Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Жээнбеков Ниязовду кармабай турганын айтты


Сооронбай Жээнбеков жана Фарид Ниязов, 12-январь, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Фарид Ниязов, 12-январь, 2018-жыл.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат тарады. Муну президент Сооронбай Жээнбековдун журналисттер менен жолугушуусунда берген комментарийи бышыктады.

Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арызы бир жумадан бери негизги саясий темага айланганы белгилүү.

6-мартта Ниязовго жакын маалымат каражаты катары айтылып жүргөн агенттиктердин бири президенттик аппараттын башчысы кызматынан биротоло кеткени тууралуу маалымат таратты.

Фарид Ниязов ал агенттикке берген комментарийинде бул кадамын өзү төраганын биринчи орун басары болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) ишин күчөтүү аракети менен байланыштырган. Ал кызматтан кетишинин жөн-жайы тууралуу "Азаттыкка" маалымат бере элек.

Сооронбай Жээнбеков. 6-март, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков. 6-март, 2018-жыл.

Азырынча Фарид Ниязовду кызматтан бошотуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун да буйругу чыга элек. Бирок президент журналисттер менен 6-марттагы жолугушуусунда Ниязовдун арызына комментарий берип, анын чечимин сыйлай турганын билдирди:

- Ал менин шайлоо алдындагы штабымды жетектеди. Ал жакка президенттик аппараттын жетекчисинин кызматынан келди. Биз эгер мен шайлоодо жеңсем, ал кайра президенттик аппараттын жетекчисинин кызматына кайтаарын макулдашканбыз. Бир жума мурун кетээрин айтты. "Чарчады го" деп ойлоп, бир жума өргүү бергем. Фарид Абилезимовичтин чечимин сыйлайм. Бул анын укугу. "Кетем" деген кишини кармай албайм. Айланамда бул кызматка татыктуу кишилер бар.

Фарид Ниязов коомдук-саясий чөйрөдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары кеткен президент менен азыркы президентти байланыштыруучу фигура болуп кабыл алынып келген. Фарид Ниязов президенттик шайлоо убагында Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеп, кийин анын аппаратын башкарып калган.

Президент алмашкандан 100 күн өтпөй президенттик аппараттын жетекчиси кызматтан кетип отурат. Ниязовдун "эми КСДПнын иши менен алектенем" деген жүйөсү жаңы суроолорго жем таштады.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Осмонбек Артыкбаев Ниязовдун партиянын иши менен гана алектениши КСДПнын күч алышына шарт түзөт деп эсептейт:

- Фарид Ниязов - биздин партиянын ишин жүргүзгөн жигердүү мүчөлөрдүн бири. Координация кылып, көп маселелерди чечип, курултайларды уюштуруп келет. Эми толук бойдон партиялык иштер менен алектенсе, партияга жакшы болот.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсалов Ниязовдун КСДПга байланышкан ниетинин артында укуругун узакка таштаган пландар камтылган деп божомолдойт. Байсаловдун айтымында, мурдагы президенттин командасы КСДП аркылуу чечим кабыл алчу борбор түзүүгө аракеттенүүдө:

- Учурда Сооронбай Жээнбеков өз аппаратына ишенимдүү адамдарды коюп, өз саясатын жүргүзүп жатат. Муну көрүп, Фарид Ниязов кызматтан кетип отурат. Анын "партияга кетем" дегени - КСДПнын штабына барып, "Форумда" жанаша администрация, бийлик борборун түзүп, өкмөт мүчөлөрү, депутаттарды ошол жакка каттап, өзү да дембе-дем басма сөзгө чыгып, "Атамбаевдин, партиянын позициясын билдиргендей таасир көрсөтөм" деген аракети. Бул, албетте, салмактуу болушу мүмкүн. Бирок КСДП жүз пайыз Атамбаевге таандык деп айтуу кыйын. Себеби анын курамында Жээнбековду колдогондор, Атамбаевге да, Жээнбековго да таарынган Чыныбай Турсунбеков сыяктуу күчтөр бар.

Анткен менен саясий эксперт Алмазбек Акматалиев Ниязовдун кызматтан кетүүдөн башка аргасы жок болгонун айтат:

- Ниязов "партияга кетем" дегенден башка эмнени айта алат? Башка айтчу деле сөзү жок деп ойлойм. Бирок акыркы окуялардан соң парламентти таркатуу кимге керек деген суроонун үстүнөн көпчүлүк ойлоно баштады. Азыр парламент үчүн өзүн өзү таркатуу гана жолу калды. Бирок мындай жолго барышы мүмкүн эмес.

КСДП кезектеги курултайын өткөрөрү бир топтон бери айтылып келет. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди партия лидерлигине алып келүү маселеси талкуулана тургандыгы кеп болгон. Акыркы маалыматтар боюнча курултай апрель айында өткөнү турат.

Фарид Ниязовду КСДП менен тыгыз байланыштырган акыркы маалымат 16-февралда чыккан. Анда Орусиянын "Единая Россия" партиясы Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) менен кызматташууга кол коюлганы маалымдалган. 15-февралда "Единая Россиянын" расмий сайтына чыккан кабарга ылайык, документке партиянын башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак жана КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов кол койгон. Жолугушуу качан, каерде болгону айтылган эмес. Маалыматта Фарид Ниязов КСДП "Единая Россия" менен бүт багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин, "Единая Россия" президенттин тиреги экенин айтканы жазылган.

Ал ортодо Ниязовдун кызматтан кетээри дайын болгон соң эми "Президенттик аппараттын жаңы жетекчиси ким болот?" деген суроо талкууланып, айрым талапкерлердин аттары атала баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG