Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Фарид Ниязовду арыз жазууга эмне түрттү?


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппаратынын башчысы Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырган жок.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди жана аппарат башчы азырынча кыска мөөнөткө эс алууга кеткенин айтты. Анын сөзүнө караганда, Фарид Ниязов кызматтан кетүү тууралуу ниетин президент Сооронбай Жээнбековго өткөн ишемби күнү, тактап айтканда, 24-февралда билдирген. Бирок мамлекет башчы анын арызын алган эмес.

- Президент мындай чечимди кабыл алган жок, мындан ары да бирге иштешүүнү сунуш кылган. Фарид Ниязов дүйшөмбүдө президентке кирген. Бирок президент арызга кол койгон эмес. Ниязовдун шайлоодон кийин эс албаганын эске алып, бир жума эмгек өргүүнү сунуш кылган, - деди ал.

Фарид Ниязов - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тыгыз иштешкен аткаминерлердин бири.​ Ал өзү эмнеге кызматтан кеткиси келип жатканы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Андыктан аткаминердин бул арызына байланыштуу кабар кош бийлик тууралуу талкууга жем таштады.

"Саясий кырдаал арыз жазууга аргасыз кылды"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ак үйдүн 7-кабатындагы азыркы саясий кырдаал Фарид Ниязовду кызматтан кетүү тууралуу арыз жазууга жеткирди деп эсептейт. Ал Сооронбай Жээнбековдун Фарид Ниязовдун арызын кабыл албаганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экөөнү кайраштырган күчтөрдөн чочулаганы менен түшүндүрдү:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Азыр аппаратта Фарид Ниязовдун мурдагы президенттин тушундагыдай таасири жоголгон. Ниязов деле жаңы президенттин командасына, келген кеңешчилерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш керек экенин түшүндү окшойт. Анын таасирин азайтуу аракети болду да, ошон үчүн ал "кетип эле калсаң жакшы болот" деген ишаратты сезди. Президент Жээнбеков бул окуядан улам “Жээнбеков-Атамбаев тиреши башталды" деген ушак күчөп кетпеши үчүн Ниязовду ордунда калтырды окшойт. Экөөнү каршылаш койчу күчтөр жок эмес, бирок Жээнбеков андай кадамга барбаса керек.

Жанар Акаевдин пикиринде, коомчулук Сооронбай Жээнбековдон кадрдык жүрүштөрдү күтүп жатат.

Эл жаңы президент коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү эски команда менен жүргүзө албай турганын сезип турат.

- Мен Фарид Ниязовдун саясий жолун мактай албайм, бирок иштерман, коррупциядан алыс адам экенин билем. Кызыгы анын кызматтан кетиши тууралуу жаңылыкты Интернет коомчулугу абдан кубаттап кабыл алды. Бул болсо учурда коомчулук жаңы президенттен өзгөрүүнү, жаңыланууну, кадрдык саясаттагы жүрүштөрдү ушунчалык чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирет. Эл жаңы президент коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү эски команда менен жүргүзө албай турганын сезип турат. "Буга чейин Коопсуздук кеңешинде сынга алынган күч органдарынын жетекчилери да алмашса жакшы болмок" деген пикирлер да арбын. Фарид Ниязов кызматтан кетсе, президенттин купулуна толбогон башкалары да анын жолун улантабы деген ой болду. Азыр коомчулук айрым кошуна өлкөлөрдөгү батыл реформаларды, кадрдык чечкиндүү кадамдарды көрүп жатат. Бизде да ошондой реалдуу кадамдарды күтүп жаткан кези.

"Ниязов президентке ишенимдүү адам боло албады"

Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу ою бар экени белгилүү болгонго чейин коомдук ишмер Эдил Байсалов анын кызматтан кетишин талап кылып чыккан. Буга коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жазылган некролог себеп болгон. Байсалов анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аты азыркы президент Сооронбай Жээнбековдон кийин эле жазылганын "кылмыш" деп атаган:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Алмазбек Атамбаевдин баркына же беделине кандайдыр шек келтиргибиз келбейт. Мыйзам боюнча эл шайлаган мамлекеттик жетекчилер, демократиянын, Конституциянын негизинде бийлик жүргүзүп жаткандар биринчи катарда туруп, биринчи кол коюшу керек. Бул - мыйзамдын талабы. Жээнбековдон кийин эле Атамбаевдин фамилиясынын турушу - бул оюнчук же бирөөнүн кежирлиги эмес. Эгер ал үйүңө келсе - ага ошондой сый көрсөт, төрүңө отургуз. Бирок биз Конституция менен жашап жаткандан кийин, бул өтө оор кылмыш, бул узурпациянын белгиси. Ошол жерде пенсионер кишини премьер-министрден, спикерден бийлиги көбүрөөк деп айтуу - бул узурпациянын түздөн-түз белгиси. Биздин мамлекетте Интернетке телефон сүйлөшүүлөрү жарыяланган, сөз кылып койгон кишилер эч себепсиз эле "бийликти күчтөп басып алуу" боюнча айыпталып 25 жылга кесилип кетип жатат.

Эдил Байсаловдун пикиринде, Фарид Ниязов Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы боло алган жок:

Аппарат башчы өтө ишенимдүү адамың болушу керек. Фарид Ниязовду дайындоо - бул Сооронбай Жээнбековдун чечими болгон эмес.

- Кетип бараткан президент Сооронбай Жээнбековдун колун "байлап" кетти. Ушундан улам ал аппараттагы бир да бөлүм башчыны алмаштыра алган жок. Жеке аппарат деген аппарат. Аппарат башчы өтө ишенимдүү адамың болушу керек. Фарид Ниязовду дайындоо - бул Сооронбай Жээнбековдун чечими болгон эмес. Башынан эле ал Фарид Ниязов Сооронбай Жээнбековго жат, чоочун кишидей эле болгон. Ал азыркы президенттин кадры же ишенимдүү адамы эмес. Ал мурдагы президент Атамбаевдин кишиси. Фарид Ниязовго Жээнбеков ишенбейт, тапшырма бербейт. Ушундан улам бул киши кечээ кызматтан кетиши тууралуу маалыматты өзүнүн таарынычы катары өзү чыгарып, өзү жарыялады. Анан бүгүн эртең менен айтылган расмий маалыматта "эс ал" деген сөз да анын беделине шек келтирип жатат.

Фарид Ниязов шайлоодо КСДПнын талапкери Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген. "Азаттыктын" архиви

"Эки кишиге кызмат кылуу кыйын"

Президенттин аппараты протокол тууралуу дооматка байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Эксперт Марс Сариев Сооронбай Жээнбековдун Фарид Ниязовдун кызматтан кетишине макул болбогон себебин төмөнкүчө жоромолдоду:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Фарид Ниязовдун тобу, саясий технологдору аябай күчтүү. Ниязов шайлоодо штабды башкарып, Жээнбеков президент болду. Азыр байкасаңар Жээнбеков өз кишилерин кое баштады. Анан ал "коррупция менен күрөшөм" деди, андан кийинки кадамдарын эл күтүп жатат, жарандык коом да аны менен жолуккусу келип жатат. Бирок ал ушул жагдайда утулуп жатат. Менимче ал катуу, күчтүү бир чечимдерди баштайын десе - аны Атамбаевдин командасы кабыл албай жатат. Азыр "кош бийлик" жараяны сезилип жатат. Жээнбеков Фарид Ниязов кызматынан кетсе аныкындай саясий технологдору жок экенин түшүнүп жатат. Ошон үчүн кетиргиси келбей жатат, бирок жанындагылар аны өз алдынча президент болуп чыгууга көндүрүп жатышат. Өзүн өз алдынча көрсөтүп, өз сөзүн, өз оюн айтып күчтүү президент болуп чыгышы керек. Болбосо аны Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев менен салыштырып жатышпайбы, "ал маселелерди бир заматта чечет" деп. Ошондуктан анын создуктурганы аброюна көлөкө түшүрүп жатат.

Фарид Ниязов президенттик аппаратка мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда келген. Ал 2011-2015-жылдары президенттин кеңешчиси болуп турган. Атамбаевдин аппаратын 2015-2017-жылдары башкарган. Андан кийин кыска убакытка кеңешчи болуп турган жана президенттик шайлоо маалында бийликтеги КСДП көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген. Ошол эле учурда Атамбаевдин коомдук кеңешчиси да болуп турган. Фарид Ниязов Сооронбай Жээнбековдун аппарат башчысы болуп былтыр, 11-декабрда дайындалган эле.

Талдоочу Турат Акимов Фарид Ниязовдун соңку чечимин бир эле убакта эки адамга кызмат кылуунун оордугу менен түшүндүрдү:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Фарид Ниязов - аябай такшалган жигит, далай интригага бышкан. Бирок бир эле убакта эки кожоюнга кызмат кылуу өтө кыйын. Анткени Атамбаев деле андан "өткөн-кеткен кагаздар кантип атат, эмне болду" деп сурап калышы мүмкүн. Ал деле резиденциядан кеткен эмес, ошол жерде жашап жатат. Ошондуктан ал кысталып эле жатат деп ойлойм. Болбосо Фарид Ниязов өтө интеллигенттүү, кыргыздын аки-чүкүсүнө кийлигишпеген киши. Бирок ал Атамбаевге абдан берилген, ага жан-дили менен иштеп берген. Жаңы президент келди, эми ага жаңы "шыпыргы" керек, жаңыча "шыпырышы" керек. Азыр Сооронбай Жээнбековдун эң ишенимдүү кишиси - өз иниси Асылбек Жээнбеков. Ушундан улам ортодо бир оюндар болуп жатат деп ойлойм. Президентке ар кимиси өзүнчө таасир эткиси келет, анан президент өз инисин угабы же мурдагы "падышадан" калган кишини угабы? Көп адамдар Асылбек Жээнбековго чыгып, ошо аркылуу эле көп маалыматты президентке берип коюшу мүмкүн. Сооронбай Жээнбеков өзүнө туура келген "аппаратчыны" даярдап койгон болсо, анда Фарид Ниязовду коркпой эле алмаштырмак. Бирок азыр ЖЭБ өңдүү жаңжалдар басыла электигине байланыштуу Атамбаев деле "тажрыйбалуу Ниязовду кетирбей тур" деп да кеңеш бериши мүмкүн.

Эки команданын кармашыбы?

Анткен менен жарандык активист Адил Турдукулов Фарид Ниязовдун кызматтан кетиши чечилди деген ойдо:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Аны эс алууга кетиргени - кызматтан жылуу-жумшак узатуу ыкмасы болуп жатат. Анткени анын кайра кайтып келип, ишин улантарына көзүм жетпейт. Бул жерде мурунку президент менен азыркы президенттин ажырымы күчөп жаткандай. Балким Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда жеке келишпестиктер жоктур, бирок эки команданын ортосундагы көмүскө күрөштү биз баарыбыз эле көрүп жатабыз. Жаңы президенттин күчкө толуп жатканы табигый эле нерсе.

Фарид Ниязов саясий жооптуу кызматка журналистикадан келген. Саясий дымагын билгизбеген, адатта өтө этият жүргөн, эч кимдин көңүлүн оорутпай улуу-кичүүнүн баарына “сиз” деп кайрылган, жупуну мамлекеттик ишмер катары белгилүү.

Белгилүү диктор Абилезим Ниязовдун уулу Фарид Ниязов 1958-жылы Бишкекте туулган. Кыргыз айыл чарба институтунда гидромелиорация жана гидротехника адистигин окуган. Бирок өз кесиби менен дээрлик иштеген эмес.

Окууну бүткөндөн кийин 1982-жылдан Кыргызстан эгемендик алганга чейин ар кандай комсомолдук кызматтарда жүргөн да, журналистикага 1991-жылы киришкен. 1993-жылга чейин орусиялык “Комсомольская правда” гезитинин кабарчысы жана Кыргызстан боюнча басылманын коммерциялык өкүлү болуп иштеген. Андан кийин өкмөткө барган.

1995-жылга чейин Тышкы иштер министрлигинин иш башкармалыгынын жетекчиси, министрдин жардамчысы, вице-премьер-министрдин жардамчысы өңдүү кызматтарды аркалаган. 1995-1996-жылдары ошол кездеги президент Аскар Акаевдин басма сөз кызматын жетектеген. Андан кийин бир жылдан ашык убакыт Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын аппаратын башкарган. 1997-1999-жылдары “Акыл” ачык акционердик коомуна төрагалык кылган. Өкмөткө келип, аппараттын маалымат бөлүмүн үч жылдай башкарган.

Фарид Ниязов 2001-жылы кайра журналистикага кайткан. Беш жыл “Комсомольская правда - Азия” басылмасынын өнүктүрүү долбоорлору боюнча директору болгон. 2005-жылдан 2010-жылы апрель окуяларына чейин орусиялык “Коммерсант” гезитинде штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеп, “Бек Орозалиев” деген псевдоним менен ошол кездеги бийликти кескин сындаган материалдарды жазган.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев былтыр кызматтан кетер алдында Фарид Ниязовду “Манас” ордени менен сыйлаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG