Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Президент Фарид Ниязовдун арызын кабыл алган жок


Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов бир жума эс алмай болду.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна президенттин маалымат кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева ырастады. Маалыматка караганда, Ниязов мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен ишемби, 24-февралда оозеки сүйлөшкөн учурда кызматынан кетүү тууралуу оюн билдирген.

- Президент мындай чечимди кабыл алган эмес, мындан ары да бирге иштешүүнү сунуштаган. Фарид Ниязов дүйшөмбүдө президентке кирген. Бирок президент арызга кол койгон эмес. Ниязовдун шайлоодон кийин эс албагандыгын эске алып, бир жума эс алууну сунуштаган.

Алгач 1-декабрда президент Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп дайындалган Фарид Ниязов 11-декабрда аппарат башчылыгына барган. Президенттик шайлоо учурунда ал азыркы мамлекет башчы, КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген.

Ал буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратын жетектеп, андан кийин мамлекет башчынын коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп иштеп келген.

XS
SM
MD
LG