Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Илмиянов менен Ниязовго «Манас» ордени ыйгарылды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн" бир катар жарандарды сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду.

II даражадагы «Манас» ордени менен гандбол боюнча олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев жана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Фарид Ниязов, III даражадагы «Манас» ордени менен Чүй облустук согуш жана эмгек ардагерлеринин кеңешинин төрагасы Аскарбек Жумагулов, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана Кыргыз-Орусия Славян университетинин «Перевод» илимий борборунун директору Вячеслав Шаповалов сыйланышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Курманжан Датка» орденине татыды. Алты адамга «Достук» медалы берилди, алардын арасында ЖК депутаттары Анвар Артыков, Алтынбек Сулайманов, өкмөт башчынын кеңешчиси Токтокүчүк Мамытов жана Тажикстандагы элчи Мирослав Ниязов бар.

Ондогон адамдар орден, медаль, "эмгек сиңирген ишмер" наамдарын алышты. (RK)

XS
SM
MD
LG