан “кара тизмеге” кирип, бир топ кирешеден кур калууда дейт мурдагы депутат Бегалы Наргозуев. Анын айтымында, Кыргызстанда бул багытта мыйзамдык базаларды да оңдоо зарыл.

- Араб шейхтеринин бардыгы өздөрүнүн мамлекетинде авиакомпанияларды жеке менчигине алып алышкан. Еврокомиссия негизги үч талап койгон. Биринчиден, жарандык авиация боюнча мыйзамдык документтерди Еврокомиссиянын талаптарына ылайыкташтыруу. Экинчиден, ар түрдүү чет өлкөдөн келген авиакомпанияларды Кыргызстанда каттабоо, коопсуздук чараларын эл аралык стандарттарга туура келтирүү. Буларды аткарууга болот. Мисалы, Казакстандын эки компаниясы кирген эле, бир жылга жетпей чыгып кетти. Азыр кирсе деле алар дароо аракет кылышат.

Буга чейин Кыргызстанда катталып, бирок чет өлкөдө иштеген компаниялар бар экени аныкталган. Натыйжада талапка туура келбеген компаниялар кыскарган.

Жакында эле Бишкек-Ош каттамындагы Ту-134 учагы Ош аба майданында кырсыкка кабылган. 1974-жылкы өндүрүшкө таандык учак тилкеден чыгып кетип, бир канаты жана дөңгөлөктөрү ыргып, жараксыз абалга келген.

Адистердин белгилешинче, учакта заманбап GPS авиа-навигация жок болгон. Мына ушундай жагдайлар “кара тизмеге” кирүүнүн негизги себеби болууда. Жарандык авиация агенттигинин аткаруучу директору Мураталы Токтобековдун айтымында, былтыр бир учак кырсыгы жана ар кандай 9 учур катталган.

Ушул тапта “Кыргызстан” жана “Эйр Бишкек” компаниялары “кара тизмеден” чыгууга аракет кылууда. Азыр алар Еврокомиссиянын аудитинен өтүүгө даярданууда. Мындан сырткары Түштүк Кореянын инспекторлору Кыргызстандагы бул багыттагы абал менен таанышып, Сеулга учууга уруксат берген. 2006-жылдан бери Сеулга алгачкы каттам 29-апрелде жанданганы жатат.

XS
SM
MD
LG