Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Британия “Орусия коркунучун” эске салды


Франциянын, Британиянын жана Германиянын башчылары Брюсселдеги саммитте. 22-март, 2018-жыл.
Франциянын, Британиянын жана Германиянын башчылары Брюсселдеги саммитте. 22-март, 2018-жыл.

Брюсселде бүгүн Евробиримдиктин эки күндүк саммити улантылат. Британ премьер-министри Тереза Мэй анын алдында Орусиянын “чек араны сыйлабаган” коркунучтарын эскертип, Европа боюнча өнөктөштөрдү буга каршы биригүүгө чакырарын билдирди. Саммиттин алдында британ тышкы иштер министри президент Путиндин аракеттерин Гитлердикине салыштырса, Москва Борис Жонсондун сөзүн “жийиркеничтүү” деп баалады.

Британ өкмөт башчысы Тереза Мэй 22-мартта Брюсселге келген учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орусиялык мурдагы чалгынчынын анын өлкөсүндө ууландырылышын “Орусиянын Европага каршы агрессиясынын бир бөлүгү” катары сыпаттады:

- Орусия Солсберинин көчөлөрүнөн эки кишини өлтүрүүгө аракет кылып, Улуу Британияга каршы кара өзгөй жана акылсыз кол салууга барды. Мен ушул маселени кесиптештеримдин алдына коём, анткени Орусия жараткан коркунуч чек араны билбей турганы анык. Чынында эле Солсберидеги окуя - Орусиянын Европага, анын Батыш Балкандан Жакынкы Чыгышка чейинки жакын коңшуларына каршы агрессиясынын бир бөлүгү.

Британ премьери "Солсбериде өлтүрүү аракетине кабылган эки адам" деп Орусиянын мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы Юлияны айтууда.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Брюсселдеги саммитте. 22-март, 2018-жыл.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Брюсселдеги саммитте. 22-март, 2018-жыл.

Кезинде "Лондондун пайдасына иштеди" деген айып менен Орусияда соттолгон, кийин Британияга алмашуу аркылуу кеткен мурдагы чалгынчы Скрипал менен анын кызы быйыл 4-мартта ууландырылгандан бери ооруканада оор абалда жатышат.

Бул кол салууну Орусиянын бийлигинен көргөн британ өкмөтү аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган деген бүтүмгө келген:

- Менимче Путин же Орусия мамлекети алардын мекемелеринен кача тургандарга эң биринчи кезекте эскертүү берип жатат. Бул - "эгер силер биздикинен башка баалуулукту карманган өлкөнү колдосоңор, киши колдуу болуп кетишиңер мүмкүн" деген эскертүү. Менимче, бул үчүн тандалган убакыт да жакындагы шайлоо (президенттик) менен тыгыз байланышта, - деди британ тышкы иштер министри Борис Жонсон 21-март күнү парламентте сүйлөгөн учурунда.

Жонсон британ депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, Орусиянын быйыл футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты тосушун 1936-жылы Адольф Гитлер башкарган фашисттик Германиянын Олимпиаданы өткөрүшүнө салыштыруу "туп-туура" болоорун белгиледи.

Бул салыштырууну Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бейшемби күнү “жийиркеничтүү, “кемсинткен” жана “алгылыксыз” деп сыпаттаган. Орус тарап Британиянын Скрипалдын иши боюнча утур-утур айыптоосун изин суутпай четке кагууда.

- Мен баса белгилеп кетейин - британ өкмөтү расмий турумун жоромолдордун негизинде гана курду. Кандайдыр далилдери жок эле Орусияны "үч адамды ууландырды" деп күнөөлөп, кызматташуудан баш тартып жатат. Биз мындай нерсени кабыл ала албайбыз, - деди Орусиянын Британиядагы элчиси Александр Яковенко 22-мартта Лондондогу басма сөз жыйынында.

Британиянын Скрипал боюнча Орусияга койгон дооматын өткөн аптада АКШ, Германия, Франция колдогон. Ал эми 28 өлкө мүчө болгон Евробиримдиктин саммитинде эгер Москва менен алакалаш Греция жана Венгрия сындуу өлкөлөрдүн каршылыгы жеңилсе, бул боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынышы мүмкүн.

Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун эксперттери Солсбери шаарына келген учур. 21-март, 2018-жыл.
Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун эксперттери Солсбери шаарына келген учур. 21-март, 2018-жыл.

Британиядагы ууландыруу окуясынан улам Евробиримдик алдыда стратегиялык байланыштарды чыңдоочу жана киберкоргонуу, тыңчылыкка, химиялык, биологиялык жана радиологиялык коркунучтарга каршы чараларын чыңдайт деген божомол бар.

Буга чейин Британия Орусиянын тыңчысы деп эсептеген 23 орус дипломатын чыгарды. Жооп катары 23 британ дипломаты Орусиядан кетип, Британ кеңешинин өлкө аймагындагы иштери токтотуларын Москва да жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG