Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Кыргызстан дале “кара тизмеден” чыгаары күмөн


Кыргызстан 2010-жылы да Европа Биримдигинин «кара тизмесине» алынмай болду.

Европа Биримдиги өз аймагында учуусу кооптуу деген өлкөлөрдүн кара тизмесине Кыргызстан менен Казакстандын авиакомпанияларын дагы жаңылап, кайрадан киргизген.

2009-жылдын июль айында Кыргызстандын Air Manas, Fvif Traffic, Aerostan, Click Airfways, Itek Air, Kyrgyzsta, Max Avia жана башка жалпысы 17 авиакомпаниянын учактарын Европанын аба майданына киргизүүгө тыюу салынганы кабарланган.

Ноябрь айында Кыргызстандагы үч авиа компаниянын текшерген Европанын авиация ассоциациясынын коопсуздук боюнча эксперти Дэвид Хьюгестинин пикири боюнча Жарандык авиация боюнча кыргыз департаменти Чикаго конвенциясында көрсөтүлгөн коопсуздук эрежелерин сактай албаган.

-Мен Кыргызстандагы «Itek air», «Max avia» жана «Исток авиа» компанияларынын документтерин, техникалык коопсуздугун текшердим. Учактардын техникалык абалына жооп берген адамдар менен сүйлөштүм. Алардын учактарында Чикаго конвенциясында көрсөтүлгөн коопсуздукту сактоо эрежелери сакталган эмес. Ошондуктан алардын учактары төрт ирет кырсыкка себепкер болгон. Текшерүүнүн жыйынтыктарын Жарандык авиация боюнча кыргыз департаментине тапшырдым. Мындай абал менен “кара тизмеден” чукул арада чыгуу кыйынга турат го.

Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинин бөлүм башчысы Мелис Асаналиевдин айтымында, өлкөнүн айрым авиа компаниялардын учактары Алматыдан техникалык кароодон өтүүгө да каражаты жетишпей турат:

-Бир жолку техникалык кароодон өтүш үчүн бир учак үчүн 100 миң АКШ долларын төлөө зарыл. Кыргызстанда эки учак гана учууга жарактуу. Каттоодон өткөн 9 учактын жетөө техникалык кароодон өтө албай, учууга жараксыз болуп турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуевдин пикиринде “кара тизмеден" чыгуу үчүн Кыргызстанда катталган чет элдик авиакомпанияларды бүт каттоодон чыгарып, накта кыргыз авиакомпанияларын гана калтыруу керек.

-Менимче Кыргызстандын учактары, тактаганда Кыргызстандын атынан департаменттен өткөн авиакомпаниялар он биринчи жолу кара тизмеге илинип атат. Учактарды атайын текшерип, талапка ылайык, стандартка жооп бере тургандай кылып оңдоп, жаңылап, шарттарды түзсө кара тизмеге илинбейт. Мына Орусия ушундай текшерүү жүргүзүп, бардык шарттарды түзүп туруп кара тизмеден чыгышса, биз дагы эле чыга албай атабыз. Кыргызстан- эгемен өлкө катары Чикагодогу 1944-жылы кабыл алынган жарандык авиация боюнча эл аралык комиссияда коопсуздук эрежелерине кол койгон. Эл аралык жарандык авиация боюнча комиссиясынын талаптарына, стандарттарына ылайык коопсуздук эрежелерин түзүп, тактай албагандыгы үчүн, ошондой документтер толук түрдө иштелип чыкпагандыктан департамент кара тизмеге илинген. Автоматтык түрдө департамент кара тизмеге киргизилген үчүн ушул департаменттен каттоодон өткөн авиа компаниялар кара тизмеге илинип калган. Еврокомиссиянын эң негизги коюп аткан күнөөлөрүнүн бири Кыргызстанга Орусиядан, Араб өлкөлөрүнөн өздөрүнөн каттоодон өтө албаган, стандарт менен талапка жооп бербеген компаниялар Кыргызстанга келип, каттоого туруп алганы үчүн кара тизмеге киргизип койгон.

Чынында 2006-жылдан бери “кара тизмеден” чыгууга болгон аракет солгундап, создуктуруп келатышат. Ошол учурда Кыргызстанда 34 авиа компания бар болчу. Парламентте депутаттар иш жүргүзүп жатып учурда он жетиси калды. Калган он жети авиакомпания жабылган. Адистердин баамында коопсуздук эрежелерин кеңеш доорундагы стандартка ылайыктабай, Евробиримдиктин стандарттарына ылайыктап кайра иштетип чыгуу зарыл. Ошондой эле жарандык авиация боюнча эл аралык Чикаго келишимине ылайыктоо зарыл дешет адистер.

Кыргызстан тарап мурдакы "кара тизмеден” чыгаралбай койгон "Феникси авиаэйшн" авиакомпаниясын үчкө бөлүп, "Макс авиа", "Интал авиа" жана "Исток авиа" кылып кайрадан каттап коюшат. Муну байкап турган Еврокомиссиянын адистери 2006-жылдын сентябрында Бишкекке келип, кыргыз жарандык авиация департаментинин ишин текшерген. Текшерүүнүн жыйынтыктарында алар департаменттин коопсуздук боюнча стандарттары, документтери учур талабына жооп бербейт деген чечимге келишкен.

Анан Еврокомиссия өзүнүн 2006-жылдын 12-октябрындагы №1453 токтомун чыгарат. Анда жарандык авиация боюнча кыргыз департаменти Чикаго конвенциясында көрсөтүлгөн коопсуздукту сактай албаганы, авиакомпаниялардын көпчүлүгү Кыргызстанда катталганы менен башкы офистери тыш өлкөлөрдө жайгашканы, булардын бардыгына абадан жүргүнчү ташууга тыюу салынышы жана А тиркемесине ("кара тизмеге") киргизилгени баяндалган.

Андан бери үч жылдан ашты. Ошондон бери кыргыз жарандык авиация департаментинин "кара тизмеден" чыгаруу аракетинен майнап чыкпай келатат. Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Александр Настаев жаңы жылга чейин “кара тизмеден” чыгабыз деп, маалымат каражаттарына бир нече ирет убада берген.

XS
SM
MD
LG