Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Кыргызстан Ан-24 учагын колдонууга тыюу салды


Жолдошбек Бектурганов, "Кыргызстан" авиакомпаниясынын деректири.
Жолдошбек Бектурганов, "Кыргызстан" авиакомпаниясынын деректири.

Кыргыз өкмөтү 2012-жылдан тарта өлкө аймагында Ан-24 үлгүсүндөгү учактарды пайдаланууга тыюу салган токтом чыгарды.

Буга байланыштуу мамлекеттик “Кыргызстан” авиакомпаниясынын деректири Жолдошбек Бектургановду кепке тарттык.

“Азаттык”: Өкмөттүн токтому менен 2012-жылдан баштап Ан-24 үлгүсүндөгү учактарды учурууга таптакыр тыюу салынды. Ушул жылдын октябрь айынан тарта эле мындай учактар Бишкек-Ош каттамынан алынат экен. Анын себептерин айтып бересизби?

Жолдошбек Бектурганов: Дүйнө жүзүндө учактардын кулашы көбөйүп баратат. Буга биринчиден, адамдык фактор себеп болууда. Экинчиден, учактардын эскилиги жетти. Өзүңөр билгендей, азыр Орусияда эски учактарды жаңыга алмаштырууга аракет кылып жатышат. Кыргыз авиа бийликтери да бизге эски, 1974-77-жылдары чыккан учактарды пайдаланууну эмки жылдан тарта токтотуу тууралуу сунуш киргизишкен. Ушунун негизинде эмки жылдан тарта ал учактар пайдаланылбайт.

“Азаттык”: Алардын ордуна элди кандай учактар менен ташыйсыздар?

Жолдошбек Бектурганов: Бир жылдан бери биздин авиакомпания Кыргызстанга жарай турган, тоолуу шартка ыңгайлашкан учактарды издеп жатат. Ушул тапта 2-3 сунуш түштү. Эгер ошол сунуштар жактырылса, сунуш берген тарап биздин шартыбызга макул болсо биз анда ошол учактарды алууга даярбыз.

“Азаттык”: Буга чейин сиз Боинг үлгүсүндөгү учак алынды, жыл этигине чейин дагы төрт ушундай учак келет деп маалымдадыңыз эле. Бул компаниянын кирешелүү болуп жатканынын белгисиби?

Жолдошбек Бектурганов: Авиакомпания ал учакты сатып алган жок. Дүйнөлүк тажрыйбада авиакомпаниялар учактарды сатып албайт, көп жылдык ижарага алат. Биз да ушундай тажрыйбаны колдонуп учак сатып алган жокпуз. Анткени буга өкмөттүн, авивкомпаниянын да мүмкүнчүлүгү аз. Бир учактын баасы 5 миллион доллардан өйдө турат. Биз мындай акчага учак сатып алып, ушунча акчабызды дароо коротуп койгондон көрө авиакомпаниянын өнүгүшүнө жумшайлы деп чечтик.

“Азаттык”: Маалыматка караганда, Ан-24 үлгүсүндөгү учактар 150дөй олуттуу кырсыкка учураптыр. Ушундан улам мындай үлгүдөгү учактарды колдонуунун тыйылышы коопсуздукту камсыздоо бекемделди дегенди билдиреби? Сиз сөзүңүздүн башында бул кырсыктарда адамдык фактор себеп болууда деп айттыңыз. Кыргызстанда учкучтарды даярдоо кандай?

Жолдошбек Бектурганов: Кыргызстанда учкучтарды даярдаган жалгыз авиаколледж бар. Бирок ал колледж бюджеттен бөлүнгөн акчага биз уча турган учактарга эмес, эски, Ан-2 үлгүсүндөгү учактарга адистерди даярдап жатпайбы. Андан чыккан адистер кийин өздөрүнүн каражатына, же болбосо авиакомпаниянын акчасына биз учуп жаткан учактарды башкаруу үчүн кайра окууга туура келип жатат. Ошондуктан биздин өлкөдө учкучтарды даярдоо жолго коюлган эмес деп эсептейм.

“Азаттык”: Коопсуздук тууралуу айтып берсеңиз. Өкмөттүн бул иш-аракеттеринен улам учууда коопсуздук аз да болсо камсыздалды деп айтса болобу?

Жолдошбек Бектурганов: Кыргызстандын авиабийлигинин, авиакомпаниялардын жетекчилеринин астында чоң жоопкерчилик турат. Анткени биз жаңы үлгүдөгү учактарды алып келген күндө да, аларга бир-эки жылдын ичинде учкучтарды, оңдой турган техниктерди, көзөмөлдөй турган адистерди даярдашыбыз керек.

Бул убакытты талап кылат. Бул иштер мурдараак башталса жакшы болмок. Бирок жетекчилер убагында мындай маселени кесе койгон эмес. Учкучтар, техниктер жумушсуз калбасын деп эле бир жылдан экинчи жылга узартып келген. Быйыл болсо учактарды колдонууну кесе токтотуп коюшту. Ушундан улам авиакомпаниялардын алдында чоң маселе турат. Учактарды алып келебиз. Аларды караш керек. Карай турган адистер бизде жок болгондуктан четтен чакырганга туура келет. Аларга ишенип, алар менен келишим түзүп, акча төлөөгө туура келет.

“Азаттык”: Учактарды токтотуу чукул айтылды дегендей кылдыңыз. Ушундан улам Кыргызстандын ички каттамдары үзгүлтүккө учурабайбы? Ошко октябрдан тарта Ан-24 үлгүсүндөгү учактар учпай калат экен.

Жолдошбек Бектурганов: Ошко уча турган биздин дагы башка учактарыбыз бар. Ту-134 үлгүсүндөгү учагыбыз каттай берет. Андан сырткары жаңы алган Боинг-737 учуп турат.

“Азаттык”: Кыргызстандын шартына ыңгайлуу учактарды издөө канчага созулушу мүмкүн?

Жолдошбек Бектурганов: Аны айтыш кыйын. Анткени Боинг үлгүсүндөгү учакты 1,5 жылдын ичинде алып келдик. Учак издөө чоң кыйынчылыктар менен коштолууда. Акча каражатынын тартыштыгы да себеп болуп жатат. Батыштагы көп лизинг компаниялар биздин кара тизмеде экенибизди көрүп кызматташууга барбай жатышат. Бирок биз башка булактарды, башка акча бере турган өнөктөштөрдү издеп жатабыз, кудай буюрса ушундай өнөктөштөр чыгып жатат. Эгер алар биздин сунушка макул болушса, биз андай учактарды 3-4 айдын ичинде эле алып келсек болот.

“Азаттык”: Кара тизме деп айттыңыз, бул тизмеден чыгуу мүмкүнбү?

Жолдошбек Бектурганов: Мүмкүн. Ал үчүн негизинен батыш үлгүсүндөгү учактарды алып, учкучтарды, аларды карай турган инженерлерди, көзөмөлдөй турган адистерди даярдашыбыз керек.

Негизинен авиакомпаниялар эмес, авиациялык бийлигибиздин өзү кара тизмеде болуп жатпайбы. Алар бизди, авиакомпанияларды көзөмөлдөй турган адистерди даярдап, алардын санын көбөйтүп, бизди тескесе Европа бизди кара тизмеден чыгарууга барат го деп ойлойм.

Азыркы кезде авиакомпаниялар өзү менен өзү өнүгүп, мамлекеттен каражат сурабай, жардам албай, ошол эле убакта чоң-чоң салык төлөп, дивиденддерди төлөп келатабыз. Бирок ошол эле убакта авиа тармакка өкмөт, бийликтин башка бутактары көп көңүл бурбай келишет.

Мыйзамдарды кабыл алуу керек. Бизге жеңилдик берүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуштар түшүшү керек. Биз бул жаатта көп сунуш бергенбиз, бирок ал орто жолдон кармалып “эмне себептун буларга жеңилдик беришибиз керек” деген тоскоолдуктар болуп жатат.

Көбүнчө ортодон адистер чыга калып “эгер силер салык төлөбөй калсаңар, бюджетте тартыштык пайда болот”, деген коркунучтуу себептерди айтышат. Биз болсо башка жактарын айтып түшүндүрүп жатабыз. Эгер учактар келип калса, биздин авиа тармак өнүксө биз салыкты мындан да көп төлөйт элек деп айтып жатабыз. Жүргүнчүлөрдү көп ташып калсак киреше көбүрөөк болмок.

“Азаттык”: Учактардын алмашуусунан улам билеттердин баасы кымбаттап кетпейби?

Жолдошбек Бектурганов: Билеттин баасы аз-маз кымбатташы мүмкүн. Баа негизинен күйүүчү майды сарптоодон көз каранды. Элүү пайыздан көбүрөөгү ушул күйүүчү майга кетет. Бирок билеттин баасы аз-маз эле кымбаттабаса, кескин көтөрүлбөйт.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

Мамлекеттик “Кыргызстан” авиакомпаниясы быйыл, 7-октябрда 10 жылдык мааракесин белгилегени жатат. Компания карамагындагы 5 учактын төртөө ошол 10 жыл мурун алынган экен. Быйыл узак мөөнөттө ижарага алынган Боинг-737 үлгүсүндөгү учакка ырымдап, Курманжан датканын ысымы ыроолонгон.

XS
SM
MD
LG