Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Ошто Ту-134 учагы кырсыкка кабылды


Аңтарылып калган Ту-134 учагы. Ош аба майданы, 28-декабрь.
Аңтарылып калган Ту-134 учагы. Ош аба майданы, 28-декабрь.

Бишкек-Ош каттамындагы Ту-134 учагы 28-декабрда чак түштө Ош аба майданына конуп жатканда кырсыкка кабылды.

Бактыга жараша учак кырсыгынан мерт болгондор жок, бирок жеңил жаракат алгандар бар.

Кырсык түшкү саат бирге жакын болгон. Маалыматка караганда, учак кырсыкка саат 12:49да Ош аба майданына конуп жаткан учурда кабылган.


Аңтарылган учак, Ош, 28-декабрь.
Аңтарылган учак, Ош, 28-декабрь.
"Кыргызстан" авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов "Азаттыкка" учак конуп баратканда тилкеден чыгып кеткенин, жүргүнчүлөр эсен-соо экенин, бирок учак жарабай калганын билдирди.

Аймактагы кабарчыбыз Эрнис Нурматов кырсыктан жабыркаган 18 адам шаардык ооруканага жеткирилгенин, алардын абалы анча оор эмес экенин дарыгерлер айтып жатканын маалымдады.

Аба майданга барган кабарчыбыз учак аңтарылып, бир канаты үзүлүп кеткенин кабарлады.

Ош аба майданынын атын айткысы келбеген бир кызматкери "Азаттыкка" буларды айтты:

Ош аэропорту, 28-декабрь.
Ош аэропорту, 28-декабрь.

- №3 каттамдагы Бишкектен учкан учак саат 12:49да Ош аэропортуна ийгиликсиз конду. Учактын оң канаты жана дөңгөлөгү үзүлүп кетип, андан кийин өрт чыккан.

Кабарчыбыздын айтымында, учурда кырсыктаган учак учуп-конуу тилкесинде турат жана андагы өрт аба майдандын өрткө каршы кызматы тарабынан өчүрүлдү.

Учактын ичинде экипаж мүчөлөрү менен кошо 82 адам болгон. Арасында балдар да бар.

Кырсыктаган учактын өзүн Гүлнара деп тааныштырган бир жүргүнчүсү кабарчыбызга буларды айтты:

- Учак конуп жатканда оң жагына кыйшая баштады. Анан бир нерсе жарылгандай катуу үн чыкты. Баарыбыз коркуп, жаш балдар ыйлап кирди. Чуру-чуу түшүп калдык. Анан учактын ичин түтүн каптап кирди.

Бул жүргүнчүнүн айтымында, учак бетондолгон учак тилкесинен таштак талаага чыгып кетиптир.

Кантсе да аба майдандын коопсуздук кызматы тез арада жүргүнчүлөрдү күйүп жаткан учактан чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Аңтарылган учактын алыстан көрүнүшү, 28-декабрь.
Аңтарылган учактын алыстан көрүнүшү, 28-декабрь.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кечки саат бешке карай тараткан маалыматына караганда, бул кырсыктан жалпысынан 26 адам жабыркаган. Алардын жаш курактары 4 жаштан 34 жашка чейин. Баш айлануу, сөөктүн сыздап оорусу, стресс абалында болуу деген алгачкы диагноз менен ооруканага 12 адам жаткырылды. Жабыркагандардын арасынан 2 бала облустук балдар ооруканасына жөнөтүлдү. Кырсыктан кийин дарыгерлерге кайрылгандардын ичинен биринин абалы орто оордукта.

Башкы прокуратура кечки саат алтыга чукул бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 281-беренеси (аба транспортун пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин сакталбашы) боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. Кырсыктаган учак быйыл 14-сентябрга карата учууга жарамдуу деп аныкталганы айтылууда.

Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Ошто ошол учурда күн бүркөк болуп, туман каптап турушу да кырсыкка себеп болушу ыктымалдыгы болжолдонууда.

Бул окуядан соң өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов чукул жыйын куруп, кырдаалды талкуулады. Ал азыр Ошко учуп кетүүгө камынып, аба майдандан конууга уруксат күтүп жатканы кабарланууда.


  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG