Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Аксы окуясы: адилеттик үчүн күрөш


Аксы трагедиясынын курмандыктарына тургузулган эстелик.
Аксы трагедиясынын курмандыктарына тургузулган эстелик.

Кыргызстанда Аксы окуясынын 16 жылдыгы эскерилди. Бул күнү президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жолдоп, Аксы окуясын авторитардык үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан күн катары баалады.

Ушул эле күнү президент жана Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган бийлик өкүлдөрү Ала-Тоо аянтындагы Апрель жана Аксы окуяларынын курмандыктарына тургузулган эстеликке гүл коюшту.

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү Боспиекте өткөн эскерүү жыйынына катышты.

2002-жылы 17-мартта ошол кездеги президент Аскар Акаевге каршы жөө жүрүшкө чыккан элге Боспиек аймагында ок атылып, алты киши шейит кеткен.

Тарыхый мааниси терең күн

Эскерүү иш-чарасы жылдагыдай эле Боспиектеги “Шейит мазарда” өттү. Аксы окуясын эскерүүгө байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун элге жолдогон кайрылуусун президенттик аппараттын башчысы Мухамедкалый Абылгазиев окуду. Кайрылууда президент Аксы окуясы тарыхка демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары киргенин белгилеген:

- 17-марттагы Аксы окуясы авторитардык үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан карапайым элдин эркин даңазалаган күн, бул күндүн тарыхый мааниси терең. Аксы окуясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхына демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары кирди. Эзелтеден эркиндикти туу туткан элибиз өлкөбүздө кландык башкарууга жол бербестигин далилдеди. Курман болгон азаматтарыбыздын ысымдары Кыргызстан тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Эгемендүү мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн жанын курман кылган чыныгы уулдарын элибиз эч качан эстен чыгарбайт.

Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

Эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөгөн премьер-министр Сапар Исаков элдин колдоосу болмоюнча бир да бийликтин иши жүрбөй турганын айтты:

- Биз эскерип жаткан балдар сырткы душмандардан эмес, бийликтин колунан каза табышты. Бийликтин өз элине каршы чыкканы баарыбызды өкүндүрөт. Ошол кездеги бийлик өзүнүн кара ниет жүзүн ушул жерден көрсөткөн. Элдин колдоосу болбосо эч бир бийликтин иши жүрбөйт. Эл оодарылбасын, эл чайпалбасын. Биз ушуну эч качан унутпашыбыз керек. Кыргызстанда коррупцияны түп-тамыры менен жок кылалы деген ниетибиз бар. Ал үчүн калыс болуп турган эл ошолорго көзөмөл кылып, карап турат. Биз туура эмес иш жасап жатсак силер айтып турасыздар. Биз, өкмөт, сиздерге кызмат кылганга даярбыз.

Эскерүү иш-чарасында сүйлөгөн жабырлануучулардын бири Максат Момункулов алардын саламаттыгына кам көрүү өтүнүчүнө бийлик жооп бербей жатканын билдирди:

- Бүгүн биз бул жерде сизден жакшы жаңылык угабыз деп кубанып келгенбиз. Бирок андай болгон жок. Аксы окуясынын жабырлануучуларынын ден соолугун калыбына келтирүү максатында акысыз медициналык жардам берүүнү өтүнгөнбүз. Ушул жылдын февраль айында президентке да кайрылуу кат жолдогонбуз. Бирок бул азыр ачык бойдон турат. Ушул маселени чечип бересиз деген үмүттөмүн.

Өкмөт башчысы Сапар Исаков бул өтүнүч орундалат деп убада берди.

Ал эми маркум Бегалы Четимбаевдин карындашы Гүлжайна 16 жыл өтсө да Аксы окуясы үчүн күнөөлүүлөр жазасыз калып жатканына кейиди:

- Аксы окуясынан бери 16 жыл өтсө дагы көп жылдардан бери саясий баа берилбей келген. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мезгилинде саясий баа берилген, бирок ага күнөөлүүлөр жазасын алышкан жок. Бул жагдай биздин көксөөбүздү суутпайт келет. Кийин гана элге каршы бийлик ок атканын айтып чыгышты. Мезгил өтүп, жылдар алмашып алардын ысымдары алтын тамгалар менен жазылса да бир тууганыбыз жок арабызда. Жыл сайын эскерүүдөн башка аргабыз калбай калды.

Мурдагы депутат убаданы эске салды

Аксы окуясын эскерүүгө арналган иш-чара Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында да өттү. Ага Апрель ыңкылабынын катышуучулары, “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү, КСДПнын активисттери катышты.

Эскерүү иш-чарасы маалында Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев "үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө" чакырды. Мындан улам Мискенбаев президенттин инисин депутаттык мандатын тапшырууга үндөп, Асылбек Жээнбековдун шайлоо алдында берген убадасын эске салды.

- Жээнбеков "агам президенттикке өтсө, депутат болууга моралдык укугум жок, эл менен болушум керек" деп сөз берген. Эми ошол убадасын аткарышын күтүп жатабыз. Эгер депутат бойдон кала берсе үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатат деген сөз президентке, социал-демократчыларга жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып ыңкылап жасагандарга тиет.

Мурдагы депутат "учурдагы президент өз туугандарын бийликке алып келбеген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден үлгү алышы керектигин" кошумчалады.

"Айкөл Ала-Тоо" президентке талап койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.

Боспиекте өткөн эскерүү иш-чарасы.
Боспиекте өткөн эскерүү иш-чарасы.

Бул окуянын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын айрымдары сот жообуна тартылышып, кийинчерээк мунапыс берилген.

Аксы окуясына укуктук баа берүү маселеси Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда да көтөрүлүп, бирок Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кылмыш ишти кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган.

Апрель окуясынан кийин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып эстелик тургузулган.

Тасмада: Укук коргоочу, экономист Шералы Назаркулов Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы саясий ачкачылык жарыялап, 2002-жылы 7-февралда акциянын 22-күнү каза болгон.

Акыйкаттык үчүн кыйылган өмүр
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:27 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG