Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Апрелден тарта авиапарк жаңырат


Өкмөттүк комиссия 28-декабрдагы учак кырсыгына байланыштуу алдын-ала сунуштарын шардана кылды. Кырсык ички каттамдарда билет бааларын кымбатташын шарттады.

Ош эл аралык аба майданында болгон учак кырсыгын үч топ иликтөөдө:

1) 1-вице-премьер-министр Аалы Карашев жетектеген өкмөттүк комиссия;
2) Москвадагы мамлекеттер аралык авиациялык комитеттен жана Кыргызстандын жарандык авиация кызматынан адистер кирген комиссия;
3) Транспорт прокурору Кубан Мамакеев жетектеген ыкчам топ.

Өкмөттүк комиссия мүчөсү, өкмөттөгү транспорт, курулуш, коммуникация жана өзгөчө кырдалдар бөлүмүнүн эксперти Бакыт Абдыллаев иликтөөнүн алдын-ала жыйынтыктарынан учкай кабарлады:

- Өкмөттүк комиссия өз жыйындарында бир катар сунуштарды кабыл алды. Ал ириде аба каттамынын коопсуздугун күчөтүүгө багытталган. Андан сырткары жүргүнчүлөрдүн сын-пикирлерин эске алуу менен авариялык, медициналык, куткаруу тобунун биргелешип иштешин камсыздаган акт түзүү, Ош эл аралык аэропортунун аянтын кеңейтүү сунушу да бар.

Абдыллаев мындан тышкары Кыргызстандын башка шаарларындагы аба майдандарын да талапка ылайыктоо маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Учактын кыйрашынын себептерин анын кара жашигин алып, техникалык комиссия иликтеп жатат. Бирок жыйынтыкка келе электиги айтылды.

2011-жылдын 28-декабрында Бишкек-Ош каттамындагы Ту-134 учагы Ош аэропортуна конуу учурунда тилкеден чыгып кетип, чалкасынан түшүп калган. Бактыга жараша бардык жүргүнчү тирүү.

Жаракат алган жыйырмадан ашуун адамга медициналык көмөк көрсөтүлүп, “Кыргызстан” компаниясы ар бир жүргүнчүгө 80 миң сомдон кенемте төлөп берүүнү убада кылган.

Билет баасы көтөрүлдү

Ошол учак кырсыгынан кийин Кыргызстандын ичиндеги учуулар үчүн авиабилеттердин баасы жогорулаганы байкалууда. Алгач Оштогу билет сатуучу ишканалардын бирине кайрылдык.

Ишкана кызматкери Канышай Сайдалиева өзүнө белгилүү маалыматын ортого салды:

- “Эйр Бишкек” кээде эле рейсти койот. “АвиаТрафик” менен “Кыргызстан” күнүгө экиден рейс койчу. Азыр “Кыргызстан” экиден уча албай атат. Билет баасы “Кыргызстандыкы” 2100-2300, “АвиаТрафиктики” 3175-3375 сом.

Билет баасынын жогорулаганын “АвиаТрафик” да, “Кыргызстан” компаниясы да күйүүчү майдын кымбаттыгы менен байланыштырууда.

Кыргызстандын ички аба каттамдарын “Кыргызстан”, “АвиаТрафик” жана “Эйр Бишкек” аттуу компаниялар тейлейт.

Жаңы жылдан тарта советтик үлгүдөгү Ан-24 учагы каттамдан алынды. Мындан улам борбордон Баткен, Исфана, Жалал-Абадга аба каттамы токтоп турат. Үч АН-24түн бирөө “АвиаТрафикке”, экөө “Кыргызстан” авиа компаниясына таандык болчу.

“Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов АН-24 коопсуздук талаптарына жооп бербей калгандан улам алынганын билдирди. Кыргызстандын эски үлгүдөгү учактарына Евробиримдиктин аба мейкиндиги аркылуу каттоого тыюу салынган.

10-январда Транспорт жана байланыш министрлиги апрель айынан тарта европалык стандарттардагы учактар Кыргызстан аймагында каттай баштаарын жарыялады.

XS
SM
MD
LG