Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

«Единая Россия» КСДП менен кызматташарын маалымдады


Кремль.
Кремль.

Орусиянын "Единая Россия" партиясы Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) менен кызматташууга кол коюлганын маалымдады.

15-февралда "Единая Россиянын" расмий сайтына чыккан кабарга ылайык, документке партиянын башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак жана КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов кол койгон.

Жолугушуу качан, каерде болгону айтылган эмес. Маалыматта Фарид Ниязов КСДП "Единая Россия" менен бүт багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин, "Единая Россия" президенттин тиреги экенин айтканы жазылган.

Бул боюнча Ниязовдун өзүнөн же КСДПнын башка өкүлдөрүнөн комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

"Единая Россия" - орус бийлигинин, КСДП - кыргыз бийлигинин партиясы.

XS
SM
MD
LG