Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 14:17

Узап бараткан жуманын урунтуу окуяларына сереп.

31-мартта башкаруучу КСДПнын курултайы өтөт. Күн тартибинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгына бекитүү маселеси каралары белгилүү болду. Апта башында партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясы жабык жыйын өткөрүп, курултайды уюштуруу маселесин талкуулады.

Курултай алдында 18-мартта Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди. Ал иш-чарада "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Мурдагы депутат президентти "үй-бүлөлүк-кландык, авторитардык башкарууну калыбына келтирүүнү эңсегендерге моюн сунбоого" чакырды. "Тууган-урук", "ака-үка" дегенди токтотуш керек, урматтуу туугандар. Мыйзам баарыбызга бирдей. Алмаз Атамбаевдин күчтүү, бирдиктүү жана эркин Кыргызстанды курууга багытталган саясий курсун улантууну Жээнбековдон талап кылабыз", - деген Мискенбаев "депутат Асылбек Жээнбеков агасы президент болуп калса, мандатын тапшырууга убада берген" деп жарыялады.

20-мартта өткөн социал-демократтардын фракциясынын жабык жыйында депутат Асылбек Жээнбеков аны мандатынан “эл гана ажырата аларын» айтып, Мискенбаевдин айткандарын "чагым" деди. "Президенттин ишине эч кийлигише албайм, Бакиев менен Акаев баарыбызга сабак болушу керек” деп жооп берди ал “Азаттыктын” журналисти берген суроого.

Жээнбеков: Мискенбаев чагымчы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

Айрым маалымат каражаттары фракция жыйынында Жээнбековду мандаттан ажыратуу маселеси караларын жазышкан. Ошондой эле фракциянын бул жыйынына башкаруучу партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов катышып, айрым депутаттарды тартипке чакырып, "такалап" кеткени тууралуу сөз тарады.

Партиянын "тарбиясына" кабылгандардын ичинде депутат Рыскелди Момбековдун дагы бары айтылган. "Азаттыктын" талкуусуна катышкан эл өкүлү "Фарид Аблезимович депутаттарга келип, “сен мындай кыл, андай кыл” деп айта албайт. Партиянын ишин жакшыртуу боюнча эле сунуш-пикирлерин билдирди" деп мурда айтылгандарды төгүндөдү.

Анткен менен депутат Момбеков башкаруучу партия “тазаланууга, люстрацияга муктаж, анын аброюна көлөкө түшүргөн кишилер алысташы керек” деген көз карашта.

Атамбаев-Жээнбеков: мамиле жана мамлекет
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:19 0:00
Түз линк

Саясатчылардын жоромолуна караганда, экс-президентке жана анын жакындарына Сооронбай Жээнбековдун соңку саясий кадамдары жакпай жатышы мүмкүн. Анткени президент 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинде Атамбаев дайындап кеткен күч түзүмдөрүнүн башчыларын сындап, коррупция менен күрөшө турган жооптуу жетекчилер өздөрү ага белчесинен малынып калганын айткан.

“Жаңы доор” саясий партиясынын лидери Улукбек Кочкоров "Азаттыкка" берген комментарийинде "экс-президент менен азыркы президенттин мындан аркы көз карашы, жасай турган иштери дал келбей калганы даана көрүндү" деди. "Азыркы президент мурдагы иштерди сындап, мындай жарабайт, мындан ары ишти башкача алып барам деген билдирүүсүнөн улам эски команданын кандайдыр бир кызганычы пайда болду. Мындайга макул болбой, өз күчтөрүн мобилизациялоонун аракетин көрүп жатат десек болот" деп чечмеледи экс-депутат.

Көз карандысыз саясатчы Бакыт Аманбаев дагы эски-жаңы бийлик ортосунда карама-каршылык бардыгы ачыкка чыкты деген пикирде. "Учурда Кыргызстанда Атамбаевдин таасиринин артышына Асылбек Жээнбеков тоскоолдук жаратууда. Мискенбаевдин айтып чыкканы эң чоң тоскоолдукту ошол адам жасап жатканын көрсөтөт", - деди Аманбаев.

Ал ошондой эле 31-марттагы КСДПнын курултайында экс-президент Атамбаевдин кайрадан саясатка келиши шардана болгон соң, парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт деп боолголойт.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

"Атамбаевдин саясатта өз орду болушу үчүн кайрадан парламентке шайлоо өткөрүү керек. Анда көпчүлүк добуш менен КСДП парламентке келиши керек. Дагы өздөрү каалаган партияны өткөрүшөт. Андан кийин спикер же өкмөт башчынын ордуна келиши мүмкүн" - деп жоромолдойт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бакыт Калмаматов Атамбаев бийлик мөөнөтү аяктап жатканда “бир топ стратегиялык кадамдарды жасап, келечегине кам көрүп кеткенин" белгилейт. "Курултайда мурунку президент партиянын төрагасы болуп шайланат экен. Бул анын чоң саясатка кайра келиши. Азар өлкөнү КСДП башкарып жатат. Демек партиянын төрагасы болгон адам бул өлкөнүн көмүскөдөгү башчысы",- деди экс-депутат Калмаматов.

Cаясат таануучу Алмаз Акматалиев жергиликтүү баслымалардын бирине берген комментарийинде ​"Азыр жаңы президенттин тегерегинде элди жана каймактардын белгилүү бир бөлүгүн бириктирүү аракети жүрүүдө. Муну экс-президент төрагалык кылчу КСДП кандай кабылдайт? Кеп мына ушунда. Эгер кандайдыр бир кызгануу тутанбаса, азыркы президент мурдагы жол башчынын багытын улап жатканына ынанса, анда эч кандай чыр-чатак чыкпайт", - деген пикирин билдирген.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын аягына чейин КСДПны жетектеп, президенттик кызматка киришкенден кийин анын башчылыгынан кетип, мүчөлүгүн да убактылуу токтоткон. Ошондон тарта башкаруучу партия төрагасынын орду бош болчу.

Буга чейин Атамбаев президенттик кызматтан кеткен күндө да саясатта калаарын, партиялык ишин жандандырарын журналисттерге айткан. Экс-президент ошондой эле кийинки парламенттик шайлоодо КСДПнын партиялык тизмесин жетектеп барарын да жокко чыгарган эмес.

2010-жылдан бери социал-демократтар партиясы Жогорку Кеңештин башкаруучу коалициясынын курамында. Парламентин эки чакырылышында бул фракциянын эки мүчөсү спикердин кызматын аркалады. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 120 мандаттын 38ин алган.

“Украинанын Үмүтүөчөбү?

Бейшембиде Украинанын Жогорку Радасы депутат, мурдагы аскерий учкуч, Надежда Савченкону кол тийбестиктен ажыратты. Орусияда абакта жатып чыккан согуш туткуну, “Украинанын Баатыры” "мамлекеттик төңкөрүш даярдоого катышкан” деп шектелүүдө.

Эксперттер Cавченконун саясий карьерасы соңуна чыкты дешсе, айрымдар бийлик алдыдагы президенттик шайлоону утурлап “аны саясаттан четтетти” деген пикирде.

Надежда Савченко
Надежда Савченко

Жума күнү Киевде сот аны 20-майга чейин камакта кармоого чечим чыгарып, күрөө менен үй камагына чыгуусуна бөгөт койду.

"Мен Украинанын баатыры экенимди Орусиянын абактарында отуруп, тышкы душмандар менен күрөшүп жатып көргөзгөм. Эми мен силерге, - Украинанын ичиндеги душмандарга, - Украинанын баатыры деген кандай экенин көргөзөм", - деди Савченко парламентте кол тийбестиги алынган соң Коопсуздук кызматынын абагына баратып.

22-мартта Украинанын баш прокурору Юрий Луценко Жогорку Радага келип, добуш берүүнүн алдында тергөөнүн аудио-видео далилдерин көрсөттү. Видеолордун бирине Савченко, эки апта мурун кармалган “Офицердик корпус” уюмунун жетекчиси Владимир Рубан жана “Березень” деген каймана аты бар офицер менен чогуу бийликти кулатуу планын талкуулашканы түшкөн.

"Аларды (президент Петро Порошенко, ички иштер министри Арсен Аваков, улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Александр Турчинов) физикалык түрдө жок кылуу керек" - деген Савченко парламенттин схемасын чийип, жыйын өтчү залга алты граната ыргытууга үлгүрөрүн айтат.

Башкы прокурор Луценко Савченко жана анын шериги Рубан баш калаада “ири масштабдагы теракттарды уюштуруу менен” өкмөттү төңкөрүүнү, жогорку жетекчилерди өлтүрүүнү көздөгөн деп күнөөлөдү.

"2017-жылдын жай жана күз мезгилдеринде Рубан менен Надежда Савченко өздөрү пландаган террорчул чабуулдарды аткара турган жана аларга көмөктөшө турган кишилерди издеген", - деди баш прокурор. Луценко депутаттарды Савченко украин армиясынын офицерлери менен байланышып, аларга "пландалган терактты уюштурууга катышууну жана конституциялык түзүмдү төңкөрүүнү" сунуш кылган деп ишендирди.

Депутаттардын алдында баш прокурор көрсөткөн далилдерге байланыштуу Савченко “украин бийлигин тек гана коркутуп коюуну" көздөгөнүн айтып, жооп кайтарды. Аны бир жылдан ашуун жашыруун кызматтар ээрчип жүргөнүн билип туруп, “атайын эле ушундай сценарийлерди ойлоп таап, фантазиясын күчөткөнүн” кошумчалады. Бирок анткен менен мындай аракетинин так маанисин жөндөп түшүндүрүп бере алган жок.

Савченкого “күч менен конституциялык түзүмдү кулатуу жана бийликти басып алуу үчүн кутум уюштуруу”, “теракт даярдоо”, “Украинанын президентинин, премьер-министринин, өкмөт мүчөлөрүнүн, эл депутаттарынын, саясий партиялардын жетекчилеринин өмүрүнө кол салуу”, “ДНРдеги” террордук уюмдардын ишмердигине аралашуу”, “мыйзамсыз курал сатып алуу, сактоо жана башкаларга берүү” деген беренелер боюнча айып тагылууда.

Киевдеги “Пента” деп аталган Саясий иликтөөлөр борборунун башчысы Владимир Фесенко Савченконун камалышы менен анын “саясий карьерасы бүттү” деп санагандардын бири. “Жалындуу мекенчил саясатчынын жикчилдер менен кутум уюштурганы анын популярдуулугун өчүрүп, ага болгон адамдардын мамилесин бузду”, – дейт аналитик.

Ал ошондой эле Савченконун ишинде орустардын атайын кызматтарынын изи жок деп ишенет. “Надежда жеке саясий темпераменти менен авантюранын курмандыгы болуп калды. Надежда – майдандын адамы. Ага Ирактабы (Савченко украин жоокерлери менен Ирактагы бейкуттук күчтөрүнүн миссиясында кызмат өтөгөн), же Донбасста Путинге каршыбы, же тескерисинче Порошенкого каршы согушабы - мааниси деле жок. Согуш анын жан дүйнөсүнүн абалы”, – деп мүнөздөйт аналитик.

Жогорку Радада Савченконун иши каралып жатканда “Петр Порошенконун блогу” фракциясынын лидери Артур Герасимов “Украинага каршы Орусиянын гибриддик согушу уланып жатат” десе, баш прокурор Луценко "кутумдун артында орус президенти Путиндин өкүл баласы, “Украин тандоосу - элдин тандоосу” кыймылынын лидери Виктор Медведчук турушу ыктымал" деп кыйытты.

Журналист жана саясий баяндамачы Сергей Руденконун пикиринде, Украинанын Кремлге каршы күрөшүнүн символуна айланган Савченконун оюнунан «от чыгып», эми мекенинде “биринчи душманга” айланды.

Деген менен сотто анын күнөөсүн далилдөө кыйла татаал болмокчу. Башкы прокуратура Савченкого каршы топтогон материалдарынын мыйзамдуулугун далилдөөсү керек. "Анткени Жогорку Рада макулдук бермейинче, депутатка каршы жашыруун материал топтоого мыйзам жол бербейт. Савченконун адвокаттары сотто мына ушул жүйөгө таянары толук мүмкүн", – деп белгилейт Руденко.

Украинада 2019-жылы жазында президенттик шайлоо өтөт. Савченко ага катышарын бир нече ирет билдирген. Бирок анын өлкөдө “”№1 террористке айланганы” жана ага ачылган кылмыш иши Савченкого жакшы маалымат кампаниясы болуп берет. "Эгер мурдагы аскерий учкуч түрмөдө отуруп, президенттикке ат салышууну чечсе, электораттын кайсы бир бөлүгүн өзүнө буруп, Порошенкого каршы “техникалык атаандаш” болуп берет" - деп кошумчалайт Руденко.

Надежда Савченко 2014-жылы Орусиянын абагында жатканда "Батькивщина" партиясынын тизмесинин башында туруп, Жогорку Радага депутат болгон. Бул партиянын лидери, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко украин телеканалдарынын бирине «Савченко орустардын түрмөсүнөн чыгып келгенден кийин аны мажбурласак дагы психологиялык реабилитациядан өткөрүү зарыл эле» деп айтты.

Эгер 37 жаштагы Савченконун “мамлекеттик төңкөрүш жана терроризм» деген оор беренелер боюнча күнөөсү далилденсе, 15 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Соңку үч жылда украин баш прокурорунун талабы менен Жогорку Раданын жети депутатынын кол тийбестиги алынып, кылмыш иштери ачылган. Бирок ушуга чейин алардын бири дагы сотко жете элек. Андыктан украин эксперттери Савченконун иши дагы аягына чыкпай калышы мүмкүн экенин четке кагышпайт.

Европа Лондонду колдоп, Москвага чара көрөт

Мурдагы орус тыңчысынын ууландырылышы боюнча Евробиримдик Британияга тилектештик билдирип, Орусияга каршы чара көрүүнү макулдашты.

Бейшембде өткөн Брюсселдеги саммитте Еврошаркеттин лидерлери Солсберидеги кол салуу үчүн жоопкерчилик Орусияга жүктөлөт деген Британия өкмөтүнүн позициясын колдошту.

The Times гезити жыйырмадай Европа өлкөлөрү Германия, Франция, Голландия, Польша, Ирландия, Голландия, Эстония, Латвия, Литва, Болгария, Чехия, Дания жана башка дагы 10дой мамлекет өз аймагында жайгашкан Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү кызматкерлерди чыгарып, "Москванын тыңчылык желесин алсыздандырууну чечкенин" 24-мартта чыккан санына жазды. Басылма ошондой эле мындай акция дагы уланарын маалымдайт.

Ага чейин америкалык CNN телеканалы өз булагына таянып, президент Трамп дагы орусиялык дипломаттарды чыгарышы мүмкүн деп, бирок качан жана канча кишини экенин айткан эмес.

Брюсселдеги саммитте лидерлер Евробиримдиктин Москвадагы элчиси, немис дипломаты Маркус Эдерерди кеңешүү үчүн чакыртууну чечишти.

Германиянын канцлери Ангела Меркел "Бизде узак талкуу болуп, орток мунасага келдик. Бардык илинчектер бул кол салууга Орусия катышкан дегенди күбөлөп жатат" - деп, шаркет Москвага каршы башка да жаза чараларын карап жатканын саммитте билдирди.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Германиянын канцлери Ангела Меркел. Белгия, 22-март, 2018-жыл
Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Германиянын канцлери Ангела Меркел. Белгия, 22-март, 2018-жыл

"Биз окуялардын өнүгүшүн карап турабыз. Британия өз маалыматтарын Химиялык куралга тыюу салуу уюмуна берди. Алардын чечимин да күтөбүз", - деди немис өкмөт башчы.

Тереза Мэй "Орусиядан келген коркунучка каршы чогуу күрөшүү үчүн Европа Биримдиги жана НАТО менен бирге ийгиликке жетебиз” деп ишенет.

"Чынында эле Солсберидеги окуя - Орусиянын Европага, анын Батыш Балкандан Жакынкы Чыгышка чейинки жакын коңшуларына каршы агрессиясынын бир бөлүгү" - деп британ премьери саммитте союздаштарына кайрылды.​

"Еврошаркеттеги Орусияга жан тарткан өлкөлөр Москва менен жылуу мамиле түзүүнү колдойт. Словакиянын жаңы өкмөт башчысы Питер Пеллегрини Москва менен “конструктивдүү диалог” түзүүнү сунуш кылды.

Ууланууга чын эле Орусия жоопкер экенинен күмөн санаган Грециянын өкмөт башчысы Алексис Ципрас башка өлкөнү айыптоодо өтө этият болууга үндөп, иликтөө жүргүзүү керек деди.

Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер ​"Өз баалуулуктарыбыздан, принциптерибизден баш тартпай, Европадагы коңшуларыбыз менен түз сүйлөшүү керек", - деп Москва менен байланышты сактоонун маанисин белгиледи.

Британия буга чейин 23 орусиялык дипломатты бир апта ичинде чыгарып, Орусия менен жогорку деңгээлдеги кызматташтыкты токтоткон.

Москва өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, Лондонго жооп катары 23 британ дипломаты чыгарыларын жарыялаган.

Орусиянын Британиядагы элчиси Александр Яковенко 22-мартта Лондондогу басма сөз жыйынында ​британ бийлиги "кандайдыр бир далилдери жок эле Орусияны үч адамды ууландырды деп күнөөлөп, кызматташуудан баш тартып жатат" - деп күнөөнү британдарга оодарган.

Ал арада Англиянын Солсбери шаарынын соту ооруканада эс-учун билбей жаткан Сергей Скрипалдын, кызы Юлиянын канынан анализ алууга жана медициналык картасы менен таанышууга макулдук берди. Химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюм да 21-мартта анализдерди иликтөөгө киришти.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG